Документке
Мурунку30.07.2015

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 19-июнундагы №386

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-июлу № 545 токтомдун редакциясына ылайык)

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 6-беренелерине ылайык, жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо;

- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү комиссиялар жөнүндө жобо;

- Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнү белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобо;

- Жайыт билетинин типтүү формасы.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары бир айлык мөөнөттө жайыттардын тышкы чек араларын белгилөө боюнча жергиликтүү комиссияларды түзүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын райондорунун жана облустарынын мурдагы колхоз жана совхоздоруна узак мөөнөттү пайдаланууга берилген (1999-жылдын июнуна чейин), башка райондордун жана облустардын администрациялык аймагында жайгашкан жайыт участоктору мындан ары 2020-жылга чейин ошол райондордун жана облустардын карамагында калаары белгиленсин.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-июлу № 545 токтомдун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-июнундагы № 360 «Жайыттарды ижарага берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи-төртүнчү абзацтары алып салынсын;

- 2-5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Жайыттарды ижарага берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобо, мал чарбачылык багытындагы чарбакер субъекттер үчүн жайыт участокторун ижаралоо жөнүндө келишимдин формасы, башка максаттар үчүн жайыт участокторун ижаралоо жөнүндө келишимдин формасы күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы N 386 токтому менен бекитилген

Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Жайыттар департаментинин директору;

"Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр

Н.Айтмурзаев

Жайыт билетинин ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ

_______________________________________________________________

АВ 000001 айыл өкмөтү, район

ЖАЙЫТ БИЛЕТИ N __________ 20____жылга

Аты-жөнү _________________________________________________________

(Жайыт пайдалануучу)

Берилген күнү: 20___жылдын "____" ________________________________

Жайыттар: кышкы __________________________________________________ жазгы

__________________________________________________ жайкы

__________________________________________________ күзгү

__________________________________________________

Маршрут

1) _______________________________________________________

2) _______________________________________________________

3) _______________________________________________________

Жайытка чыккан мал башынын саны жана малды вакцинациялоо жөнүндө маалыматтар

Малдын түрү

Саны

1 мал башына акы төлөө (сом)

Сумма (сом)

Малды вакцинациялоо жөнүндө маалыматтар

Уй

Топоз

Кой-эчки

Жылкы

Бардыгы:

Сумма: ___________________________________________________________

Жазуу менен

Жайытты пайдаланганы үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция тиркелет.

Аянты ______ га болгон жогоруда аталган жайыттарга _____ баш сандагы мал жаюуга уруксат берилет.

М.О. Жайыт комитетинин төрагасы: _________________________________

_______________________________________________________________________

Аты-жөнү

М.О. Айыл өкмөтүнүн башчысы: _____________________________________

Жаңы27.11.2019

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 19-июнундагы №386

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлу № 545, 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 6-беренелерине ылайык, жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо;

- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү комиссиялар жөнүндө жобо;

- Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнү белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобо;

- Жайыт билетинин типтүү формасы.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары бир айлык мөөнөттө жайыттардын тышкы чек араларын белгилөө боюнча жергиликтүү комиссияларды түзүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын райондорунун жана облустарынын мурдагы колхоз жана совхоздоруна узак мөөнөттү пайдаланууга берилген (1999-жылдын июнуна чейин), башка райондордун жана облустардын администрациялык аймагында жайгашкан жайыт участоктору мындан ары 2030-жылга чейин ошол райондордун жана облустардын карамагында калаары белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлу № 545, 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4-1. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт участокторун пайдалануу үчүн жыйымдарды чогултуу ушул участокту пайдалануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ишке ашырылат. Каражат жайыт участокторун пайдаланууга укук алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетине түшөт жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайыттар менен жайыт инфраструктураларын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө жумшалат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)

4-2. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жер участогу эсептик каттоого алынган жери боюнча төлөнөт.