Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 19-июлу ПЖ № 152
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан С.Дж.Исаков, Р.А.Казакбаев, И.Ы.Джолдубаева, А.Э.Новиков чыгарылсын;
- курамга Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Турускулов Жыргалбек Куручбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча), Джамшитов Өткүрбек Асилбекович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын экономика министри; Добрецова Надежда Николаевна - Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |