Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 26-апрели ПЖ № 82
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Мамлекеттик компьютердик тармагын эксплуатациялоо, техникалык жана технологиялык коштоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "261" деген цифралар "266" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жобонун 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Иш башкармасынын мамлекеттик ишкананын жана мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы ведомстволук уюмдары (мындан ары - ведомстволук уюмдар) бар.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |