Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июну № 350
"2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Ата мекендик спортту андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын № 4 тиркемесинин 7-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |