Загрузка документа…
КР Президентинин 2018-жылдын 22-мартындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 13-ноябры ПЖ № 255
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан Ч.А.Турсунбеков, С.Ш.Жээнбеков, О.Т.Бабанов, О.М.Панкратов, Т.К.Джумакадыров, Т.С.Абдыгулов, А.О.Кожошев, Руслан Акматбек чыгарылсын;
- курамга Джумабеков Дастанбек Артисбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Усенов Алмазбек Туратбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси; Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; Курманалиев Алмазбек Абдиназарович - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; Кулматов Кубанычбек Кенешевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын экономика министри; Ахметова Нурсулу Меирбековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Улуттук кеңештин катчысы болуп киргизилсин;
- "Исаков Сапар Джумакадырович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси" деген позициядагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |