Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 17-майындагы ПЖ № 186 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 30-марты ПЖ № 64
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын штаттык санынын чеги 266 бирдик;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чеги 1585,5 бирдик.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жободо:
19-пунктта:
3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Иш башкармасы жөнүндө жобону, Иш башкармасынын жана анын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чегин Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө берет;";
12-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) ведомстволук уюмдардын, анын ичинде ведомстволук мекемелердин алар үчүн белгиленген штаттык сандын чегинде уставдарын, жоболорун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитет;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Жээнбеков |