Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-июну №385
"Баңгилик каражаттардан жана психотроптук заттардан көз карандылыкты профилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ниязалиева, И.А.Масалиев, Р.Б.Тагаев жана Т.А.Жумабекова демилге кылган "Баңгилик каражаттардан жана психотроптук заттардан көз карандылыкты профилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №385 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ниязалиева, И.А.Масалиев, Р.Б.Тагаев жана Т.А.Жумабекова демилге кылган "Баңгилик каражаттардан жана психотроптук заттардан көз карандылыкты профилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ниязалиева, И.А.Масалиев, Р.Б.Тагаев жана Т.А.Жумабекова демилге кылган "Баңгилик каражаттардан жана психотроптук заттардан көз карандылыкты профилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй эскертүүлөрдү жана сунуштарды берет.
Мыйзам долбоорунун аталышындагы жана бардык текст боюнча "баңгилик каражаттар жана психотроптук заттар" деген сөздөрдү "психоактивдүү заттар" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз, себеби бул термин медициналык расмий термин болуп эсептелет. Мындан тышкары, көз карандылыкты пайда кылууга жөндөмдүү заттар (тамеки, тиричилик химиясынын каражаттары, прекурсорлорго тиешелүү заттар жана башкалар) "баңгилик каражаттар жана психотроптук заттар" деген түшүнүккө кирбейт. Демек, Мыйзам долбоорунун 1-беренесиндеги "психоактивдүү заттар" деген түшүнүккө аныктама берилип, баңгилик каражаттардан жана психотроптук заттардан айырмасы түшүндүрүлүүгө тийиш.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесиндеги "медициналык текшерүү" жана "медициналык күбөлөндүрүү" деген аныктамалардын мазмунун өзгөртүп, төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз:
"медициналык текшерүү - психоактивдүү заттарды пайдалануу менен байланышкан писхикадагы жана жүрүш-туруштагы бузулууларды белгилөө максатында адамды амбулатордук жана стационардык шарттарда текшерүү;
медициналык күбөлөндүрүү - мезгилдин бир учурунда интоксикация болгондугун белгилөө же жокко чыгаруу максатында адамды амбулатордук кароо;".
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 1-беренесин "соттук-наркологиялык экспертиза" деген түшүнүк менен толуктоону сунуш кылабыз.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы №1064-III "Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускаманын 2.5-пунктун эске алып, Мыйзам долбоорунун преамбуласынын редакциясын кайрадан карап чыгууну сунуш кылабыз, себеби анда жөнгө салуунун предмети берилген эмес.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "балдар" деген сөз 18-жашка чейинки бардык балдарды түшүндүрөөрүн эске алып, Мыйзам долбоорунун бардык текстиндеги "өспүрүмдөр" деген сөздү алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоору баңгилик каражаттардан жана психотроптук заттардан көз карандылыкты ыктыярдуу түрдө дарылоонун, ошондой эле зыянды азайтуунун программаларын ишке ашыруунун маселелерин жөнгө салган беренелерди камтыгандыктан, ушул түшүнүктөрдү Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде кошумча чечмелөөнүн зарылдыгы жок. "Купуялуулук" деген термин чечмелөөнү талап кылбагандыктан, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде анын мазмунун чечмелөө зарыл эмес.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесиндеги "медициналык күбөлөндүрүүдөн же дарылоодон качуу" деген түшүнүктүн аныктамасын алып салууну сунуш кылабыз, себеби бул термин Мыйзам долбоорунда колдонулбайт.
Юридикалык техниканын эрежелерин эске алып, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин биринчи бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз:
"Баңгилик каражаттардан жана психотроптук заттардан көз карандылыкты профилактикалоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелип, белгиленген мыйзамдуу тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.".
Бир катар мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жөнгө салуучу жоболорду Мыйзам долбоорунун бардык тести боюнча алып салууну сунуш кылабыз, себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине ылайык, Конституцияда жана мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясына берилген ыйгарым укуктарды кошпогондо, мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечет. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине ылайык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү жоболордо аныкталат.
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин экинчи бөлүгүнүн алтынчы абзацында кайсыл субъекттин түзүмү жөнүндө, ошондой эле кайсыл негизги технологиялар, штаттар жана материалдык-техникалык камсыздоо тууралуу сөз жүрүп жаткандыгын тактоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин үчүнчү бөлүгүндөгү "жана качкындарды" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
Баңгилик каражаттарга жана психотроптук заттарга көз карандылык диагнозун белгилөө эмгек келишимин токтотуу үчүн негиз болуп бербей тургандыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү адистиктердин тизмесин кошпогондо, жумуш берүүчүлөр кызматкерлерден тиешелүү медициналык корутундуну талап кылуу укугуна ээ эмес экендигин аныктаган Мыйзам долбоорунун 15 жана 16-беренелеринин жоболорун кайрадан карап чыгууну сунуш кылабыз. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 282-беренесине ылайык адам спирт ичимдиктерин же баңгизаттарын ашыкча пайдаланса, жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө иш козголушу мүмкүн экендигин белгилейбиз. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматчынын ишке алкоголдук, баңгизаттык же токсикалык мас абалында келүүсү, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык мамлекеттик органдын демилгеси боюнча аны ишинен бошотууга алып келиши мүмкүн. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 76-беренесинде кызматчы ишке алкоголдук, баңгизаттык же токсикалык мас абалында келсе, аны жумуш берүүчү иштен четтетүүгө милдеттүү деп белгиленген.
Лицензияланууга тийиш болгон иштердин түрлөрүнүн толук тизмеси "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде аныкталгандыктан жана лицензиялоо маселелери аталган Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы №260 токтому менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун алкагында гана жөнгө салынаарын эске алып, Мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 1-бөлүгүндөгү ", иштин ушул түрүнүн лицензиясына ээ" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесиндеги алмаштыруучу терапиянын программаларын ишке ашырууга болгон бир беткей эмес мамиле жөнүндө маалыматты эске алып, дарылоо мекемелери үчүн баңгизаттарды алмаштыруучуларды сатып алуу келечекте мамлекеттик бюджет үчүн оор болот жана саламаттык сактоону каржылоого багытталган бюджеттик каражаттардын натыйжасыз колдонулушуна алып келет деп эсептейбиз. Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 28-беренесинде баңгилик каражаттардан жана психотроптук заттардан көз карандылыкты профилактикалоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдар кайсыл жактардын каражаттарынын эсебинен толукталаарын тактоону сунуш кылабыз.