Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 362, 2009-жылдын 29-июлундагы № 482, 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун (мындан ары - СББМК) мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө бул Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен төмөнкү мекемелердин ортосундагы кыйла толук жана так маалыматтык өз ара аракетин камсыздоо максатында жалпы тартипти аныктайт:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
(мындан ары - мамлекеттик органдар).
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 362, 2009-жылдын 29-июлундагы № 482 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.2. Мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттин мыйзамдык базасын юридикалык жана жеке жактардын каттоосун жана ишмердигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары, ошондой эле алардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби түзөт.
2. СББМКнын ведомстволук-реестрлер менен өз ара аракетинин максаттары, милдеттери жана негизги принциптери
2.1. СББМКнын ведомстволук реестрлер менен өз ара аракетинин негизги максаты болуп СББМКны жана ведомстволук реестрлерди азыркы учурдагы иштин нагыз абалын чагылдыруучу абалда кармап туруу эсептелет.
2.2. Өз ара аракеттин негизги милдеттери Кыргыз Республикасынын аймагында өз аракетин жүргүзгөн субъекттерди толук жана туура эсепке алуу, ошондой эле принциптердин бирдейлигинин негизинде бардык маалыматтык фонддордун жана ресурстардын, аларды жүргүзүү методдорунун жана формаларынын маалыматтык сыйышуучулугун камсыздоо болуп саналат.
2.3. СББМКнын ведомстволук реестрлер менен маалыматтык өз ара аракетинин негизин Техника-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоо жана коддоштуруунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТЭСМ ККБС), ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык коду (мындан ары - ИУЖК) жана идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) түзөт.
2.4. Маалыматтык өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик органдар төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу принциптерди жетекчиликке алышат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишмердикти ишке ашырган субъектилерди эсепке алуунун толуктугу;
- маалыматтын мезгилдүүлүгү;
- берилүүчү маалыматтын өз учурундалыгы;
- маалыматтын тактыгы жана аныктыгы;
- маалыматтын купуялуулугун сактоо.
3. СББМКнын ведомстволук реестрлер менен өз ара аракетинин процессинде мамлекеттик органдардын милдеттери
3.1. Мамлекеттик органдар чарбакер субъекттердин иш-аракетин жөнгө салууда жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырышат:
а) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети:
- ТЭСМ ККБСти өнүктүрүү, Классификаторлордун мамлекеттик автоматташтырылган банкын (мындан ары - КМАБ) түзүү жана жүргүзүү боюнча ишти координациялайт;
- субъекттерди статистикалык бирдиктер катары эсепке алууну ишке ашырат, аларга жалпы ИУЖКны жана мамлекеттик классификаторлордун коддорун ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, СББМКнын курамындагы субъекттердин (юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана жеке жактардын) статистикалык эсебин жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга СББМКдан субъекттер жөнүндө жашыруун маалыматтан тышкары керектүү маалыматты берет;
б) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- юридикалык жактардын мамлекеттик каттоосун (кайра каттоосун) жана ишмердигин токтотуу жөнүндө каттоону ишке ашырат;
- юридикалык жактардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүн жана алардын ишмердигин токтотууну эсепке алуучу каттоону (кайра каттоону) ишке ашырат;
- жеке нотариалдык ишмердик укугуна лицензия берет;
- юридикалык практикага (адвокаттык ишмердик жүргүзүү укугу) лицензия берет;
- бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн бирдиктүү маалыматтык банкын түзөт;
- мамлекеттик жана жеке нотариалдык конторалардын жана жеке нотариустардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде катталган, кайра катталган жана ез ишмердигин токтоткон юридикалык жактар, ошондой эле кызыгдар мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча зарыл маалыматтарды берет.
в) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн юридикалык жактарга жана жеке адамдарга медицина тармагында (менчик медициналык практикасын кошкондо) кызмат көрсөтүүгө лицензия берет;
- менчик медициналык практикада иш алып барган мамлекеттик уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга менчигинин түрүнө карабастан медициналык кызмат көрсөткөн уюмдар жөнүндө маалымат берет;
г) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн эсебин алат;
- ИУЖКнын кодун берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана аларга теңдештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн тизмесин берет;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга маалымат берет;
д) Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:
- маданият мекемелеринин эсебин алат;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга маданият мекемелери жөнүндө маалымат берет;
е) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн юридикалык жана жеке жактарга билим берүү тармагында кызмат көрсөтүүгө лицензия берет;
- билим берүү жана илим мекемелеринин эсебин алат;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга билим берүү жана илим мекемелери жөнүндө маалымат берет;
ж) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги:
- менчигинин түрүнө карабастан үрөнчүлүк чарбаларынын, асыл-тукум чарбаларынын эсебин алат;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга үрөнчүлүк, асын тукум чарбалары, мамлекеттик жана коллективдүү чарбалар жөнүндө маалымат берет;
з) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- Республикалык протез-ортопед буюмдарын жасоочу ишкананын, анын тутумуна кирген социалдык мекемелердин маалыматтык базасын жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга протез-ортопед буюмдарын жасоочу ишканалар, анын тутумуна кирген социалдык мекемелер жөнүндө маалымат берет;
и) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- белгилүү мөөнөткө менчиктештирүү программасындагы объекттерге киргизүү үчүн пайдаланылуучу Мамлекеттик менчиктин реестрине маалыматтык талдоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкрот болуу процессинин чегинде менчиктештирилген жана жоюлган же кайра түзүлгөн ишканалардын эсебин алат;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга банкрот болуу процессинин чегинде менчиктештирилген жана жоюлган же кайра түзүлгөн ишканалар жөнүндө маалымат берет;
к) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:
- тышкы сооданын бажы статистикасын (жүк ташууга бажы декларацияларынын маалыматтык базасын) жүргүзөт;
- экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүчү ишканалардын реестрин жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга жүк ташууга бажы декларацияларынын маалыматтык базасынан маалымат берет;
л) Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактардын салык төлөөчүлөрүнүн (Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин), юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн, жеке ишкердик жүргүзүшкөн, анын ичинде патенттик негизде иш алып барган жеке адамдардын эсебин алат;
- юридикалык жактарга, юридикалык жактардын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө (Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери) идентификациялык салык номерин (ИСН) ыйгарат;
- салык төлөөчүлөрдүн реестринин маалыматтык базасын жана жылдык бухгалтердик балансты беришкен субъектилердин реестрин ИУЖК менен жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга пайда жөнүндө жыл сайын декларация берген субъекттер жөнүндө маалымат берет;
м) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик:
- курорттук-рекреациялык мекемелер жөнүндө маалыматтык базасын жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга курорттук-рекреациялык мекемелер жөнүндө маалымат берет;
н) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик:
- баштапкы кесиптик билим берүү системасынын окуу жайлары жөнүндө маалыматтык базаны жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга баштапкы кесиптик билим берүү системасынын окуу жайлары жөнүндө маалымат берет;
о) Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги:
- электр жана почта байланышы тармагында лицензия алган юридикалык жана жеке жактардын реестрин жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга электр жана почта байланышы тармагында лицензия алган юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалымат берет;
п) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдүн (юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, жеке ишкердик жүргүзүшкөн жеке адамдар) эсебин алат;
- жеке адамдарга жекече идентификациялоо номерин берет;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн адамдардын реестрин жүргүзөт;
- ушул Жобого жана ИУЖКнын негизиндеги эки тараптуу техникалык макулдашууга ылайык кызыгдар мамлекеттик органдарга ведомстволук реестрден маалымат берет;
р) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишмердигин жөнгө салган банктарды каттоо, кайра каттоо жана ыктыярдуу жоюуга макулдугу жөнүндө банктарга лицензия берүүгө алдын ала уруксат берет;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишмердигин лицензиялоочу башка финансылык-кредиттик мекемелерди каттоо, кайра каттоо жана жоюу мүмкүнчүлүгү жөнүндө уруксат (алдын ала макулдук) берет;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын алган банктык жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин ишмердигин жөнгө салууну ишке ашырат;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга ведомстволук реестрден маалымат берет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензияланган (жөнгө салынган), алардын иш-аракетинин өзгөчөлүктөрүнө байланышкан банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди каттоонун (кайра каттоонун) өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган атайын ченемдик-укуктук актыларда аныкталат;
с) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы:
- эмитенттердин баалуу кагаздарын чыгарууну каттоодон жана кайра каттоодон өткөрөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздарды чыгарууда берилген каттоо номерлерин жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Баалуу кагаздарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- баалуу кагаздар боюнча ишмердикти жүргүзүү укугуна лицензия алган юридикалык жана жеке жактардын реестрин жүргүзөт;
- камсыздандыруу, оюн-зоок ишмердигин жүргүзүүгө лицензия жана лотерея ишмердигин жүргүзүүгө күбөлүк берет;
- камсыздандыруучу компаниялардын, оюн-зоок, лотерея ишмердигин жүргүзүүчү субъектилердин ведомстволук реестрин жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдарга ведомстволук реестрден оюн-зоок, лотерея ишмердигин ишке ашыруучу баалуу кагаздар боюнча ишмердик жүргүзүү укугуна лицензия алган камсыздандыруу компаниялары, юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалымат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестринен аудитордук ишмердик жүргүзүүгө лицензиясы бар аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор жөнүндө маалымат берет;
т) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:
- Монополиянын табигый жана уруксат берилген субъекттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ушул Жобого ылайык жана ИУЖКнын негизинде кызыгдар мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча монополиянын табигый жана уруксат берилген субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилген чарбакер субъекттер жөнүндө маалымат берет.
у) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:
- шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү контролдоого алынуучу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты чогултууну, иштеп чыгууну, талдоону жана сактоону жүзөгө ашырат;
- террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу анык маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмесин түзөт жана жарыялайт;
- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларды түзүү жана (же) жүргүзүү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылган маалыматтар базасынан (реестринен) пайдалануу укугуна ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 362, 2009-жылдын 29-июлундагы № 482 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Статистикалык бирдиктерди бирдиктүү мамлекеттик каттоонун (СББМК) ведомстволук реестрлер менен өз ара аракетинин шарттары
4.1. Мамлекеттик органдардын өз ара аракети төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- кайра түзүлгөн юридикалык жактарды, алардын филиалдарын, өкүлчүлүктөрдү жана жеке ишкерлерди СББМКга жана ведомстволук реестрлерге каттоодо жана киргизүүдө;
- юридикалык жактарды, алардын филиалдарын, өкүлчүлүктөрдү жана жеке ишкерлерди кайра каттоодо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик органдарга берилген укуктардын чегинде субъекттердин иш-аракетин контролдоону жүргүзүүдө;
- юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү, ошондой эле жеке ишкерлер өздөрүнүн иш-аракетин токтоткондо.
4.2. Ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүдө берилген маалымат сөзсүз түрдө СББМКга жана ведомстволук реестрге киргизилген субъектти бир түргө келтирүүчү жана анын экономикалык активдүүлүгүн мүнөздөгөн төмөнкүдөй маалымат болушу керек:
- ИУЖК;
- аталышы;
- юридикалык дареги;
- МКЮЛден алынган маалыматтан тышкары ведомстволук реестрден накта дареги (жайгашкан жери);
- жетекчинин аты-жөнү;
- экономикалык активдүүлүк абалы (иштейт, убактылуу (кайсы мөөнөткө) өз иш-аракетин токтоткон, жоюлуу стадиясында турат).
4.3. Берилген маалыматтын негизинде тиешелүү маалыматтар базасына тиешелүү өзгөрүүлөрдү киргизүү менен СББМКны жана ведомстволук реестрлерди актуалдаштыруу жүргүзүлөт.
4.4. Мамлекеттик органдар ортосундагы маалымат алмашуунун мазмуну жана мөөнөттөрү кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда Маалымат алмашуу тартибине ылайык аныкталат.
4.5. Ведомстволор аралык маалымат алмашуу көбүнчө электрондук байланыш каналдары боюнча ишке ашырылат. Автоматташтырылган эсеп болбогон учурда маалымат кагазга түшүрүлгөн түрдө берилет.
4.6. Ведомстволор аралык маалымат системасына кирбеген мамлекеттик органдар жана мекемелер да өз ара аракеттенүү процессине катыша алышат.