КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 22-ноябры № 274
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө
(КР Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы ПЖ № 4 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы ПЖ № 4 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |