Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 22-марты ПЖ № 62
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 20-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 14-мартындагы № 50 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кенештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 255 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин КУРАМЫ
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы; |
Джумабеков Дастанбек Артисбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Исаков Сапар Джумакадырович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; |
Токбаева Айнаш Абдымановна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Өмүркулов Иса Шейшенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Казакбаев Руслан Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Төрөбаев Бакыт Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Сулайманов Алтынбек Турдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир бол" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси; |
Сагынбаев Дамир Казакович | - | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; |
Джолдубаева Индира Ырысбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы; |
Марипов Улукбек Асамидинович | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы; |
Новиков Артем Эдуардович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы; |
Дикамбаев Азамат Шамильевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; |
Борцова Светлана Валерьевна | - | "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору, экология боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Усупбекова Айнура Максатбековна | - | "Жарандык Платформа" коомдук фондусунун директору (макулдашуу боюнча); |
Юлдашева Азиза Узгеновна | - | "Жер Азыгы" Кыргызстандын агробизнесмендеринин ассоциациясынын (КАА) аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Койчуманов Таалайбек Джумашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы (макулдашуу боюнча); |
Кыдырбаев Улук | - | Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (макулдашуу боюнча). |