Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-июну №391
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 31-январындагы №43 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин айрым жоболорун изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия иштеп чыккан "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Эркин Тоо гезити", 2008-жылдын 22-октябры, N 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-берененин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
"16) "Жакын туугандар" - Кыргыз Республикасынын үй-бүлө жөнүндө мыйзамдарына ылайык никелик мамиледе тургандар, асырап алгандар жана асырандылар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдар, толук бир тууган жана толук эмес бир тууган ага-инилер жана эже-карындаштар, чоң ата, чоң эне, тага ата, тага эне, неберелер";
2. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Кыйыр салыктар
Товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баасына же тарифине кошумча түрүндө белгиленчү, салык төлөөчүнүн кирешесине же мүлкүнө түздөн түз байланышпаган кошумча наркка салык, акциздик салык жана сатуудан салык сыяктуу салыктар кыйыр салык деп эсептелет.
Кыйыр салыктын салыктык базасы, суммасы жана ставкасын салык төлөөчү тарабынан эсептик документтерде жана салыктык отчетто Ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипте көрсөтүлөт".
3. 21-берененин 3-пунктунда:
- 3-пунктча "сатуу" деген сөздөн кийин ", жактын уставдык капиталдагы үлүшү" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-7-пунктчалар менен толукталсын:
"5) жактын уставдык капиталдагы үлүшүнө жараша ар кандай төлөмдөрдү алуу;
6) үстөк айып, айыптарды, моралдык зыяндын акысын алуу;
7) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасын (ордун толтурууну) алуу.".
4. 27-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-берене. Жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү
Жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү деп товарларды сатуудан башка бардык ишкердик жүргүзүү эсептелет.".
5. 51-берененин аталышындагы "анын кызмат адамдарынын" деген сөздөр "алардын кызмат адамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 74-берененин 5-пунктунун экинчи абзацындагы "накталай" деген сөз "болгон" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 75-берененин 1, 4, 5, 6-пункттарындагы "салыкты" деген сөздөр "салыктарды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 81-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"81-берене. Салыктын ашык төлөнгөн суммасын эсепке алуу, кайра
берүү
1. Салыктын ашык төлөнгөн суммасы, ошондой эле процент, туум жана салыктык санкция деп салык төлөөчү бюджетке төлөгөн салыктын, ошондой эле проценттердин, туумдун жана салыктык санкциялардын суммасы менен бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын, ошондой эле проценттердин, туумдун жана салыктык санкциялардын суммасынын ортосундагы оң айырма эсептелет, буга ушул Кодекстин 278 жана 279-беренелери менен аныкталган кошумча наркка салык (бул Кодексте мындан ары - КНС) боюнча ашкан сумма кирбейт.
2. Салыктын, ошондой эле проценттердин, туумдун жана салыктык санкциялардын ашык төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн салык боюнча карызын төлөөсүнүн эсебине төмөнкүдөй тартипте чегерилет:
1) салыктын бул түрү боюнча проценттерди, туумду жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине;
2) салыктардын башка түрлөрү боюнча төлөнө элек береселерди жоюунун эсебине;
3) салыктардын башка түрлөрү боюнча проценттерди, туумду жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине.
3. Салык төлөөчүдө аткарыла элек салыктык милдеттенмеси бар болсо жана башка салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн сумма пайда болсо, салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын аткарыла элек салыктык милдеттенменин эсебине чегерүү салык органы тарабынан салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы жаралган күнгө карата өз алдынча ишке ашырылат.
4. Салык төлөөчүдө аткарыла элек салыктык милдеттенмеси бар болсо жана башка салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн сумма пайда болсо, салыктын ашкыча төлөнгөн суммасын аткарыла элек салыктык милдеттенменин эсебине чегерүү салык органы тарабынан салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы жаралган күнгө карата өз алдынча ишке ашырылат.
5. Салык органы салык төлөөчүгө чегерүү ишке ашырылган күндөн кийин 10 календардык күндүн ичинде кабарлайт.
6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аткарылган учурда салыктын, ошондой эле проценттердин, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктын кийинки төлөнө турган суммасынын эсебине чегерилүүгө тийиш же салык төлөөчүгө кайра берилет.
7. Салыктын, ошондой эле проценттердин, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын кайра берүү салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн катталган же төлөгөн жери боюнча кайра берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн тартып 40 календардык күндүн ичинде ишке ашырылат.
8. Салыктын, ошондой эле проценттердин, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү же кайра берүү жөнүндө арызды салык төлөөчү ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн тартып 6 жылдан кеч эмес берсе болот.
9. Салык төлөөчү ашыкча төлөгөн салыктын, ошондой эле проценттердин, туумдун жана салыктык санкциялардын суммасын башка салык төлөөчүнүн салыктык карызын жоюунун эсебине чегерүүгө болбойт.
10. Салыктын, ошондой эле проценттердин, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүгө анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча салык төлөөчүгө аткарыла элек салыктык милдеттенмеси жок болсо кайра берилет.
11. Ушул берененин 7-пунктунда белгиленген мөөнөт кечиктирилсе кайра берүү мөөнөтүн кечиктирген ар бир күн үчүн бюджеттик каражаттын эсебинен 0,09 процент өлчөмдө салык төлөөчүгө үстөк төлөнөт.".
9. 87-берененин 4-пунктунун 1-пунктчасында:
- "айдын" деген сөз "кварталдын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "ай сайын" деген сөздөр "квартал сайын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 90-беренеде:
- 4-пунктундагы "Документтик" деген сөз "Жерине чыгып" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Салык төлөөчүнүн салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизиши андай салык төлөөчүгө салыктык санкцияларды, ошондой эле администрациялык жана жазыктык жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды колдонууга негиз болбойт.".
11. 96-берененин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) жеке ишкерди - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен.".
12. 100-берененин 5-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) кайрадан текшерүү - салык кызматынын органдары төмөнкүдөй жүргүзүүчү текшерүү:
а) алар мурда текшерилген салык төлөөчү жөнүндө пландуу текшерүүдө аныкталбаган салыктарды туура эмес эсептөө фактылары жөнүндө документтүү түрдө ырасталган маалыматтарды алышканда жана салык кызматынын органынын кызмат адамынын документтер мурда текшерилбегендигинин себептери көрсөтүлгөн негиздүү арызын алышканда салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүү;
б) салык төлөөчү мурдагы көчмө текшерүүдө камтылган отчеттук мезгил үчүн такталган салыктык отчет бергендеги текшерүү.
Кайра текшерүү көрсөтүлгөн мезгил үчүн аталган документтик ырастоолор боюнча гана жүргүзүлөт. Мында кайра текшерүүнү салык кызматынын натыйжасы кайра текшерилип жаткан салыктык текшерүүгө катышпаган кызмат адамы жүргүзүүгө тийиш;
Жүргүзүлгөн сурамдын, экспертизанын, кайчылаш текшерүүнүн көчмө текшерүү аяктаган мезгилден кийин алынган натыйжалары ушул көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.".
13. 101-берененин 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) салык төлөөчүнүн азаюу жагын карай божомол маалыматтарынын негизинде салык төлөөчү пайдага салыктын баштапкы суммасына оңдоолорду киргизиши".
14. 106-беренеде:
- 2-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Салык органынын чечиминин формасын ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Салык төлөөчү - жеке адам же салык төлөөчү уюмдун кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон аныкталган эреже бузуулар боюнча ошол салык төлөөчү катталган салык кызматынын органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы аны Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте кароо үчүн администрациялык эреже бузгандык жөнүндө протокол түзөт.".
15. 109-берененин 1-пунктунун биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында" деген сөздөрдөн кийин "эл менен" деген сөздөр менен толукталсын.
16. 110-берененин 8-пункту "көрсөтүлүүчү кызматтарга" деген сөздөрдө кийин "аткарылчу жумуштарга" деген сөздөр менен толукталсын;
17. 15-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-глава
Баруу, текшерүү, документтерди алуу,
экспертизалоо жана протокол түзүү".
18. 113-берененин 7-пунктундагы "башкача" деген сөз алып салынсын.
19. Кодекстин расмий тилдеги 115-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацындагы "обязано" деген сөз "обязан" деген сөзгө алмаштырылсын.
20. 120-беренеде:
- 2-пунктунун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, бүтүмдүн тараптары товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө колдонгон баалар рыноктук баадан айырмалуу болсо, салык кызматынын органы тийиштүү товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды колдонгондо болуучу ошол бүтүмдүн натыйжасына ылайыкталып эсептелген салыкты, туумду жана салыктык санкцияларды салуу жөнүндө негизделген чечим чыгарууга укуктуу;
- 5-пункттун биринчи абзацы "тактап айтканда, эске алынат" деген сөздөрдөн мурда "жана кошумчалар" деген сөздөр менен толукталсын.
21. 126-беренеде:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) салык төлөөчүнүн алыш-бериш эсеби ачылганы же жабылганы жөнүндө маалымат берүүгө, ал отчеттук аптадан кийинки аптанын ичинде экинчи иш күндөн кечиктирбестен, банктын катталган жериндеги салык органына берилет.
Бул берененин максаты үчүн отчеттук апта деп дүйшөмбүдөн башталып жекшемби менен аяктачу удаалаш жети календарлык күндөн турган мезгил эсептелет.";
- 3-пункттагы "жана салыктык карызынын жоктугу" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пункт "карызын кечүү" деген сөздөн кийин "жана банктын карызды талап кылуу укугу токтогондугу" деген сөздөр менен толукталсын.
22. 142-берененин 1-3-пункттарындагы "текшерилүүчү календардык жыл" деген сөздөр "текшерилүүчү календардык жылдан мурдагы жыл" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
23. 147-берененин 6-пункту "төлөөчүнүн даттануусу" деген сөздөрдөн кийин "салык кызматынын органдарында" деген сөздөр менен толукталсын.
24. 152-берене "кызмат адамынын" деген сөздөрдөн мурда "салык кызматынын органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
25. 153-беренеде:
- 19-пунктта "салыктык жылдын ичинде" деген сөздөр "календардык жылдын ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пункт "кооператив өндүргөн" деген сөздөрдөн мурда "календардык жылдын ичинде" деген сөздөр менен толукталсын.
26. 162-берененин 1) пунктунун б) пунктчасы "сырттагы булактан" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде катталган ата мекендик уюмдардын филиалынын жана/же өкүлчүлүгүнүн кызматкери болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын резидент эмес-жеке жагын кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын.
27. 163-беренеде:
- 2, 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жөнгө салынуучу мамилелер пайда болгондо, салык базасы киреше салыгы боюнча салык мезгили үчүн минималдуу эсептик кирешенин суммасынын элүү пайызынан кем болбоого тийиш.
3. Кийинки жыл үчүн бир айлык минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү жыл сайын мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет, ал ушул Кодекстин 170-беренесинин 1 жана 3-пункттарында каралган стандарттык эсептен чыгарууларды эске алуу менен эсептелген өткөн жыл үчүн кызматкердин региондук орточо айлык эмгек акысы боюнча Кыргыз Республикасынын статистикалык органынын маалыматтарынын негизинде ошол жылдын 1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө расмий жарыяланат.
4. Эмгек акыларын төмөнкүдөй формада алуучу кызматкерлер үчүн минималдуу эсептик киреше колдонулбайт:
1) бюджеттик каражаттардын эсебинен;
2) кызматтарды айкалыштыргандыгы боюнча;
3) кенже тейлөөчү персоналдын;
4) турак-жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин, кондоминиумдардын, курулуш-турак-жай, гараждык жана бак-чарбак кооперативдеринин кызматкерлеринин;
5) I, II жана III топтогу майыптардын;
6) эркинен ажыратуу жайларында же поселениелерде жаза мөөнөтүн өтөө убагында иштеген адамдардын.".
- 5-пункт "от жагуучулар" деген сөздөрдөн кийин ", стажерлор, шакирттер, кароолчулар" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Толук эмес жумуш убактысы колдонулганда, кызматкерлер үчүн минималдуу эсептик киреше жумуш берүүчү тарабынан төмөнкүлөрдүн иш жүзүндө иштеген мезгилине карата пропорционалдуу колдонулат:
1) жумушка жараксыздыгы жана төрөгөндүгү боюнча пособие алгандардын;
2) толук эмес иш күнүн иштегендердин;
3) өрүгүүдө, анын ичинде акы төлөнбөгөн өргүүдө жүргөндөрдүн;
4) кайрадан кабыл алынгандардын же толук эмес бир ай иштеп бошотулгандардын.".
28. 165-берененин 1-пунктунун 8-пунктчасы "сатып алуу" деген сөздөрдөн мурда "мурастоону, белекке берүүнү кошкондо," деген сөздөр менен толукталсын.
29. 167-беренеде:
- 25-пункттагы "экономикалык ишти" деген сөздөр "ишкердикти" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"27) жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактардын айыл чарба продукцияларын сатуудан түшкөн кирешелери";
30. 176-беренеде:
- 3-пунктта:
- "календардык ай үчүн" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Учурдагы ай үчүн салык милдеттенмелерин эсептешүүдө киреше салыгынын салык базасы жана минималдуу эсептик киреше суммасы учурдагы салык мезгилинин башынан баштап кызматкер иш жүзүндө иштеген айлар үчүн жогору өскөн натыйжа катары салык агенти тарабынан эсептелет.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Эгерде ушул пунктта башкалар каралбаса, салык агентине стандарттык эсептен чыгаруу укугу жеке жак менен салык агентинин ортосундагы эмгек мамилелери төлөмдөр жүргүзүлгөн айдын ичинде 15 күндөн кем эмес мезгилди камтыган учурларда гана берилет.
Эгерде эмгек мамилелери 15 күндөн аз мезгилди камтыса, ошондой эле адам башка иш менен айкалыштырып иштесе, салык агенти ушул эмгек мамилелери боюнча төлөмдөрдөн эсептен чыгарууну мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн суммасында гана жүргүзүүгө укуктуу".
31. 178-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Жеке жакка киреше төлөөнүн фактысы жана суммасы жөнүндө маалыматтын формасы, анын ичинде материалдык пайда формасында берилгендери, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.".
32. 180-беренеде "аныкталган жеке чыгарып салууну" деген сөздөр "аныкталган стандарттык чыгарып салууну" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
33. 181-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган кирешелерге киреше салыгын салуу, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде кирешени төлөп берүүнү кошкондо, киреше төлөп берилген жерге карабай жүргүзүлөт.".
34. 196-берененин аталышындагы жана 1-пунктундагы "кредиттер жана зайымдар" деген сөздөр "карыз милдеттенмелери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
35. 198-беренеде:
- 1-пунктта:
"кредиттер жана зайымдар" деген сөздөр "карыз милдеттенмелери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"бажы алымдары жана жыйымдары," деген сөздөрдөн кийин "эсепке алынууга тийиш болгон КНСти кошпогондо, салыктар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункт "бажы алымдары жана жыйымдары," деген сөздөрдөн кийин ", эсепке алынууга тийиш болгон КНСти кошпогондо, салыктар" деген сөздөр менен толукталсын".
36. 207-берененин 1-пунктунда:
- "теңдештирилген активдин-күрөөгө коюлган мүлкү" деген сөз "аларга теңдештирилүүчү активдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Бул бөлүктүн максаттары үчүн финансылык лизинг, ошондой эле банктын менчигине алынган күрөө мүлкү банк кредитине теңдештирилген актив болуп эсептелет.".
37. 30-глава төмөнкүдөй мазмундагы 208-1-берене менен толукталсын:
"208-1-берене. Эсептен чыгарылууга тийиш болгон салыктар
1. Төмөнкүлөр эсептен чыгарылууга тийиш:
1) жер салыгы;
2) мүлк салыгы;
3) ушул Кодекске ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болбогон КНС;
4) кенди пайдалангандыгы үчүн салыктар.
2. Салык агенти болуп эсептелген салык төлөөчү субъектке киреше төлөгөндө ушул салык төлөөчү тарабынан кармалып калуучу салыктарды эсептен чыгарууга укуктуу.".
38. 209-берененин 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3) ушул Кодекстин 208-1-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон салыктар.".
39. 217-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"217-берене. Пайда салыгынын алдын ала суммасын төлөө
1. Салык төлөөчү салык мезгилинин учурдагы кварталынын экинчи айынын 20сынан кечиктирбей пайда салыгынын алдын ала суммасын бюджетке квартал сайын төгүүгө милдеттүү.
2. Эгерде ушул беренеде башкалар каралбаса, салык мезгилинин биринчи кварталында төлөнүүгө тийиш болгон пайда салыгынын алдын ала суммасы өткөн салык мезгилинин 9 айы үчүн эсептелген пайда салыгынын суммасынын 1/3 өлчөмүндө аныкталат.
3. Эгерде ушул беренеде башкалар каралбаса, салык мезгилинин биринчи кварталынан кийинки кварталдарында төлөнүүгө тийиш болгон пайда салыгынын алдын ала суммасы өткөн салык мезгили үчүн пайда салыгы боюнча декларацияда аталган пайда салыгынын суммасынын 1/4ине барабар алынат.
4. Салык төлөөчү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө бербесе, пайда салыгынын алдын ала суммасы декларация берилген кварталдын аягына чейин ушул берененин 2-бөлүгүндө аталган өлчөмдө төлөнүүгө тийиш.
5. Өткөн салык мезгилинин жыйынтыгы боюнча чыгаша тарткан же салык салынуучу кирешеси жок салык төлөөчү, ошондой эле кайрадан түзүлгөн уюм пайда салыгынын алдын ала суммасынын өлчөмүн салык төлөөчүнүн божомолдонгон маалыматтарынын негизинде аныктоого укуктуу жана тиешелүү эсептешүүнү декларация берген күндөн же кайрадан түзүлгөн уюм катталган күндөн баштап 30 күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
6. Эгерде салык мезгилинин биринчи жана/же экинчи кварталы үчүн салык төлөөчүнүн божомолдонгон маалыматтарынын негизинде эсептелген салыктын суммасы ушул квартал үчүн төлөнүүгө тийиш болгон салыктын алдын ала суммасынан 30 пайыздан көп айырмаланса, салык төлөөчү салык мезгилинин биринчи жана/же экинчи кварталында төлөнүүгө тийиш болгон салыктын алдын ала суммасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Бул пунктта каралган салыктын алдын ала суммасын коррекциялоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү салыктын жана пайданын ставкаларынын негизинде;
- салыктын алдын ала суммасынын эсебин салык органына берүү жолу менен салык мезгилинин тиешелүү кварталынын 30-январынан жана 30-апрелинен кеч эмес мөөнөттө салык төлөөчү тарабынан өз алдынча.
Эгерде ушул бөлүккө ылайык салык төлөөчүнүн божомолдонгон маалыматтарынын негизинде эсептелген салыктын суммасы ушул бөлүктүн 1) пунктунда каралган тартипте эсептелүүчү, тиешелүү квартал үчүн пайда салыгынын иш жүзүндөгү суммасынан 30 пайыздан ашык төмөн болсо, салык төлөөчүгө салыкты төлөбөгөндүгү же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ушул Кодексте белгиленген туум колдонулат.
7. Эгерде салык мезгилинин биринчи жарым жылдыгы үчүн финансылык натыйжанын негизинде эсептелген салыктын суммасы ушул мезгил үчүн төлөнүүгө тийиш болгон салыктын алдын ала суммасынан 30 пайыздан көп айырмаланса, салык төлөөчү салык мезгилинин үчүнчү жана төртүнчү кварталында төлөнүүгө тийиш болгон салыктын алдын ала суммасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
Бул пунктта каралган салыктын алдын ала суммасын коррекциялоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү салыктын жана пайданын ставкаларынын негизинде;
- тиешелүү эсептешүүнү салык органына берүү жолу менен салык мезгилинин 30-июлунан кеч эмес мөөнөттө салык төлөөчү тарабынан өз алдынча.
8. Салыктын алдын ала суммасы төлөнбөсө же өз убагында төлөнбөсө, анын ичинде ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык салыктын алдын ала суммасын коррекциялоону жүргүзбөөнүн жана/же туура эмес коррекциялоонун айынан болсо, салык төлөөчүгө салыкты төлөбөгөндүгү же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ушул Кодексте белгиленген туум колдонулат.".
40. 224-берене 2-пункттагы "КНСтен бошотулган" деген сөздөн жана аббревиатурадан кийин "жана КНС боюнча салык салынуучу объект болуп эсептелбеген" деген аббревиатура жана сөздөр менен толукталсын.
41. 229-берененин 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Эгерде ал ырааттуу 12 айдын ичинде же ырааттуу 12 айга жетпеген мөөнөттү түзүүчү мезгилдин ичинде наркы 4000000 сом суммасынан ашкан (мындан ары бул бөлүмдө - КНС боюнча каттоо чеги) ушул Кодекстин 224-беренесинин 2-пунктунда каралган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашырса, экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүчү субъект КНС төлөөчү катары каттоодон өтүшү керек.".
42. 231-беренеде:
- 2-пункттун 4-пунктчасындагы "КРУБдун" деген аббревиатура "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. уставдык капиталга (фонд, чегерүү) берилген мүлктү өткөрүү же кайтаруу.".
43. 243-беренеде:
2-пункттун 1-пунктчасы "берүү" деген сөздөн кийин "жана өндүрүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Банктын заемчусунун карызын жоюунун эсебине алынган мүлктүн банк тарабынан аткарылган берими кредит боюнча карыздын суммасынын чектеринде КНСтен бошотулган болуп эсептелген.".
44. 259-берененин 2-пунктундагы "9022" деген цифралардан кийин "9027" деген цифралар менен толукталсын.
45. 282-берененин 5-пунктунун биринчи абзацындагы ", жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө" деген сөздөр алып салынсын.
46. 286-берененин 1-пунктунун 2 жана 4-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) акциздик товардын КНС, сатуу салыгы жана акциздик салыгы кошулбаган сатылуучу баасы; жана/же
4) товардын КНС, сатуу салыгы жана акциздик салыгы кошулбаган рыноктук баасы - товар өндүрүүчү тарабынан акциздик товар накталай төлөм, белек катары берилгенде, күрөөгө коюлган товарлар күрөө кармоочунун менчигине өткөрүлгөндө же алмашуу операциясында, ошондой эле акысыз берилгенде.".
47. 306-берененин 1-пунктунда:
- "кечиктирбестен" деген сөздөн кийин "кечиктирбестен каттоодон өткөн жери боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Ал эми каттоосу жок болгон учурда бонус салыктык каттоодон өткөн жери боюнча төлөнөт.".
48. 313-беренедеги "төлөөгө милдеттүү" деген сөздөр "төлөөгө каттоодон өткөн жери боюнча милдеттүү. Ал эми каттоосу жок болгон учурда роялти салыктык каттоодон өткөн жери боюнча төлөнөт." деген сөздөргө алмаштырылсын.
49. 315-берененин 1-пунктунун 3-пунктчасындагы "КРУБ" деген аббревиатура "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
50. 316-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"316-берене. Салык салуу объектиси
1. Сатуудан салык алынуучу объект бул товарларды сатуу, иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.
2. Сатуудан салык алынбоочу объект болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) мүлктү менчик ээсинен төмөнкүгө өткөрүп берүү:
а) ишеним алып башкаруу келишиминин негизинде ишеним алган башкаруучуга;
б) кадимки өнөктөштүк келишимине ылайык ушул өнөктөштүктүн ишин алып баруу боюнча милдеттенмелер жүктөлгөн субъект;
2) ишеним алып башкаруу же жөнөкөй өнөктөштүк келишиминин аракети токтогон учурда менчик ээсине мүлктү өткөрүп берүү.".
51. 317-беренеде:
- 2-пункт "салыктык база" деген сөздөрдөн кийин "КНС жана сатуу салыгын эсептебестен" деген аббревиатура жана сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункт "казындылардын" деген сөздөн кийин "КНСти эсептебестен" деген аббревиатура жана сөз менен толукталсын;
- 4-пункт "айырма" деген сөздөн кийин "КНСти эсептебестен" деген аббревиатура жана сөз менен толукталсын;
- 5 жана 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Банк үчүн салыктык база болуп негизги каражаттарды, товарларды сатуудан түшкөн пайда, проценттик кирешелер, валюталык опрециялардан чыгымдарды алып салуу менен валюталык операциялардан кирешелерди кошуп эсептегенде жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше эсептелет.";
6. Камсыздандыруу уюму үчүн салыктык база КНСти жана сатуу салыгын эсепке албастан товарларды, жумуштарды сатуудан түшкөн пайда, кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча кайрадан камсыздандыруучуга тиешелүү камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасын чыгарып салгандан кийин сатуу салыгын эсептебестен кызмат көрсөтүүлөр эсептелет.
Топтомо камсыздандыруунун түрлөрү боюнча салыктык базасы болуп сатуу салыгын эсепке албастан камсыздандыруу төлөмдөрүн чыгарып салгандан кийин келип түшкөн камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы эсептелет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Аффинаждоо жана кийинки сатуу үчүн каалагандай түрдөгү алтынды жана/же күмүштү сатып алууда салыктык базасы болуп аффинаждалган сатылган алтындын жана/же күмүштүн наркы менен каалагандай түрдө сатып алынган алтындын жана/же күмүштүн наркынын ортосундагы айырма эсептелет.".
52. 318-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) бүтүмдүн шарттарын толук же жарым-жартылай аткарбоо".
53. 319-берене төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Бул беренеде соода иши деп сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча иштер түшүнүлөт".
54. 322-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"322-берене. Салыктык отчет берүү жана салык төлөө мөөнөтү
Салык төлөөчү отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча отчет берүүгө жана сатуудан салыкты төлөөгө милдеттүү. Ал эми каттоосу жок болгон учурда сатуудан салык салыктык каттоодон өткөн жери боюнча төлөнөт.".
55. XIII бөлүмдүн бүткүл тексти боюнча "К1", "К2", "К3" коэффициенттери тиешелүү түрдө "Кр", "Кз", "Ко" коэффициенттерине алмаштырылсын.
56. 332-беренеде:
- 1-пункттун 2-пунктчасындагы "өтүп жаткан жылдын 1-июнунан кечиктирбестен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункттун 2-пунктчасындагы "өтүп жаткан жылдын 1-июнунан кечиктирбестен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Салык төлөөчүлөр мүлккө салык боюнча маалымат эсебин беришет:
1) 1, 2 жана 3-топтун мүлк объекттери үчүн:
а) ушул жылдын 1-мартына чейин - уюмдар жана жеке ишкерлер;
б) ушул жылдын 1-майына чейин - жеке ишкерлерди кошпогондо жеке жактар;
2) 4-топтун мүлк объекттери үчүн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мөөнөттө".
57. XIV деген бөлүмдүн бүткүл тексти боюнча "К1" жана "К2" коэффициенттери тиешелүү түрдө "Кз" жана "Кк" коэффициенттерине алмаштырылсын.
58. 338-беренеде:
- аталышында жана 1-пункттагы "короо жай" деген сөздөрдөн мурда "үй жанындагы," деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт алып салынсын;
- 3-пункттагы "Эгер" деген сөздөн кийин "үй жанындагы," деген сөздөр менен толукталсын.
59. 339-беренеде:
- 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Зоналык коэффициент Кз ушул Кодекстин 327-беренесинин 8-бөлүгүндө каралган тартипте белгиленет.
5. Коммерциялык коэффициентти Кк пайдалануу үй жанындагы, жер, короо жай жана багбанчылык жер участоктордун турак жай курулуштар же жашоо үчүн менчик ээси тарабынан өткөрүп берилген курулмалардын бөлүгү ээлеген үлүшкө пропорционалдуу бөлүктөр үчүн 1,0 барабар болуп белгиленет";
6-пункттун 21-пунктчасындагы "калктуу конуштун чегинде жайгашкан" деген сөздөр алып салынсын.
60. 341-беренеде:
- 1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3) короо жай жана багбанчылык жер участоктор үчүн төмөнкүдөй формула боюнча:
Н = С х П х Кз, мында
Н - жер салыгынын суммасы, С - жер салыгынын ставкасы, П - жер участогунун аянты, кв.м, Кз - зоналык коэффициент, ушул Кодекстин 327-беренесинин 8-бөлүгүндө каралган тартипте белгиленген.";
- 5-пункттагы "Жеке адамдардын" деген сөздөрдөн кийин "үй жанындагы жер участоктору," деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эгер жер участогунда Кк коммерциялык пайдалануунун ар кандай коэффициенттери колдонулган курулуштар болсо, ал курулуштардын ар бирине тиешелүү жер участокторунун үлүштөрү же алардын бөлүгү алар курулган аянттарга пропорциялуу аныкталат.".
61. 342-берененин 2-пунктундагы "берилген" деген сөздөн кийин "үй жанындагы," деген сөздөр менен толукталсын.
62. 344-берененин 2-пунктундагы "төмөнкүлөр" деген сөздөн кийин "үй жанындагы," деген сөздөр менен толукталсын.
63. 349-беренеде:
- 1-пункттагы "355" деген цифралар "348" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөрдөн кийин "макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
"көрсөтүлүүчү кызматтардын" деген сөздөрдөн кийин "объекттеринин" деген сөз менен толукталсын.
64. 352-берененин 2-пунктундагы "удаалаш өтүүчү" деген сөздөрдөн кийин "1, 2," деген цифралар менен толукталсын.
65. 353-беренеде:
- "Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) тигүү, токуу буюмдарын жана бут кийимдерди өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзүүчү уюмдарды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын.
66. 359-берененин 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1) кызматкерлердин орто саны 30 адамдан ашпайт".
67. 378-берене "Атайын каражаттарга" деген сөздөрдөн кийин "мектепке чейинки билим берүү уюмдарын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
68. 385-берененин 1-пунктунда:
- "квартал сайын" деген сөз "ай сайын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "квартал" деген сөз "ай" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Кирешеге салык төлөөчү 2009-жылдын биринчи жана/же экинчи кварталы үчүн салыктын алдын ала суммасынын өлчөмүнө туум айып эсептебестен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 217-беренесинде каралган тиешелүү оңдоону киргизүүгө укуктуу.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 170-беренесинин 1 жана 3-пункттарында каралган стандарттуу алып салууларды кошпогондо, Бир айга кирешенин 2009-жылга минималдуу эсептелген өлчөмү Кыргыз Республикасынын статистика органынын маалыматтарынын негизинде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан 2008-жыл үчүн кызматкерлердин региондук орто айлык эмгек акысы боюнча ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен расмий жарыялоо менен белгиленет.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 54 жана 67-пункттары 2010-жылдын 1-январынан жана 65-пунктту 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|