Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-июну № 375
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С. Исабеков демилге кылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И. Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-июнундагы № 375 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С. Исабеков демилге кылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Азыркы мезгилде табигый ресурстарды жана кендерди пайдаланууда жалпы улуттук экономикалык кызыкчылыктарды жергиликтүү калктын кызыкчылыктары менен оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 25-февралындагы № 85 «Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө» Жарлыгы чыгарылган, ага ылайык кен казуучу компаниялар мыйзамдарда каралган салыктар жергиликтүү бюджеттерге түшүүсү үчүн өзү иштеген райондо каттоодон өтүүгө тийиш.
Ошондой болсо да ушул Мыйзам долбоорунда сунуш кылынган салыктарды кайрадан бөлүштүрүү республиканын жалпы калкы үчүн салыкты бөлүштүрүүнүн адилеттүүлүк принцибин төмөнкүдөй себептер боюнча бузат:
1. Пайдалуу кендер жана башка табигый ресурстар мамлекеттик менчик болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын жалпы эли үчүн пайдаланылат. Кендерди пайдалануу системасында пайдалуу кендерди, өзгөчө ири, жалпы республикалык маанидеги кендерди чалгындоого жана казууга республикалык бюджеттин каражаттары, б.а. салык төлөөчүлөр катары республиканын бардык калкынын каражаттары инвестицияланган.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалуу кендер жана башка табигый ресурстар текши жайгашкан эмес жана аларды пайдалануудан түшкөн салыктар республиканын бардык калкынын жашоосун камсыз кылуу үчүн бөлүштүрүлөт. Ошондуктан алар Кыргыз Республикасынын өзүнчө административдик-аймактык бирдигинин экономикалык объекти катары каралбайт.
3. Жаратылышты пайдалануу үчүн төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 21-июлундагы № 239 «Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн жергиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө» Жарлыгына ылайык түзүлгөн жаратылышты коргоонун республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүүнүн бир булагы болуп эсептелет.
Табигый ресурстарды жана кендерди пайдаланган конкреттүү ишкананын ишинин айынан бузулган экологиялык тең салмактуулукту калыбына келтирүү чектеш жаткан облустарды, райондорду же айылдарды да камтышы мүмкүн, демек, ушул каражаттарды ар кандай фонддорго ысыраптоо максатка ылайыксыз. Ошондуктан табигый ресурстарды жана кендерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жаратылышты коргоонун бирдиктүү фондуна төлөнүүгө жана арналышы боюнча гана чыгымдалууга тийиш.
Баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.