Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 21-сентябры ПЖ № 188
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин ишин мындан ары өркүндөтүү, өнүгүү тобокелдиктерине жана чакырыктарына оперативдүү чара көрүү, ошондой эле жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга тартуу, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн ар кандай багыттары боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө жободо:
3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Улуттук кеңештин кароосуна сунушталуучу Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин, долбоорлорду жана башка маселелерди кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимине ылайык жумушчу комитеттерди түзүүгө;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |