Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-июну №403
"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары О.П.Назаров жана М.К.Кунакунов тарабынан демилге кылынган "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы №403 токтому менен жактырылган |
"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары О.П.Назаров жана М.К.Кунакунов демилге кылган "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй эскертүүлөрдү жана сунуштарды киргизет.
1. Мыйзам долбоорунун бир катар жоболорунда жаштар иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын жөнгө салуу сунуш кылынган (Мыйзам долбоорунун 7, 8, 10, 12, 13, 16, 18, 20, 21-беренелери). Ошону менен бирге Конституцияда жана мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенцияларына берилген ыйгарым укуктарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине ылайык мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечет. Ушул маселени укуктук жөнгө салуу деңгээли белгиленген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинде коргонуу, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелерин караган мамлекеттик органдарды кошпогондо, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү жоболордо аныкталат деп белгиленген.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунан аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын аныктаган жоболорду алып салуу зарыл экендигин белгилейбиз.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы 1064-III токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 2.4. жана 2.5.-пункттарына ылайык преамбула мыйзам долбоорунун жөнгө салуу предметин баяндабайт, ал өз кезегинде мыйзам долбоорунун түзүмдүк бирдигинде берилүүгө тийиш, ошондуктан долбоордун преамбуласынын редакциясын кайрадан карап чыгууну жана Мыйзам долбоорунун укуктук жөнгө салуу предметин өзүнчө беренеде берүүнү сунуш кылабыз.
Жогоруда аталган Нускама менен бекитилген мыйзам чыгаруу техникасынын талаптарын көңүлгө алуу менен Мыйзам долбоорунун текстин расмий-иштиктүү стилге ылайык баяндоону сунуш кылабыз. Мисалы, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде келтирилген "мамлекеттик жаштар саясаты" терминин төмөнкүдөй редакцияда баяндоо керек: "Мамлекеттик жаштар саясаты жаштардын натыйжалуу түрдө өзүн-өзү ачык берүүсүн жана анын потенциалын өнүктүрүү үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталган чаралар системасы".
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин үчүнчү абзацы, долбоордун тексти боюнча "жаш жарандар" деген бирдиктүү терминди пайдалануу сунушталат.
Ошондой эле 1-беренеде баяндалган "оор турмуштук кырдаалда калган жаш адамдар" деген терминдин редакциясын толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Аталган аныктамада критерийлерди комплекттештирүү зарыл, алар болгон учурда анын натыйжасында жаш жарандар өз алдынча өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албаган себептер "калыс" деп таанылат.
Ошентип, "мамлекеттик жаштар саясаты" терминин нормативдик укуктук актынын долбоорунда пайдаланылуучу бардык түшүнүктөр топтолгон мыйзам долбоорунун 1 -беренесинде ачып берүүнү сунуштайбыз, мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-пунктун алып салуу зарылдыгын белгилейбиз.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар эсептелет. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде төмөнкүлөрдү сунуш кылабыз:
- 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөр менен алмаштырууну;
- 2-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
"2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.".
5. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 2-пунктунун 10-пунктчасында жаштар иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик жаштар саясаты жаатында мыйзамдарды сактоону камсыз кылууга укуктуу экенин белгилөө сунушталат. Бул пункт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине каршы келет, ага ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын так жана бир түрдүү аткарууга көзөмөлдү ишке ашыруу боюнча функциялар прокуратура органдарына жүктөлгөн.
6. Мыйзам долбоорунун 14-беренесин алып салуу керек, анткени "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 22-пунктуна ылайык консультациялык-кеңешүүчү органдарды уюштуруу укугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ээ.
7. Мыйзам долбоорунун 15-беренесинде мамлекеттик жаштардын саясатын ишке ашыруу максатында жаштардын иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында Жаштарды колдоонун республикалык фондун, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен түзүү каралууда.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондун, ошондой эле ыктыярдуу чегерүүлөрдүн жана кайрымдуулуктун эсебинен түзүлүүчү бюджеттен тышкаркы фонддорду кошпогондо, "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык мамлекеттик аткаруу бийлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүүгө тыюу салынат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 2-пунктунун редакциясын фонддун мүлкүн түзүүчү булактардын катарынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарын алып салуу жагында толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө белгилей кетүү керек.
8. Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 1-пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына мамлекеттик жаштар саясаты жагында мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү алып баруу сунушталууда. Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесине ылайык Өкмөт тарабынан киргизилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин карамагына таандык.
9. "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык коопсуздуктун бардык түрлөрүн камсыздоо боюнча минималдуу зарыл талаптар техникалык регламенттер менен белгиленээрин көңүлгө алуу менен жана аталган Мыйзамдын 3-беренесине ылайык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары техникалык жөнгө салуу жаатында сунуш берүүчү мүнөздөгү актыларды гана чыгарууга укуктуу экенин эске алуу менен мыйзам долбоорунун 21-беренесинин 2-пунктунун экинчи абзацынын жана 4-пунктунун редакциясын кайра кароону сунуштайбыз.
10. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 17-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашыруу аркылуу мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды көрүүгө укуктуу жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз каалоосу боюнча муниципалдык менчикти сатып алууга, ага ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу экенин эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 21-беренесинин 3-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
11. Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 1-пунктундагы "учурдан" деген сөздү "күндөн" деген сөзгө алмаштырууну сунуштайбыз.