Редакцияот 14.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 14-октябры ПЖ № 209

Э.М.Джунусов, Т.М.Кабылбеков, А.М.Карабеков, Ж.А.Сулайманов, М.Б.Тентимишов жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары Джунусов Эркин Маткаримовичтин, Кабылбеков Таалайбек Мейманжановичтин, Карабеков Алмаз Маматбековичтин, Сулайманов Жолдошбек Атакеевичтин, Тентимишов Марлэн Бактыгуловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда өз каалоосу боюнча токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

А. Атамбаев