Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-июнундагы №387
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча тиркелген иш-чаралар планы бекитилсин (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Иш-чаралар планын финансылык камсыздоо Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген бюджеттеринин чегинде жана эл аралык уюмдардын жана долбоорлордун каражаттарынан жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук жана эл аралык уюмдардын катышуусунда:
- Иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылышсын;
- Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин;
- жыл сайын тиешелүү жылга карата ведомствонун бюджетинин долбоорун түзүүдө Иш-чаралар планын каржылоону карашсын;
- ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Иш-чаралар планын кийинки жылга карата тактоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Иш-чаралар планын аткаруунун мониторингин жана баалоону жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссияны эки айлык мөөнөттө түзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 387 токтому менен бекитилген |
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Реепубликасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
№ | БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду сунуштары (англисчеден расмий эмес котормо)
| Иш-чаралар | Мониторингдин базалык көрсөткүчтөрү
| Жооптуу аткаруучул ар | Аткаруу мөөнөттөрү | Эскертүү |
1. | «10». Комитет кыйыр басмырлоонун табийгаты жана өкмөттүк кызмат адамдарынын, сот органдарынын кызматкерлеринин арасындагы жана коомчулуктагы реалдуу теңдиктин Конвенцияда камтылган концепциясы жөнүндө кабардар болуунун деңгээлин жогорулатууга катышуучу-мамлекетти чакырат. Комитет ошондой эле өлчөнө турган көрсөткүчтөрд үн жардамы менен аялдар үчүн мыйзамдардын, саясаттын жана программалардын кесепеттерин контролдоого, аялдар менен эркектердин реалдуу теңдигин иш жүзүнө ашырууда жетишилген прогрессти баалоого жана өзүнүн кезектеги баяндамасында тиешелүү маалыматты Комитетке берүүгө катышуучу-мамлекетти чакырат. Аялдар өздөрүнүн теңдикке болгон укуктарын иш жүзүндө жүзөгө ашыра алган жоболорду камсыз кылууга мамлекетти милдеттендирген мыйзамдык жоболорду кабыл алуу катышуучу-мамлекетке сунуш кылынат.
| 1. Ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызматчылар, соттор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жарандык сектордун өкүлдөрү үчүн Конвенциянын жоболору жөнүндө иш-чараларды (конференция ларды, семинарларды, «тегерек столдорду») өткөрүү
| Семинар лардын жана тренингдердин саны. Окутулг ан ар кандай деңгээл деги жетекчи лердин жана кызматкерлердин саны. | Өкмөт Аппараты, ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010- 2011- жыдар |
|
2. Гендердик тендик чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актылардын аткарылышын баалоонун жана мониторингин индикаторлорун, региондук жана тармактык программалар ды иштеп чыгуу Гендердик теңдик чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актылардын региондук жана тармактык программалар дын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана маалыматты Кыргыз Республикасы нын төртүнчү мезгилдүү баяндамасынын долбооруна киргизүү
| Индикаторлордун тизмеси. Мониторинг боюнча отчёт. | Өкмөт Аппараты, министрликтер, мамкомитеттер, ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, борбордук органдар (макулдашуу боюнча), ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2012 -жылдар |
| ||
3. «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүк- төрдүн мамлекетик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасы нын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана кабыл алуу | Нормативдик укуктук актылардын тизмеси | Өкмөт Аппараты, министрликтер, мамкомитеттер, борбордук органдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2012 -жылдар | Гендердик теңдик КР Конституциясы, КР Эмгек, Үй-бүлө, Граждандык, Жазык кодекстери, «Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө» КР кодекси, «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө «, Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө», «Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка нормативдик укуктук актылар менен камсыз кылынат
| ||
«12». Комитет катышуучу-мамлекетти ачык жана көмүскө басмырлоо жөнүндө жобону жоюу үчүн гендердик өзгөчөлүктүн өңүтүндө өзүнүн мыйзамдарына талдоо жүргүзүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрүүгө көшөрүп чакырат. Комитет андан ары катышуучу-мамлекетти Конвенциянын нормативдик стандарттарына негизделген алкактарда мыйзамдарды жана программаларды иштеп чыгуу үчүн гендердик факторду эске алуу менен талдоону системалуу түрдө жүргүзүүнүн механизмин түзүүгө көшөрүп чакырат.
| 1. Мамлекеттик органдардын укуктук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн мыйзамдарды жана нормативдик укуктук актылардын маселелери боюнча окутууларды өткөрүү
| Окутулган кызматкерлердин сандык жана сапаттык курамы | Министрликтер, мамкомитеттер, ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, борбордук органдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча)
| 2010- 2011-жылдар |
| |
2. Мыйзамдарды, концепцияларды, программалар дын, пландардын долбоорлорун гендердик экспертизадан өткөрүү
| Гендердик экспертизадан өткөн нормативдик укуктук актылар дын, концепц иялардын, програмала рдын, пландардын долбоорлорунун саны
| Министрликтер, мамкомитеттер, ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, борбордук органдар (макулдашуу боюнча)
| 2009- 2012-жылдар | Гендердик экспертизанын жол-жоболору жана механизмдери нормативдик жактан төмөнкүдөй нормативдик укуктук актыларда бекитилген: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-февралындагы «Нормативдик укуктукактылардын долбоорлорун гендердик экспертизадан өткөрүүнүн жана тиешелүү корутундуларды даярдоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун атайын экспертизалоонун өзүнчө түрлөрүн өткөрүү боюнча стандарттар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти
| ||
3. | «14». Комитет катышуучу-мамлекетти Конвенция, Факультативдик протокол боюнча жол-жоболор жана Комитеттин жалпы сунуштары жөнүндө маалыматтарды таркатуу үчүн активдүү жана конкреттүү чараларды көрүүгө, ошондой эле прокуратура органдарынын кызматкерлери, соттор, адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана адвокаттар үчүн Конвенциянын жана Факультативдик протоколдун бардык тиешелүү аспектилерин камтыган программаларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга чакырат. Комитет ошондой эле аялдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана Конвенция боюнча укуктарды бузууларга каршы күрөшүүнүн колдоболгон жол-жоболорун жана каражаттарын колдонууну аларга үйрөтүү үчүн, ошондой эле арыздарды берүүнүн «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамда каралган жол-жоболорун колдонуу жолу менен аялдар үчүн, алардын ичинде айылдык аялдар, ошондой эле аялдар тематикасы жаатында иштеген өкмөттүк эмес уюмдар үчүн маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүктөрүн жана юридикалык семинарларды туруктуу өткөрүүнү сунуш кылат. Комитет кезектеги баяндамада мыйзамдагы бар болгон жоболорго ылайык аялдар тарабынан берилген арыздар жана алардын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды берүүнү өтүнөт.
| 1. Соттор, прокуратура органдарынын кызматкерлери, адвокаттар, юристтер Омбудсмендин (Акыйкатчынын) Аппаратынын кызматкерлери, аксакалдар соттору үчүн Конвенцияын жана Факультативдик протоколдун жоболору жөнүндө окутуучу иш-чараларды өткөрүү
| Семинарлардын, тренингдерд ин саны. Окутулг ан ар кандай деңгээл деги жетекчилердин жана кызматкерлердин саны
| Жогорку соттун (макулдашуу боюнча), Башкы прокуратуранын (макулдашуу боюнча) окутуу борборлору , Омбудсмен (Акыйкатчы) (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) , ЭУ (макулдашуу боюнча)
| 2009-2012-жылдар |
|
2. Конвенциянын жоболорун жана «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун колдонуу жана алар менен тааныштыруу боюнча маалыматтык түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү
| Радио жана телеберүүлөрдүн, басылмалардын, семинар лардын, «тегерек столдордун» жана башка иш-чаралардын саны
| Өкмөт Аппараты, ЖМА,ЖӨБО, (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2009-2012-жылдар |
| ||
3. Конвенциянын жоболорунун жана гендердик тендик жөнүндө мыйзамдардын негизинде кабыл алынган сот чечимдерин талдоо | Конвенц иянын жана гендердик теңдик жөнүндө мыйзамд ардын жоболор уна шилтеме кылынып алынган сот чечимде ринин саны | Жогорку сот (макулдашуу боюнча), Сот департаменти (макулдашу у боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2009-2012 -жылдар |
| ||
4. | «17». Комитет 18 жашка чыга элек кыздардын никеге туруп жаткандыгына, ошондой эле катталбаган никелердин бар экендигине тынчсызданууда, бул Конвенциянын 16-беренесинин 2-пунктун бузуу болуп эсептелет. «18». Комитет катышуучу-мамлекеттен аялдар жана эркектер үчүн никеге туруунун мыйзамдуу курагы 18 жаштан белгиленген нике жана үй-бүлө жөнүндө мыйзамдарды толук көлөмдө аткарууну жана бардык никелерди Конституциянын 16-беренесинин 2-пунктуна ылайык келтирүү үчүн чара көрүүнү өтүнөт. Комитет катышуучу-мам лекеттен бул жааттагы көрүлгөн чаралар жөнүндө, ошондой эле бул чаралардын никелерди каттоого тийгизген таасири жөнүндө маалыматты кезектеги баяндамасына киргизүүнү өтүнөт. | «'Дин тутуунун эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына никени ЖАК органдарында каттагандан кийин нике кыюу салтын өткөрүү бөлүгүнө, нике кыюу шарттарына жана тартибине тиешелүү башка нормативдик укукттук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | «Дин тутуунун эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка нормати вдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү | Дин агенттиги, кызыкдар болгон министрлик тер жана ведомстволор, дин уюмдарынын башкармалы ктарынын борбордук органдары (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2011 -жылдар | КР Үй-бүлө кодесинин 14-беренесине ылайык нике курагы 18 жаштан белгиленет, олуттуу себептер бар болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу-тескөө органдары 16 жашка чыккан кыздарга никеге турууга уруксат берүүгө укуктуу. «Дин тутуунун эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык никеге турганда жарандык каттоо менен кошо эле мусулман салты боюнча мусулмандар үчүн мечитте, үй-бүлөдө байыркы мусулман салты болуп эсептелген отургузууга жана нике кыюуга жол берилсе, ошондой эле христиандар үчүн чокунууга, чиркөөдө нике кыюуга жол берилет |
5. | «20». Өткөндөгү корутунду эскертүүлөрүнө ылайык Комитет үй-бүлөдөгү зом булук жөнүндө жалпы коомдук-агартуу өнөктүгүн жалпы өлкө боюнча өткөрүүнү сунуш кылат. Ал ошондой эле бар болгон укуктук нормаларды ушул контекстте натыйжалуу колдонууну, тактап айтканда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан колдонулушун камсыз кылууну, полициянын кызматкерлерин кесиптик даярдоонун программаларын күчөтүүнү жана колдонулуучу механизмдерди сот органдарынын карамагына берүүнү, турмуштук зомбулуктан жабыр тарткандардын укуктарын тиешелүү түрдө коргоону камсыз кылуу максатында аларды натыйжалуу пайдаланууну жана бекемдөөнү катышуучу-мамлекетке сунуш кылат. Андан ары Комитет аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча программалардын максаттарына мамлекеттик бюджеттен зарыл болгон каражаттарды бөлүүнү сунуш кылат. Комитет ошондой эле сексуалдык асылгандыкты жана аларды жоюунун чараларын кошкондо, сексуалдык зомбулук жөнүндө толук маалыматты кезектеги баяндамага киргизүүнү өтүнөт.
| 1. Жыл сайын өткөрүлүүчү «Аялга карата зомбулукка каршы 16 күн» маалымат өнөктүгүн өткөрүү | Маалыма ттык өнөктүк тү өткөрүү жөнүндө КР Өкмөтүн үн буйругу н даярдоо жана кабыл алуу. Өткөрүл гөн иш-чара лард ын саны. Катышуу чуларды н саны | Өкмөт Аппараты, министрликтер, мамкомитеттер, ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, ЖМА, ЖӨБО, (макулдашуу боюнча), борбордук органдар (макулдашуу боюнча), дин уюмдарынын башкармалыктарынын борбордук органдары (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча)
| 2009-2012 -жылдар | Маалымат өнөктүктөрү жыл сайын 25-ноябрдан, Аялдарга карата зомбулук какаршы күрөшүүн үн эл аралык күнүнөн баштап 10-декабрга, Адам укуг унун эл аралык күнүнө чейин өткөрүлөт
|
2. Соттор, прокуратура органдары- нын, укук коргоо ор- гандарынын кызматкерле- ри, аксакал- дар соттору үчүн үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук кор- гоо жаатын- дагы КР мый- замдарынын укуктук кол- донуу прак- тикасы боюн- ча окутуучу ишчараларды өткөрүү | Иш-чара лардын саны (жылына 2ден кем эмес) | Жогорку соттун (макулдашу у боюнча), Башкы прокуратур анын (макулдашу у боюнча) окутуу борборлору , ИИМ, ЖӨБО (макулдашу у боюнча) , ӨЭУ (макулдашу у боюнча) , ЭУ (макулдашу у боюнча) | 2009-2012 -жылдар |
| ||
3. Укук кор- гоо жана сот органдарынын билим берүү мекемелери- нин програм- малар ына үйбүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, ага бөгөт коюу, ошон- дой эле жа- быркагандар- ды коргоо маселелерин киргизүү | Окутуу програм мала рындагы окуу сааттар ынын саны | Жогорку соттун (макулдашу у боюнча) , Башкы прокуратур анын (макулдашу у боюнча) окутуу борборлору , ИИМ, ӨЭУ (макулдашу у боюнча) , ЭУ (макулдашу у боюнча) | 2010-2011 -жылдар |
| ||
4. Сексуалдык асылууларды кошкондо, сексуалдык зомбулук жөнүндө иликтөө өткөрүү | Изилдөө өткөрүлдү, сунушта р талкууланды , аларды ишке ашыруу боюнча чаралар иштелип чыкты
| ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ(макулдашуу боюнча) | 2010-2011 -жылдар | КР Жазык кодексинде инсандын жыныстык кол тийбестигине, жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн нормалар каралган
| ||
6. | «21». Комитет мыйзамдарда тыюу салынгандыгына карабастан, кыз алакачуунун сакталгандыгына мурдагыдай эле абдан тынчсызда нат жана бул көйгөй анын мурдагы эскертүүлөрүндө көтөрүлгөндүгүн белгилейт. Ошондой эле мындай практика зордоп никеге турууга алып келет, бул Конвенциянын 16-беренесин бузат деп тынчсызданат. Комитет ошондой эле ка- тышуучу-мамлекеттин мыйзамдарында тыюу салынгандыгына карабай, көп аял алуунун бар болушуна тынсызданат. «22». Комитет катышуучу- мамлекетке кыз ала качуу, зордоп никеге туруу жана көп аял алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзамдарды толук сактоону камсыз кылуу үчүн кечиктирилгис чараларды көрүүнү сунуш кылат. Тактап айтканда, Комитет катышуучу-мамлекетти бул көрүнүштөр менен байланышкан бардык окуяларды, ал тургай формалдуу арыздар жок болсо да, каттоо, иликтөө жана кылмыштык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө көшөрүп чакырат. Комитет ошондой эле сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоону кошкондо, мөөнөттүү жана натыйжалуу чараларды көрүүнү жана аталган практиканы жоюу максатында ири масштабдагы коомдук-агартуу өнөктүктөрдү туруктуу негизде өткөрүүнү катышуучу-мамлекетке сунуш кылат. Ошондой эле катышуучу-мамлекетке мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн кандай чараларды көрүү зарыл экендигин билүү үчүн алардын бар болуусунун жана жайылышынын себептерине талдоо жүргүзүү сунуш кылынат.
| 1. Кыргыз Республика- сынын Жазык кодексине аялды маж- бурлап нике- ге турууга тиешелүү санкцияларды күчөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрд үү жана то- луктоолорду киргизүү | Кыргыз Республ икас ынын Жазык кодекси не оңдооло рду даярдоо жана кабыл алуу | ИИМ | 2010-2011 -жылдар | КР Жазы к коде ксин де он алты жашк а чыга элек адам ды нике ге туру шун мажб урло о үчүн жүз эсеп тешү ү көрс өткү чүнө н беш жүз эсеп тешү ү көрс өткү чү нө чейи нки өлчө мдө айып же эки жылд ык мөөн өткө түзө түү иште ри же беш жылг а чейи нки мөөн өттө эрки нен ажыр атуу жаза лары кара лган ; нике ге туру у үчүн он алты жашк а чыга элек адам ды уурд оо үч жылд ан жети жылг а чейи нки мөөн өткө эрки нен ажыр атуу га жаза лана т |
2. «Кыз ала качуу» проблемасы жана анын кесепеттери, көп аял алуу, аялга карата зомбулук боюнча маалымат- агартуучулук өнөктүктү ушуга окшогон фактыларды жоюу максатында өткөрүү | Басылма лардын, радио жана теле берүүлө рдүн саны. Басылма лард ын мезгилд үүлү - гү квартал да 2ден кем эмес | ИИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашу у боюнча) , УТРК (макулдашу у боюнча) , «ЭлТР» ТРК (макулдашу у боюнча) , ӨЭУ (макулдашу у боюнча) , ЭУ (макулдашу у боюнча) | 2009-2012 -жылдар |
| ||
3. «Кыз ала качуу» проблемасы боюнча иликтөөлөрдү өткөрүү | Изилдөө нүн натыйжа лары талкуул анды, жайылты лды жана киргизи лди | Өкмөт Аппараты, ӨЭУ (макулдашу у боюнча) , ЭУ (макулдашу у боюнча) | 2010-2011 -жылдар |
| ||
7. | «24». Комитет катышуучу-мамлекетке үгүт жана агартуу өнөктүктү кошкондо, эркектер жана аялдар үчүн арналган, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, Конвенциянын 2(f) жана 5(а) беренелерине ылайык эркектин жана аялдын коомдогу жана үй-бүлөдөгү ролуна карата стереотиптерди жоюуга багытталган саясатты жана программаларды бекемдөөнү сунуш кылат. Ал ошондой эле аялдын оң кадыр-баркын түзгөндүгү жана жалпы коом үчүн гендердик тең укуктуулуктун баалуулуктарын колдоого алгандыгы үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын сыйлоону сунуш кылат. Андан ары ал катышуучу-мамлекетти көрүлгөн чаралардын таасирин баалоо максатында аларга мөөнөттүү негизде сереп салууга, тиешелүү чараларды көрүүгө жана алар жөнүндө Комитетке кезектеги баяндамасында билдирүүгө чакырат.
| 1. Аялдардын коомдук турмуштун саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка жааттарына катышуусун активдештирү үгө батталган маалыматык-пропагандалоо иштерин уюштуруу жана өткөрүү
| Басылма лардын, радио жана теле берүүлө рдүн саны. Басылма лардын мезгилд үүлү гү квартал да 2ден кем эмес | Өкмөт Аппараты, министрлик тер, мамкомитет тер, ведомствол ор, аткаруу бийлигинин башка органдары, ЖМА, ЖӨБО (макулдашу у боюнча) , борбордук органдар (макулдашу у боюнча) , УТРК (макулдашу у боюнча) , «ЭлТР» (макулдашу у боюнча) , жеке телерадиок омпа- ниялар (макулдашу у боюнча) , ӨЭУ (макулдашу у боюнча) , ЭУ (макулдашу у боюнча) | 2009-2012 -жылдар |
|
2. Бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринин окутуу программалар ына гендердик теңдик жана гендердик укук маселелерин киргизүү | Окутуу программаларындагы окуу сааттарынын саны Катышуучулардын жана сыйланг андардын саны | Билиммин, Кесиптехагенттиги, ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2009-2012 -жылдар 2010-2012 -жылдар |
| ||
3. ЖМКлар арасында Кыргызстандагы гендердик теңдик темасын эң жакшы чагылдырууга конкурс уюштуруу жана өткөрүү |
| Маданиятмин, ЖМК (макулдашу у боюнча) , ӨЭУ (макулдашу у боюнча), ЭУ (макулдашу у боюнча) |
|
| ||
4. Гендердик стереотиптерди жоюу боюнча көрүлгөн чараларды талдоону өткөрүү | Талдоо өткөрүл дү, чаралар иштелип чыкты жана ишке ашыруу үчүн Планга киргизилди | Өкмөт Аппараты, ЖӨБО (макулдашу у боюнча), ЖМА, ӨЭУ (макулдашу у боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2009-2012 -жылдар |
| ||
8. | «26». Комитет катышуучу-мамлек етке гендердик проблемаларды чечүүдө өзгөчө жоопкерчилик жүктөлгөн атайын органды тез арада түзүүнү сунуш кылат, ал адамдык да, каржылык да жактан жетиштүү көлөмдөгү ресурстар менен камсыз кылынууга жана гендердик факторду эске алуу менен натыйжалуу жана ырааттуу иш-чараларды жана программаларды иштеп чыгып жана координация кыла алгандай так аныкталган мыйзамдык мандатка ээ болууга тийиш, ал мыйзам чыгарууга натыйжалуу кошулуп, ушуга байланыштуу бардык министрликтер ден отчеттуулукту талап кыла алат. | Гендердик проблемалар жаатында мамлекеттик ыйгарым укуктуу органды түзүү жөнүндө маселени кароо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн үн чечими | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | 2009-жыл |
|
9. | «28». Конвенцияда каралган кепилдиктерди жүзөгө ашырууда өкмөттүк эмес уюмдардын маанилүү ролун эске алып, тактап айтканда Кыргызстанда зомбулуктан жана соодадан же сексуалдык эзүүдөн жабыр тарткан аялдарга карата кризистик кырдаалдарды жөнгө салуунун көпчүлүк борборлорун өкмөттүк эмес уюмдар баш- каргандыгына байланыштуу Комитет катышуучу-мамлекетти бул уюмдарга адекваттуу колдоо көрсөтүүгө жана каржылоого көшөрүп чакырат. Комитет катышуучу-мамлекетке жарандык коомдун уюмдары менен абдан жигердүү жана туруктуу негизде өз ара аракеттенүүнү жана өкмөттүк эмес уюмдарды кезектеги мөөнөттүү баяндаманы даярдоого тартууну сунуш кылат. | 1. Кризистик борборлорду жай менен камсыз кылууга көмөктөшүү, алардын ишин каржылоого катышуу | Жардам алган кризист ик борборлордун саны. Жергили ктүү бюджетт ен бөлүнгө н каражаттард ын суммасы. Кризист ик борборлорго кайтарымсыз ижарага берилгенжайлардын саны | ЖМА,ЖӨБО (макулдашу у боюнча) , кризистик борборлор, ӨЭУ (макулдашу у боюнча) , ЭУ (макулдашу у боюнча) | 2009-2012 -жылдар |
|
2. Зомбулуктан жабырлангандарга социалдык-укуктук жардам көрсөтүүгө мамлекеттик социалдык заказдарды түзүү, жайгаштыруу жана ишке ашыруу | Ишке ашкан мамлекеттик социалдык заказдардын саны. Зомбулуктан жабырлангандарга социалд ык-укуктук жардам көрсөтүүгө багытталган долбоорлордун саны | Эмгексоцмин, Билиммин, Саламатмин , ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2012 -жылдар |
| ||
3. Өкмөттүк эмес уюмдарды КРдын кезектеги мезгилдүү баяндамасын даярдоого катышуусун камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын кезекте ги мезгилдүү баяндам асынын долбоорун даярдоого катышкан ӨЭУлардын саны | Өкмөт Аппараты, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл |
| ||
10. | «30». Комитет адамды сатуучулар колдонгон каражаттарды жана себептерди жакшы түшүнүү үчүн, бул көрүнүштү жана анын факторлорун түшүнүүнү камсыз кылуу үчүн, бул көрүнүштүн андан ары өнүгүүсүн алдын алуу үчүн, жабыркагандардын иш жүзүндө татыктуу корголуусу жана мындай ишке барган күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартып, жаза берүү үчүн адамдарды сатуунун динамикасы жөнүндө жалпы барын камтыган изилдөөлөрдү берүүгө катышуучу-мамлек етти көшөрүп чакырат. Катышуучу-мамлекетке бул жөнүндө көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматты, анын ичинде толук статистикалык маалыматтарды берүү сунуш кылынат. Ошондой эле катышуучу-мамлекетке бул көрүнүштөр менен байланышкан коркунучтар жана адамдарды сатуунун себептери жөнүндө маалыматтык өнөктүктү системалык негизде жүргүзүү, анын ичинде айылдык аялдар үчүн ушуга байланыштуу юридикалык сабаттуулугунун программасын жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл буруу сунуш кылынат. Мындан ары катышуучу-мамлекетке адамдарды сатуу менен болгон байланыштарды аныктоо үчүн жумушчу-мигрантт арга натыйжалуу мониторингдин системасын колдонуу сунуш кылынат. | 1. Адамдарды сатуу проблемасы боюнча изилдөө өткөрүү | Изилдөө өткөрүлдү, сунуштар киргизилди | Миграциямамком, ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2011 -жылдар |
|
2. Адамдарды сатууга каршы иш алып баруу боюнча калк арасында маалыматтык- түшүндүрүү өнөктүгүн өткөрүү | Регионд ордо жайылты лган маалыма ттык материалдардын жана иш-чаралардын саны | Миграциямамком, ӨЭУ(макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2009-2012 -жылдар |
| ||
3. Кыргыз Республикасынын жарандарынын республиканын чегинен тышкары жерлердеги ишке орношуусуна мониторинг жүргүзүү | Адамдарды сатуунун табылган фактыла рынын саны. Адамдарды сатуунун фактылары боюнча кабыл алынган сот чечимдеринин саны | Миграциямамком, ИИМ, ТИМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2009-2012 -жылдар |
| ||
11. | «32». Комитет катышуучу-мамлекетке экономика, билим берүү жаатында чечимдерди кабыл алуу деңгээлиндеги жана саясий партиялардын деңгээлинде чечимдерди кабыл алуу жаатындагы эркектер менен аялдардын де-факто теңдигин жүзөгө ашырууну ылдамдатуу үчүн убактылуу атайын чараларды кеңири колдонуу, анын ичинде Конвенциянын 4- беренесинин 1- пунктуна жана Комитеттин № 25 жалпы сунушуна ылайык ресурстарды бөлүү жана дем берүүнү түзүү, кадрларды максаттуу тартуу жана убактылуу мөөнөттөрдү жана максаттарды белгилөө жолу менен колдонуу жөнүндө маселени карап чыгууну сунуш кылат. Ошондой эле ал катышуучу-мамлекетке мамлекеттик, ошондой эле жеке секторлордун ишинде убактылуу атайын чараларды пайдаланууну колдоо үчүн теңдик жөнүндө мыйзамдарга тиешелүү жоболорду аларга киргизүүнү сунуш кылат. «34». Комитет катышуучу- мамлекетке аялдардын шайлануучу жана дайындалуучу органдарга, анын ичинде эл аралык деңгээлде толук жана тең укуктуу катышуусун камсыз кылууну ылдамдатуу үчүн Конвенциянын 4-беренесинин 1-пунктуна жана № 23 жана 25 жалпы сунушуна ылайык убактылуу атайын чараларды кошкондо, чараларды көрүүнү сунуш кылат. Мындай чаралар убакыттын алкагы менен шартталган максаттуу көрсөткүчтөрдү, азыркы жана келечектеги аял-жетекчилер үчүн жетекчилер иштин жана сүйлөшүү көндүмдөрүнүн маселелери боюнча кесиптик даярдоо программасын жүргүзүүнү, ошондой эле жетишилген прогресстин жана натыйжалардын үзгүлтүксүз мониторингинин чараларын камтуусу керек. Ошондой эле ал ушуга байланыштуу катышуучу-мамлекетке саясий партиялардын ишине көңүл бурууну сунуш кылат. Аялдардын саясий чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде, мамлекеттик жана саясий чөйрөгө катышуусунун абдан маанилүү экендиги жөнүндө кабардар болууну жогорулатуу үчүн өнөктүктөрдү өткөрүүгө катышуучумамлекетти көшөрүп чакырат. «36». Эмгек рыногунда эркектер менен аялдардын бирдей мүмкүндүгүн, тактап айтканда Конвенциянын 4-беренесинин 1- пунктуна жана Комитеттин № 25 жалпы сунушуна ылайык убактылуу атайын чараларды көрүү жолу менен камсыз кылуу үчүн Комитет өткөн корутунду эскертүүлөрүнө байланыштуу катышуучу-мамлекетти көшөрүп чакырат. Ал жумуш орундарын түзүү менен байланышкан бардык программаларда Комитет катышуучу-мамлекетке эркектер менен аялдардын эмгек акы жаатындагы айырмасын жана өзгөчөлүгүн кыс- картуу үчүн чараларды көрүүнү сунуш кылат. Ошондой эле ал үй-бүлө мүчөлөрүн ишке орноштуруу жаатындагы мүмкүнчүлүктү эркектер менен аялдардын үй-бүлөлүк жана турмуштук милдеттерин биргелешип аткарууну камсыз кылган кошумча чараларга ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берген маанилүү чараларды күчөтүүнү сунуш кылат. | Төмөнкүлөргө багытталган атайын чара- ларды иштеп чыгуу жана киргизүү: - бийликтин жергиликтүү органдарына шайлоо процессинде аялдардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга; - аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө - эмгек рыногундагы вертикалдуу жана горизонталдуу гендердик сегрегацияны кыскартууга; - аялдар менен эркектердин орточо айлык акыларынын ортосундагы айырманы кыскартууга; - мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарына ишке алууда квалификация сын жогорулатууга жана кызматы боюнча жылдырууга; - үй-бүлөлүк милдеттенмел ери бар кызматкерлер дин муктаждыктарына көңүл буруу- ну күчөтүүгө; - калктын социалдык жактан аялуу категориялар ындагы аялдарды ишке орноштурууну, анын ичинде үйдө иштөөнү активдештирүү аркылуу кенейтүүгө; | Атайын чаралар иштелип чыкты жана нормати вдик укуктук актылар менен бекитил ди | Министрликстер, мамкомитеттер, ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, МКА (макулдашуу боюнча), ЖМА, ЖӨБО, борбордук органдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010- 2012- жылдар |
|
2. Өлкөнүн саясий турмушуна катышуу маселесинде аялдардын маалыматка ээ болуусун жогорулатуу максатында маалыматтык иш-чараларды жүргүзүү | Иш-чара лардын саны, жылына 2ден кем эмес | Өкмөт Аппараты, ӨЭУ (макулдашу у боюнча) , ЭУ (макулдашу у боюнча) | 2010-2012 -жылдар |
| ||
12. | «38». Комитет аялдарга жана ден соолукка тиешелүү № 24 жалпы сунушка ылайык аялдын ден соолугуна жашоо циклине негизделген жалпылаштырылган мамиле кылууну катышуучу-мамлекетке сунуш кылат. Комитет калктын бардык сегменттери, анын ичинде айылдык аялдар үчүн жеткиликтүү, арзан жана адекваттуу медициналык кам- сыздоону берүүгө катышуучу-мамле- кетти көшөрүп чакырат. Ал эне- лердин жана ымыркайлардын өлүмүн, ошондой эле аялдардын арасында кургак учуктун жана башка оорулардын жайылышынын көрсөткүчтөрүн кыскартуу боюнча чараларды күчөтүүнү катышуучу-мамлектке сунуш кылат. Ал ошондой эле аялдардын арасындагы аракечтикти жана баңга заттарын пайдаланууну дарылоонун жана алдын алуунун проблемасын чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүнү катышуучу-мамлекеттен көшөрүп чакырат. Ал контрацепциянын жеткиликтүү методдорунун бар экендиги жөнүндө маалыматка ээ болууну кенейтүү жана аларды колдонууну камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүнү сунуш кылат жана жыныстык сабаттуулукту кеңири пропагандалоону сунуш кылат, мунун негизги объекити болуп өспүрүмдөр жана кыздар эсептелет. Комитет жалпыга маалымдоо каражаттарында жыныстык жана репродуктивдик ден соолук маселелери боюнча кеңири программаларды жайылтуу жөнүндө маселени карап чыгууну жана коомчулуктун репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча кабардар болуусун кеңейтүүнү катышуучу-мамлекетке сунуш кылат. Ал ошондой эле гендердик факторлордун жана аялдардын, анын ичинде айылдагы аялдардын ден соолук жаатындагы тынчыздануулары эске алынып жапсандыгын билүү үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү кылдат контролдоону катышуучу- мамлекетти көшөрүп чакырат. Комитет билим берүү программалары жана саясаты жаатындагы гендердик факторлорду эсепке алууну камсыз кылуу үчүн өзүнүн № 24 жалпы сунушун иш-аракеттердин негизи катары колдонууну катышуучу-мамлекетке сунуш кылат. | 1. Айылдык аялдардын ден соолугун себептердин түзүмү боюнча талдоо | Аналити калык отчёт жарыяла нды, сунуштар талкууланды, кырдаал ды жакшыртуу боюнча чаралар иштелип чыкты жана ишке ашырылды | Саламатмин , ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2011 -жылдар |
|
2. Аялдарга, балдарга жана улгайган адамдарга карата зомбулукка саламаттык сактоо кызматтарынын мамилесин баалоо боюнча, зомбулуктан жабыркаганда р жөнүндө статистикалык маалыматтарды жыйноо жана талдоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү | Изилдөө жарыяланды, сунуштар талкууланды , чаралар иштелип чыкты жана ишке ашырылды. Энелердин жана ымыркай лардын өлүмүнүн, кургак учук, ВИЧ/СПИ Д менен оругандардын көрсөткүчтөрү | Саламатмин, Омбудсмен (Акыйкатчы ) (макулдашуу боюнча), ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2011 -жылдар |
| ||
3. Аялдар арасындагы аракечтик жана баңгилик маселелери боюнча «тегерек столдорду» өткөрүү, сергек жашоону пропаган- далоо | «Тегерек столдор дун» саны, жылына 2ден кем эмес. Аялдар арасынд а аракечт иктин жана баңгили ктин квартал сайын берилүү чү көрсөтк үчтө рү | Саламатмин , «СПИД» РБ, Омбудсмен (Акыйкатчы ) (макулдашу у боюнча), ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашу у боюнча) | 2010-2012 -жылдар |
| ||
4. Өспүрүмдөрдүн ден соолугу жөнүндө изилдөөлөрдү өткөрүү | Изилдөө жарыяланды, сунуштар талкууланды, кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар иштелип чыкты жана ишке ашырылды | Саламатмин , Билиммин, Кесиптехаг енттиги, ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2011 -жылдар |
| ||
5. Репродуктивд үү ден соолук жана жыныстык мамилелер жөнүндө түшүнүк берүү маселелери боюнча маалыматтык- билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү | Програм малардын, ЖМКдагы көрсөтү үлөрдүн жана жарыяла нган материа лдар дын саны | Билиммин, Саламатмин, Кесиптехагенттиги, Маданиятмин, УТРК (макулдашуу боюнча) , «ЭлТР» ТРК (макулдашу у боюнча), ӨЭУ (макулдашу у боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2009-2012 -жылдар |
| ||
13. | «39». Комитет ажырашуунун айынан аялдарда пайда болгон экономикалык абалына байланыштуу тынчсызданат. Тактап айтканда айылдардагы жана алыскы райондордогу аялдардын абалына, ошондой эле де-факто никеде турган аялдардын менчик укугун кепилдик кылган конкреттүү сунуштардын жоктугуна байланыштуу тынчсызданат. «40». Комитет аялдын өз алдын ча жашаган учурдагы экономикалык абалын баалоону жүргүзүү үчүн де-факто түзүлгөн никелердин санын талдоого, ошондой эле никеден чыгарылганда жана дефакто нике түзүлгөндө аялдардын менчик укугун коргогон мыйзамдарды жана жоболорду кабыл алууга катышуу- чу-мамлекетти чакырат. Комитет ошондой эле ушуга байланыштуу иликтөөлөрдүн жүргүзүлгөндүгү жана натыйжалары жөнүндө маалыматты кезектеги баяндамага киргизүүнү катышуучу-мамлекеттен өтүнөт. | Кыргыз Республикасындагы жарандык никелер боюнча изилдөөлөрдү өткөрүү жана сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын кезектеги мезгилдүү баяндамасынын долбооруна маалыматты киргизүү | Изилдөө өткөрүлдү, сунушта р талкуул анды , чаралар иштелип чыкты | ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2011 -жылдар |
|
14. | «42». Төртүнчү мезгилдүү баяндамада айылдык аялдардын абалы жөнүндө статистикалык жалпы маалыматты курагы, жынысы, кесиптик топтору, кирешеси ж.б. белгилер боюнча ажыратып берүү катышуучу-мамлекетке сунуш кылынат. | Айылдык аялдардын абалы жөнүндө статистикалык маалыматты курагы, жынысы, кесиптик топтору, кирешеси сыяктуу белгилери боюнча ажыратып иштеп чыгуу жана киргизүү | Статистикалык маалыматтар иштелип чыкты жана «Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркекте ри» аттуу жыл сайын чыгуучу жыйнакка жарыяла нды | Статком (макулдашуу боюнча), Эмгексоцмин, Саламатмин, Экономсоодамин, Миграциямамком , ИИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашу у боюнча) борбордук органдар, ӨЭУ (макулдашу у боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2012 -жылдар |
|
15. | «44.» Конвенция- ны бардык аял- дарга басмырлоо- суз колдонууну камсыз кылуу үчүн бардык тиешелүү чараларды, ошондой эле аялдарды кызматтагы жана жеке адамдардын басмырлоосунан коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүү катышуучу-мамлекетке сунуш кылынат. | Жоболору менен танышуу жана колдонуу максатында Конвенциянын ыңгайлаштырылган вариантын даярдоо жана аны региондордо кеңири жайылтуу | Жергиликтүү коомчулуктун арасында жайылтылган Конвенциянын ыңгайлаштыр ылган вариантын алганда рдын саны | Өкмөт Аппараты, ЖМА,ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2010-2012 -жылдар |
|
16. | «45». Комитет катышуучу-мамлекетке өзүнүн милдеттерин Конвенцияга ылайык жүзөгө ашырууда Конвенциянын жоболорун бекемдеген Пекин декларациясын жана Иш-чаралардын платформасын толук пайдаланууга көшөрүп чакырат жана бул маселе боюнча кезектеги мезгилдүү баяндамага маалымат киргизүүнү катышуучу-мамлекеттен өтүнөт. | Пекин иш-аракеттер платформасын ын аткарылганды гы жөнүндө аналитикалык отчётту даярдоо жана аны Кыргыз Республикасынын кезектеги мезгилдүү баяндамасыны н долбооруна киргизүү | Аналити калык отчёт жарыяланган жана жайылты лган | Өкмөт Аппараты, министрлик тер, ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), борбордук органдар (макулдашу у боюнча), ӨЭУ (макулдашу у боюнча), ЭУ (макулдашу у боюнча) | 2012-жыл |
|
17. | «46». Комитет ошодой эле Конвенцияны толук жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу Миң жылдыктын декларациясында берилген өнүгүү жаатындагы максаттарга жетишүү үчүн зарыл шарт болуп эсептелээрин белгилейт. Ал Миң жылдыктын декларациясында берилген өнүгүү жаатындагы максаттарга жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттер дегендердик факторлорду эске алууга жана Конвенциянын жоболорун так чагылдырууга чакырат жана бул маселе боюнча маалыматты кезектеги мезгилдүү баяндамага киргизүүнү катышуучу-мамлекеттен өтүнөт. | Миң жылдыкты өнүктүрүүнүн максаттарынын аткарылышы жөнүндө отчётту даярдоо (3 жана 4-максаттар) жана аны Кыргыз Республикасынын кезектеги мезгилдүү баяндамасынын долбооруна киргизүү | Отчёт жарыяланган | Экономсоодамин, ЖМА,ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл |
|
18. | «49». Комитет аялдардын теңдигин де-юре жана де-факто камсыз кылуу максатында кабыл алынган чаралар жөнүндө, ошондой эле ушул багытта көрүлүүчү чара- лар тууралуу калк, анын ичиңде өкмөттүн кызмат адамдары, саясатчылар, парламентарийлер жана аялдардын жана укук коргоо уюмдары билсин үчүн Кыргазстанда кыргыз жана орус тилдериндеги ушул эскертүүлөрдү кеңири жайылтууну өтүнөт. Ал Конвенция, Факультативдик протокол, Комитеттин жалпы сунуштары, Пекин декларациясы жа- на Иш-аракеттер платформасы жана Генералдык Ассамблеянын «Аялдар 2000-жылда: гендердик теңдик, өнүгүү жана дүйнө XXI кылымда» деген аталыштагы жыйырма үчүнчү атайын сессиясы- нын жыйынтык документи жөнүндө маалыматтарды жайылтууну, тактап айтканда аялдардын жана укук коргоо уюмдарынын арасында жайылтууну катышуучу-мамлекет- тен өтүнөт. | БУУнун Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү отчётуна БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду комментарийлерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар матрицасын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо | Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жарыяланды | Өкмөт Аппараты | 2009-жыл |
|
19. | «50». Комитет жогорудагы 20 жана 22-пункттарда камтылган сунуштарды жүзөгө ашыруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалыматты бир жылдын ичинде беруүнү катышуучу-мамлекеттен өтүнөт. Комитет ошондой эле жогоруда аталган сунуштарды ишке ашыруу үчүн зарьш болсо жана максатка ылайык келсе техникалык кызматташтык жөнүндө жана консультанттардын кызмат көрсөтүүсүн кошкондо, көмөк көрсөтүү тууралуу өтүнүчтөрдү жиберүү жөнүндө маселеш карап чыгууну катышуучу-мамлекеттен өтүнөт. | Комитетпш сунуштарынын 20 жана 22-пункттарын аткаруу боюнча отчётту даярдоо | 20 жана 22-пункттарды аткаруу боюнча отчёт | Өкмөт Аппараты, ИИМ,Сот департаменти (макулдашуу боюнча), Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), Жогорку сот (макулдашуу боюнча), Омбудсмен (Акыйкатчы) (макулдашуу боюнча) , ЖМА,ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | 2009- жыл |
|
Кыскартуулардын тизмеси:
Башкы прокуратура | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
|
Билиммин | Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги
|
Дин агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик
|
ЖӨБО | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
|
ЖӨБУА | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги
|
ЖМА | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
|
ЖМК | Жалпыга маалымдоо каражаттары
|
ИИМ | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
|
Кесптехагенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик
|
Конвенция | Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясы
|
КР | Кыргыз Республикасы
|
Маданиятмин | Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги
|
Миграциямамком | Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети
|
МКА | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги
|
ӨЭУ | Өкмөттүк эмес уюм
|
Саламатмин | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
|
«СПИД» | РБ «СПИД» республикалык бирикмеси
|
Статком | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
|
ТИМ | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
|
УТРК | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы
|
Факультативдик | Аялдарга карата басмырлоонун бардык
|
протокол | формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясына факультативдик протокол
|
ЭлТР | Кыргыз Республикасынын «ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү» телерадиоберүү компаниясы
|
ЭУ | Эл аралык уюмдар |
|
|