Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 125 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 3-октябры ПЖ № 203
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө жобонун 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- "Курманжан Датка" ордени;";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына "Ардак белгиси" төш белгиси кошо берилет, анын катар номери болот.
"Ардак белгиси" төш белгиси көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйлангандын ардак наамы бар болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин жайгашат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |