Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-июну №396
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1993-ж., N 3, 90-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. 8-берене төмөнкүдөй мазмундагы биринчи бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө кызматтарын көрсөтүүчү эркин экономикалык зоналардын субъекттерин кошпогондо, чарбалык жана тышкы экономикалык иштердин катышуучулары (белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар) эркин экономикалык зонада иш жүргүзүү мезгилинде салыктардын, алымдардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүнөн бошотулат. Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө үчүн эркин экономикалык зоналардын субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык кошумча наркка салык алынат. Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө үчүн кызмат көрсөтүүлөр болуп Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зонасынын аймагында каалагандай жеке жактар сатып алган кызматтар эсептелет. Эркин экономикалык зоналардын субъектилеринде жалданып иштеген жеке адамдардан социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү жана киреше салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынат.".
2. 12-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жеңилдетилген салык салуу жана бажылык режим Кыргыз Республикасынын Салык кодекси кабыл алынган күндөн тартып 10 жыл бою колдонулат.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-жыл, N 7, 252-берене) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 2-пунктунда:
"инвестициялык" деген сөздөн кийин ", салыктык" деген сөз менен толукталсын;
", салык салуу" деген сөз алып салынсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры, N 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
375-беренеде.
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Эгерде ушул главада жана "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача каралбаса, ЭЭЗдин ушул Кодекстин 372-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына жооп берген субъекттеринин иши салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат.";
- 3-пунктта:
биринчи абзац "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "жана "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацта "ошондой эле" деген сөздөр "анын ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункт "бажы мыйзамдары" деген сөздөрдөн кийин "жана эркин экономикалык зоналар жөнүндө мыйзамдар" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
5-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|