Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-июну №390
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясынын үчүнчү бөлүгүн колдонууну токтотуп туруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясынын үчүнчү бөлүгүн чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясынын үчүнчү бөлүгүн колдонууну токтотуп туруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 263 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясынын үчүнчү бөлүгүн чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому менен жактырылган "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясынын үчүнчү бөлүгүн чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 263 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясынын үчүнчү бөлүгүн чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясынын үчүнчү бөлүгүн колдонууну токтотуп туруу тууралуу
1-статья.
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясынын үчүнчү бөлүгүн колдонуу токтотулуп турсун.
2-статья.
Аскер кызматчылардын, ички иштер органдарынын кызматчыларынын жана аларга теңештирилген адамдардын акчалай маянасынын өлчөмү аларга пенсия чектөө үчүн "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат жана ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленчү кызмат орун боюнча маяна, наамы боюнча маяна жана иштеген жылдары үчүн проценттик кошумча кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү турмуштук баалардын индекси өзгөргөнүнө жана эмгек акынын өлчөмү көбөйгөнүнө байланыштуу пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүүнүн тартибин бекиткенге чейин "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн пенсионерлерге паектук акчасын эсептөөнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген колдонулуп жаткан тартиби сакталсын.
4-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- укук коргоо органдарында кызмат өтөө жана аскердик кызмат өтөө маселелерин жөнгө салуучу, анын ичинде аларга эмгек акы төлөө шартынын маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдык актыларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- турмуштук баалардын индекси өзгөргөнүнө жана эмгек акынын өлчөмү көбөйгөнүнө байланыштуу аскер кызматчылардын жана аларга теңештирилген адамдардын пенсияларынын өлчөмүн көбөйтүүнүн тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|