Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 13-июну ПЖ № 140
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамында:
курамдан Абылгазиев М.Д., Абдыкадырова Ж.Д., Ахметов У.Т. чыгарылсын;
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси болуп; Эркимбаев Данияр Жантаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы; Абдылдаева Айнур Нуралиевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |