Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы №400 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2009-2011-жылдарга карата СТРАТЕГИЯСЫ
Киришүү
1. Тышкы карыз
2. Ички карыз
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2009-2011-жылдарга карата стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тобокелдин алгылыктуу деңгээл менен эң аз чыгымдуу узак мөөнөттүү каржылоого муктаждыктарын камсыздайт. Бул Стратегия мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышын андан ары азайтууну жана ички рыноктун эсебинен улуттук валюта менен каржылоонун үлүшүн көбөйтүүнү көздөйт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төлөмдөр боюнча бардык милдеттенмелерди өз убагында аткарып, жаңы береселерди көбөйтпөстөн, эл аралык рыноктордо ишенимдүү карыз алуучунун статусун калыбына келтирүүгө аракет кылат, ошондой эле мындай чаралар финансы секторун өнүктүрүүгө жана акча-кредиттик саясатты натыйжалуураак жүргүзүүгө жакшы таасир этээрин эске алуу менен мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун каржылоонун кошумча булагы катары чыңдоо боюнча чараларды көрөт.
Мамлекеттик карыздын 2003-2008-жылдардагы динамикасы (млн. АКШ доллары менен):
| 2003-ж | 2004-ж | 2005-ж | 2006-ж. | 2007-ж | 2008-ж |
Ички карыз | 163,55 | 178,61 | 174,06 | 180,62 | 201,1 | 91,5 |
Тышкы карыз | 1754,24 | 1949,77 | 1882,23 | 1980,43 | 2076,10 | 2127,9 |
Мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду тышкы каржылоо боюнча мурда алынган милдеттенмелерге ылайык кийинки жылдарда грант элементтүү, 35%дан ашыкты түзбөгөн жеңилдиктүү гана карыздар, ошондой эле гранттар гана алынат. Эгер мындай чаралардын өлкөнүн беделине терс таасири карызды тейлөөнүн потенциалдуу азайышы менен акталбаса, анда карызды реструктуралоонун милдеттенменин аткарылбай калышына барабар болгон жаңы чаралары, мисалы: карыз боюнча пайдасыз алмашуу операциялары жасалбайт.
Карызды реструктуралоо Париж клубунун протоколдорунун чегинде кайталап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча милдеттенмелер каралган, Париж клубуна мүчө эмес өлкөлөрдөн алынган жоюла элек эки тараптуу кредиттерге карата гана колдонулат.
Реструктуралоо процесси жана мамлекеттик тышкы карыздын орчундуу үлүшү боюнча оорчулукту жеңилдетүү үчүн акыркы мөөнөттү аныктоо өлкөгө өлкөлүк кредиттик рейтинг алуу үчүн кайрылууга мүмкүндүк берет. Мындай рейтинг тийиштүү деңгээлге жетишилген шартта мамлекеттин тышкы жана ички береселеринин наркын жеңилдетүүнү эле камсыздабастан, ишкердик сектор үчүн тышкы финансылык булактарга чыгууну да жеңилдетет.
Карызды тейлөөнүн оорчулугун андан ары жеңилдетүү боюнча күч-аракетти Париж клубунун протоколдорунун чегинен сыртта реструктуралоо жолу менен улантуу карыздын туруктуулугунун индикаторлоруна бир аз гана жакшы таасир эте алат, бирок өлкөнүн кредиттик рейтинг алуу жана ал рейтингди жогорулатуу ниетине тоскоол болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик карыздын структурасын жана өлчөмүн андан ары өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй чектик деңгээлдерди белгилейт:
| 2009-ж | 2010-ж. | 2011-ж |
Мамлекеттик карыз/ИДП | 42,8% | 35,0% | 28,6% |
Тышкы карыз/ИДП | 38,9% | 32,2% | 26,7% |
Мамлекеттик карызды тейлөө/киреше | 15,8% | 14,0% | 11,2% |
Тышкы карызды тейлөө/киреше | 7,9% | 7,0% | 6,4% |
Тышкы карызды тейлөө/ИДП | 1,6% | 1,4% | 1,2% |
Тышкы карызды тейлөө/экспорт | 4,2% | 3,6% | 3,1% |
Мамлекеттик тышкы карыз/экспорт | 102,0% | 85,6% | 71,2% |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик ички жана тышкы карыздын өлчөмүн, структурасын жана алар боюнча адаттагы тобокелди такай контролдойт жана туруктуулуктун бардык бюджеттик индикаторлору жана тышкы карыздын туруктуулугунун индикаторлору андан ары өркүндөтүлүшүн камсыздайт.
Мындай чаралар проценттик ставкасы жогорку кымбат карыздарды мөөнөтүнөн мурда жоюуну жана тышкы карыз боюнча алмашуу курсунун тобокелин төмөндөтүү үчүн валюталык свопторду пайдалануу мүмкүндүгүн караштырат.
Тийиштүү министрликтер жана ведомстволор арасындагы координация Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы N 183 Жарлыгы менен бекитилген Өлкөнү өнүктүрүүнүн 2009-2011-жылдарга карата стратегиясында каралгандай, мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн, бюджетти жана төлөмдүк балансты сактоо үчүн жаңы алынчу тышкы жана ички карыздардын суммасы жана структурасы Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясынын максаттык критерийлери менен шайкеш болушун гарантиялоого мүмкүндүк берет.
Өкмөттүк кепилдиктер жөнүндө жаңы жобо мамлекет тарабынан кепилдик берилген жеке карыз алуулардын натыйжасында болуучу шарттуу милдеттенмелерди жана аларга байланыштуу болгон милдеттенмелерди катуу контролдоону камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы N 183 Жарлыгы менен бекитилген Өлкөнү өнүктүрүүнүн 2009-2011-жылдарга карата стратегиясында белгиленген тышкы карыз алуулар боюнча өкмөттүк кепилдиктерди берүүгө мораторий жаңы жобо кабыл алынганга чейин күчүндө болот.
Жаңы жобо Бюджеттин орто мөөнөттүк болжолунда жана жыл сайынкы бюджетте белгиленген чектик деңгээлдерге ылайык берилчү жаңы кепилдиктерди жактыруу жол-жобосун аныктайт. Бул гарантиялык фондду түзүүнү карайт, мамлекеттик кепилдиктерди алуучулар ал фондго кайра берилчү кепилдик взносторду жана тейлегендик үчүн кайра берилбечү жыл сайынкы төлөмдөрдү төгүп турууга тийиш.
Мамлекеттик карызды башкарууда мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жолу менен ички каржылоонун ролу жогорулайт. Эмиссиялардын көлөмүнүн көбөйүшү, ачык жана натыйжалуу эмиссиялык саясат, эсептешүүлөрдүн механизмин жана баштапкы дилерлердин иштерин өркүндөтүү жана инвесторлор жамааты менен үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү тышкы каржылоого көз карандылыктын азайтылышын камсыздайт, аманат нормаларын көбөйтөт жана узак мөөнөттүү мезгилде туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт.
(млн.сом)
| 2003-ж | 2004-ж | 2005-ж | 2006-ж | 2007-ж | 2008-ж |
МКМ | 4550 | 4282 | 4045 | 3714 | 3523 | 2793 |
МКВ | 664 | 955 | 1158 | 1260 | 1735 | 2870 |
Банктык эмес финансылык институттарды өнүктүрүү үчүн зарыл чаралар: милдеттүү камсыздандыруу системасын, ошондой эле ыктыярдуу топтоочу пенсиялык системаны киргизүү инвесторлордун чөйрөсүн кеңейтет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы (мындан ары - КРУБ) инвесторлор чөйрөсүн кеңейтүү жана мамлекеттик баалуу кагаздардын мөөнөттөрүн узартуу үчүн активдүү, ликвиддүү жана тереңдөөчү экинчи рынокту түзүү боюнча чараларды көрүшөт.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү мамлекеттик бюджетти каржылоо максаттары үчүн эле кызмат кылбастан, финансы секторун өнүктүрүүгө да маанилүү таасир берет, бизнести өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү ресурстарды натыйжалуураак бөлүштүрүүгө алып келет.
Бул максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик карызды башкаруу ачык-айкындык, жөнөкөйлүк жана ликвиддүүлүк принциптерине таянат, бул төмөндөгү чараларды караштырат:
- каржылоонун кварталдык жана жарым жылдык көлөмдөрүн такай жарыялап туруу;
- жүгүртүүдөгү мамлекеттик баалуу кагаздардын ар кандай түрлөрүн маанилүү азайтууга жетишүү үчүн эмиссия календарын жана эмиссиянын структурасынын өзгөрүшүн жарыялоо.
- мамлекеттик облигацияларды жүгүртүү мөөнөтүн этап менен көбөйтүү;
- жүгүртүү мөөнөтү бир жылдан ашык МКВ чыгарууну токтотуу жана жүгүртүү мөөнөтү 2 жылдык фиксацияланган купондуу облигацияларды чыгаруу, алар кийин рынокто мүмкүнчүлүк болгон учурда беш жылга чейин узартылышат;
- баштапкы дилерлер системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү, андай өзгөртүүлөр алардын рыноктун катышуучусу катары ролун күчтөндүрөт;
- баштапкы жайгаштыруу маселеси боюнча рыноктун катышуучуларынын Эмитент жана Агент менен үзгүлтүксүз консультацияларын камсыздоо;
- эл аралык стандарттарга ылайык регистраторду, депозитарийди жана эсептешүүлөр системасын түзүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу үчүн чекене соода тармагын өнүктүрүү;
- негизинен майда жеке инвесторлорго арналган, инфляцияга байлаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу мүмкүндүгүн изилдөө;
- мамлекеттик карызды мамлекеттик баалуу кагаздарды сатууда жекече жайгаштыруудан жана мажбурлоо чараларынан алыс болуу менен башкаруу.
Кыска мөөнөтүү мезгилде мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу мамлекеттик бюджеттин эсептеринин жетиштүү ликвиддүүлүгүн жана КРУБдун инфляциялык процесстерди каршы багытка бурууга жана болуучу инфляциялык кысымды токтотууга арналган акча-кредит саясаты менен тыгыз координацияны камсыздоого тийиш.
Муниципалдык баалуу кагаздар жөнүндө жаңы жобо баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө, мамлекеттик карыздын диапазонун мамлекеттик каржылоонун тике муктаждыктарынын чегинен тышкары кеңейтүүгө, ага өнүктүрүүнүн локалдуу долбоорлору үчүн жергиликтүү деңгээлде каржылоонун муктаждыктарын киргизүүгө шарт түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик карыз жөнүндө туура статистикалык маалыматтар жана индикаторлор өз убагында жарыяланышын гарантиялайт. Жылдык финансылык пландын жана мамлекеттик карыз боюнча отчеттордун такай жарыяланышы мамлекеттик карызды башкаруудагы ачык-айкындык орчундуу көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карызын башкаруу үчүн, ошондой эле мамлекеттик карызга тийиштүү бардык маселелердин жөнгө салынышы жана мониторинги үчүн толугу менен жооп берет.