Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-июну №393
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
346-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"346-берене. Салык салуудан качуу
Эгер ушул беренеде башкача каралбаса, пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруу (азайтуу) түрүндөгү салык салуудан качуу
жарандарга - жыйырма эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эгерде салыкты жашыруу (азайтуу) өлчөмү жарандар үчүн кырк эсептик көрсөткүчтөн, уюмдар үчүн - эки жүз эсептик көрсөткүчтөн ашпаса, администрациялык айып жашыруу (азайтуу) суммасынын 50 проценти өлчөмүндө салынат.
Бухгалтердик эсептин жоктугу, бухгалтердик эсепти бурмалоо, бухгалтердик отчетторду, баланстарды, эсептөөлөрдү жана бюджетке салыктарды эсептөө жана төлөө менен байланышкан башка документтерди бербөө, -
жыйырма эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|