Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 28-июну ПЖ № 145
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү аскердик кызмат орундарын тартипке келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин I бөлүмүнүн "Атайын мамлекеттик кызмат орундары" деген 2-главасынын тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы, Кургактагы аскерлеринин командачысы, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачысы".
2. Бул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети үчүн тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |