Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 26-декабры ПЖ № 268
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Президентинин 2014-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 35, 2014-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 95 , 2014-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 182, 2016-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 139, 2017-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 50, 13 ноября 2017 года УП № 255, 22 марта 2018 года УП № 62, 2018-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 152, 2018-жылдын 7-августундагы ПЖ № 165 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин (мындан ары - Кеңеш) мүчөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын лидерлери тарабынан колдоого алынган Кеңештин иш жүргүзүү чөйрөсүн кеңейтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сунушун жана экономикалык өнүктүрүү артыкчылыктарын гана эмес, ошондой эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн башка бардык маселелерин чечүүнү өзүнө камтыган Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга комплекстүү мамиленин зарылдыгын көңүлгө алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешти Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке өзгөртүп кайра атоо жөнүндө сунуш кабыл алынсын жана анын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "экономикалык туруктуу өнүктүрүү" деген сөздөр "туруктуу өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жана" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө Жободо:
2-пункттун бешинчи абзацынан тышкары, аталышында жана бүткүл тексти боюнча "экономикалык", "экономикасын", "экономикалык жактан" деген сөздөр алынып салынсын;
4-пунктта:
"жана эл аралык" деген сөздөр алынып салынсын;
төмөндөгүдөй сүйлөм менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашуу боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү байкоочу катары Улуттук кеңештин жыйналыштарына катыша алат.";
6-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын; "Улуттук кеңештин төрагасы же ал ыйгарым укук берген адам Улуттук кеңештин жыйналышын алып барат.";
11-пункт "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
|
| Тиркеме |
(КР Президентинин 2018-жылдын 22-мартындагы ПЖ № 62, 2018-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 152, 2018-жылдын 7-августундагы ПЖ № 165 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы; |
Джумабеков Дастанбек Артисбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; |
Токбаева Айнаш Абдымановна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Өмүркулов Иса Шейшенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Турускулов Жыргалбек Куручбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Төрөбаев Бакыт Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Сулайманов Алтынбек Турдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир бол" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин "Ата Мекен" фракциясынын лидери киргизилсин (макулдашуу боюнча) |
Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси; |
Сагынбаев Дамир Казакович | - | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; |
Джамшитов Өткүрбек Асилбекович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы; |
Марипов Улукбек Асамидинович | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы; |
Дикамбаев Азамат Шамильевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; |
Борцова Светлана Валерьевна | - | "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору, экология боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Усупбекова Айнура Максатбековна | - | "Жарандык Платформа" коомдук фондусунун директору (макулдашуу боюнча); |
Юлдашева Азиза Узгеновна | - | "Жер Азыгы" Кыргызстандын агробизнесмендеринин ассоциациясынын (КАА) аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Койчуманов Таалайбек Джумашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы (макулдашуу боюнча); |
Кыдырбаев Улук | - | Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (макулдашуу боюнча). |