Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 251 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы ПЖ N 268, 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 157, 2018-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ № 188 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш) консультациялык-кеңешүүчү, координациялык орган болуп саналат. Улуттук кеңешти түзүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди кабыл алууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, бул багытта мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күч-аракеттерин координациялоодо болуп саналат.
2. Улуттук кеңештин милдеттери, функциялары жана укуктары
2. Улуттук кеңештин негизги милдети Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн маселелерине тиешелүү стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруу боюнча консолидацияланган сунуштарды иштеп чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуу, ошондой эле аларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү болуп саналат.
Коюлган максаттарды жана милдеттерди чечүү үчүн Улуттук кеңешке чараларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда төмөнкүдөй функциялар берилет:
- өнөктөштүктүн жана жигердүү катышуунун негизинде өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик бийлик бутактарын, коомдук жана эл аралык уюмдарды координациялоо жана баш коштуруу боюнча;
- коомго отчет бере турган экономиканы мамлекеттик башкаруу системасын түзүүнү кечеңдетүүчү себептерди четтетүү боюнча;
- экономикалык саясатты иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын иштерине коомчулуктун ролун күчөтүү боюнча;
- өлкөнү өнүктүрүүгө тиешелүү узак мөөнөттүү концепциялар, стратегиялар жана башка документтер жана аларды ишке ашыруу жолдору боюнча.
3. Улуттук кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өлкөнү өнүктүрүүгө тиешелүү узак мөөнөттүү концепцияларды, стратегияларды жана башка документтерди жана аларды ишке ашыруу жолдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароого жана бекитүүгө сунуш кылууга;
- өзүнүн жыйналыштарында мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин угууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, коомдук, эксперттик-талдоо, илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- Улуттук кеңештин кароосуна сунушталуучу Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин, долбоорлорду жана башка маселелерди кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимине ылайык жумушчу комитеттерди түзүүгө;
- Улуттук кеңештин кароосуна сунушталган маселелер боюнча сунуштарды даярдоо үчүн жумушчу топторун түзүүгө;
- тиешелүү рекомендацияларды жана сунуштарды кабыл алууга жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга киргизүүгө.
(КР Президентинин 2018-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ № 188 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Улуттук кеңештин курамы жана анын ишин уюштуруу
4. Улуттук кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет. Өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Улуттук кеңештин катчысынын сунушу боюнча бир жылдык мөөнөткө Улуттук кеңештин курамына киргизилет. Улуттук кеңешке талапкерлер боюнча сунуштар коомдук уюмдар менен консультациялардын жыйынтыгы боюнча Улуттук кеңештин катчысы тарабынан киргизилет. Коомдук жана эл аралык уюмдардан Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн баштапкы тизмеси Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты тарабынан сунуш кылынат. Кыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашуу боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү байкоочу катары Улуттук кеңештин жыйналыштарына катыша алат.
(КР Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы ПЖ N 268 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Улуттук кеңештин иштерин маалыматтык-талдоо жагынан колдоону Улуттук кеңештин катчылыгы (мындан ары - катчылык) ишке ашырат. Катчылыктын функциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө (мындан ары - бөлүм) жүктөлөт, ал эми бөлүм башчысы Улуттук кеңештин катчысы болуп саналат.
6. Улуттук кеңештин жыйналышы зарылдыгына жараша, бирок жылына кеминде эки жолу өткөрүлөт. Улуттук кеңештин төрагасы же ал ыйгарым укук берген адам Улуттук кеңештин жыйналышын алып барат. Улуттук кеңештин төрагасынын чечими боюнча кезексиз жыйналыш өткөрүлүшү мүмкүн.
(КР Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы ПЖ N 268, 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 157 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
7. Улуттук кеңештин жыйналышы ага анын курамынын үчтөн экисинен көбү катышканда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
8. Улуттук кеңештин мүчөлөрү анын иш процессинде жана чечимдерди кабыл алууда бирдей укуктарга ээ болушат. Улуттук кеңештин мүчөсү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка кызмат адамдарына берүүсүнө жол берилбейт.
9. Каралып жаткан маселелер боюнча Улуттук кеңештин чечими курамдын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол түрүндө катталат.
10. Улуттук кеңештин ишмердигин уюштуруу жана техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты ишке ашырат.
11. Катчылыктын ишмердигин каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы ПЖ N 268 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Улуттук кеңештин катчысынын функциялары жана ыйгарым укуктары
12. Улуттук кеңештин катчысы белгиленген тартипте:
- Улуттук кеңештин Төрагасынын бекитүүсү үчүн Улуттук кеңештин жыйналыштарына күн тартибин жана маселелерди кароо тартибин түзөт;
- Улуттук кеңештин иши үчүн зарыл маалыматтарды мамлекеттик органдардан сурап алууга укуктуу;
- Улуттук кеңештин ишин, катчылыктын ишин уюштурууга, Улуттук кеңештин жыйналыштарынын материалдарынын даярдоо жана протоколун жүргүзүү үчүн жооп берет;
- Улуттук кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын кароого мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
- катчылыктын эксперттер тобун жетектейт жана зарыл учурда Улуттук кеңештин жыйналышына документтерди даярдоо үчүн гранттык каражаттарды тартат.
13. Улуттук кеңештин катчысынын өзүнүн энчилүү бланкы болот.