Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 11-сентябры ПЖ № 184
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамында:
курамдан Абдылдаева А.Н., Бакетаев А.К., Кененбаев А.М. чыгарылсын;
Есеналиев Максатбек Кульчороевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары (макулдашуу боюнча); Баяманова Зуура Эдуардовна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча) киргизилсин;
биринчи абзацтагы "Жетекчисинин биринчи орун басары" деген сөздөр "Жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |