Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 31-марты ПЖ № 83
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 105, 2022-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 196 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин жана укук коргоо системасынын натыйжалуулугу жарандык коомдо нааразычылык жаратууда. 1994-2017-жылдардагы соттук реформаны ишке ашырууда жакшы жылыштар болгонуна карабастан, жүргүзүлгөн реформалар жалпысынан жарандардын мамлекеттин сот жана укук коргоо системаларына болгон терс көз карашын өзгөрткөн жок.
Жарандар, ишкердик субъекттери соттук иштердин ар кандай категорияларын кароо создуктурулуп жаткандыгына, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдардын бузулуп жатканына даттанууда, ушунун айынан аларда айрым судьяларга ишенбөө калыптанды.
Сот жана укук коргоо системаларында реформаларды ийгиликтүү жүргүзүү үчүн негиз болуп, анын ичинде, ченемдик укуктук базанын сапаттуу деңгээлде болушу эсептелет. Ошол эле учурда соңку жылдарда кабыл алынган бир катар кодекстердин жана мыйзамдардын сапаты сот бийлиги, укук коргоо органдары, адвокатура, эксперттик коомчулук жана жарандар тарабынан олуттуу сынга кабылганын белгилөө зарыл.
Аталган мыйзам актыларындагы кемчиликтердин айынан укук колдонуу практикасында, анын ичинде соттордун ишинде кыйынчылыктар пайда болуп, бардык деңгээлдеги сотторго кайрылуулардын саны көбөйүп, жарандардын укуктары жана юридикалык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулуп жатат.
Бар болгон проблемалар жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, ишкердик субъекттеринин мыйзамдуу кызыкчылыктарын соттук коргоонун иштиктүү механизмин түзүү жолу менен гана чечилиши мүмкүн деген түшүнүк азыркы учурда коомдо бар, бул үчүн соттук реформаны ишке ашырууну улантуу абдан зарыл.
Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40, 60 жана 65-беренелерин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин (2-тиркеме), ага ылайык Кеңеште сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо, тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка чараларды иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтор иштейт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси:
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин, “Пробация женүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө”, “Медиация жөнүндө”, “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонулушуна талдоо жүргүзүү жана Кеңеш үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топту бир жумалык мөөнөттө түзсүн;
Кеңештин ишинин багыттары боюнча башка эксперттик жумушчу топторду бир айлык мөөнөттө түзсүн.
4. Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, анын ичинде аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдасын жана кароого киргизсин.
5. Кеңештин жана эксперттик жумушчу топтордун ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө, ал эми материалдык-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2022-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 196 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү актылары күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы № 124 “Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 257 буйругу.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө алам.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | С. Н. Жапаров
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 105 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кеңештин Төрагасы:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
Кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
- "Адилет" укуктук клиникасынын директору (макулдашуу боюнча).