Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-июну №400
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2009-2011-жылдарга карата стратегиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын оорчулугун жеңилдетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2009-2011-жылдарга карата стратегиясы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору өз иштеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2009-2011-жылдарга карата стратегиясына таянышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |