ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2017-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 209 «Э.М.Джунусов, Т.М.Кабылбеков, А.М.Карабеков, Ж.А.Сулайманов, М.Б.Тентимишов жөнүндө» Жарлыгы

Редакция14.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 14-октябры ПЖ № 209

Э.М.Джунусов, Т.М.Кабылбеков, А.М.Карабеков, Ж.А.Сулайманов, М.Б.Тентимишов жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары Джунусов Эркин Маткаримовичтин, Кабылбеков Таалайбек Мейманжановичтин, Карабеков Алмаз Маматбековичтин, Сулайманов Жолдошбек Атакеевичтин, Тентимишов Марлэн Бактыгуловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда өз каалоосу боюнча токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

А. Атамбаев