Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-августундагы № 413
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-июну № 372
«Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы №472 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 372 буйругу
Гендердик теңдештикке жетишүү боюнча институттук механизмди өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомунун № 2 тиркемесине төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
«
Гендердик саясат боюнча сектор | 2 |
»;
- «Бардыгы» деген позицияда «62» деген цифралар «64 деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу чыгымдарды каржыласын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |