Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 83 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 22-майы ПЖ № 124
Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамы менен 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилүүчү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилүүчү 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин жана жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында күчүнө кирген жана күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын иш жүзүндө колдонууга жана натыйжалуу ишке ашырууга даярдык көрүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын натыйжалуу аткарууну камсыз кылсын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен аталган Планга зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүүнү тездетсин;
2) тийиштүү министрликтерди, ошондой эле аткаруу бийлигинин башка органдарын тартуу менен:
- жаңы кодекстердин жана коштоочу мыйзамдардын жоболорун киргизүү жана колдонуу боюнча иш-чараларды биринчи кезектеги иш-чаралар катары каржыласын;
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын активдүү тартуу менен жаңы кодекстердин жана башка коштоочу мыйзамдардын жоболорун киргизүүгө жана колдонууга даярдоо боюнча, анын ичинде атайын фондду түзүү концепциясын жана жабыр тарткандарга зыяндын ордун толтуруу институтун киргизүү боюнча жол картасын иштеп чыгууну жана тийиштүү каржылоону аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду активдештирүүнү кошо алганда зарыл иш-чараларды тездетсин;
- жаңы кодекстерден жана мыйзамдардан келип чыккан ченемдик укуктук актыларды, алардын айрымдарын кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү менен артыкчылыктуу тартипте иштеп чыгууну жана кабыл алууну тездетсин;
3) Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары менен биргеликте:
- бар болгон маалыматтык системаларды жана маалыматтар базасын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган системасына 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө интеграциялоо процесстерин ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн;
- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кийин интеграциялап жана келечекте Кылмыштардын, жоруктардын жана бузуулардын бирдиктүү реестри катары иштетүү менен Бузуулардын бирдиктүү реестрин түзүүнү тездетсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жана Бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган системаларын пайдалануу жана техникалык тейлөө боюнча техникалык оператор менен бирдикте аталган системаларды программалык камсыз кылууну иштеп чыгуу жана апробациялоо боюнча кечиктирилгис иш-чараларды 2018-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө жүргүзсүн;
- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган системасы менен ишке тартылган бардык укук коргоо жана башка органдардын кызматкерлери үчүн окутуучу иш-чараларды 2018-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө өткөрсүн;
4) пробациялоо институтун ишке этап-этабы менен киргизүүгө даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин контролдоону күчөтсүн;
5) жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөп, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин жана "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын милдеттүү аткарылышын камсыз кылсын;
6) кварталына бир жолу Кыргыз Республикасынын кодекстерин жана башка мыйзамдарын ишке ашыруу (киргизүү) боюнча иш процесси тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңешке берип турсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процесстик кодексинин жоболорунан келип чыккан тергөө судьясынын процесстик фигурасын киргизүү боюнча, анын ичинде жергиликтүү соттордун штаттык расписаниесине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен зарыл болгон уюштуруу-тескөөчү иш-чараларды жүргүзсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарын жана сын-пикирлерин, мамлекеттик органдардан келип түшкөн корутундуларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын соттук системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик максаттуу программасынын долбоорунун жоболорун жеткире иштеп чыксын, андан кийин белгиленген тартипте андан ары кароо үчүн программанын жеткире иштелип чыккан долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жакынкы жылдарга Кыргыз Республикасынын соттук системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик максаттуу программасын иштеп чыгууну жана кабыл алууну тездетүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жаңы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 1 жылдык мөөнөткө убактылуу мораторий киргизүүнүн маселесин кароо сунуш кылынсын, буга жогоруда аталган ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жана соттук чечимдерди аткаруу боюнча өндүрүштүн жоболорун тактоо жана "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу максатында мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу кирбейт.
5. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстерин жана башка мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча даярдыктын жүрүшүн маалыматтык жактан коштоону камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы сот адилеттигин жүргүзүүдө кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу тобун түзсүн.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |