Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июну № 362
"Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Монополиялык ишти жана ак ниет эмес атаандаштыкты алдын алуу, чектөө жана бөгөт коюу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнак иши боюнча монополиянын табигый жана уруксат берилген субъекттеринин иш чөйрөлөрүндө мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жободо:
1.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик,";
3.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "т" пунктчасы менен толукталсын:
"т) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:
- Монополиянын табигый жана уруксат берилген субъекттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча монополиянын табигый жана уруксат берилген субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилген чарбакер субъекттер жөнүндө маалымат берет.";
- аталган токтом менен бекитилген Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибинде:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
┌──┬────────────────┬───────────────────┬───────────────┬─────────────┐
│ │ │Кыргыз │Чарбакер │Иштеп жаткан │
│ │ │Республикасынын │субъекттердин │чарбакер │
│ │ │Өкмөтүнө караштуу │иштеринин │субъекттердин│
│ │ │Монополияга каршы │көрсөткүчтөрү │маалыматтар │
│ │ │саясат жана │жөнүндө │базасынан │
│ │ │атаандаштыкты │маалыматтар │маалыматтар │
│ │ │өнүктүрүү боюнча │(өндүрүү, │ │
│ │ │мамлекеттик │сатуу, кызмат │ │
│ │ │агенттик │көрсөтүү │ │
│ │ │ │көлөмү) │ │
└──┴────────────────┴───────────────────┴───────────────┴─────────────┘
";
төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"
┌──┬────────────────┬───────────────────┬───────────────┬─────────────┐
│18│Кыргыз │Кыргыз │Мамлекеттик │Жыл сайын │
│ │Республикасынын │Республикасынын │реестрлер │жана │
│ │Өкмөтүнө │Улуттук │ │өзгөртүүлөр │
│ │караштуу │статистика │ │жана │
│ │Монополияга │комитети │ │толуктоолор │
│ │каршы саясат │ │ │киргизилгени-│
│ │жана │ │ │не жараша │
│ │атаандаштыкты │ │ │ │
│ │өнүктүрүү боюнча│ │ │ │
│ │мамлекеттик │ │ │ │
│ │агенттик │ │ │ │
└──┴────────────────┴───────────────────┴───────────────┴─────────────┘
".
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |