Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 9-февралы ПЖ № 21
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин "Административдик мамлекеттик кызмат орундары" деген 4-главасында:
- 4.1-пунктунун "Президенттин Аппараты" графасындагы "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары
Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү
Президенттин Жогорку соттун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү
Бөлүм башчысы
Президенттин басма-сөз катчысы
Бөлүм башчысынын орун басары
Комиссиянын жооптуу катчысы
Сектор башчысы
Кызматтын жетекчиси";
- 4.3-пунктунун "Президенттин архиви" графасындагы "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-Б" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бөлүм башчысы".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Жээнбеков |