Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-июну №409
Мамлекеттик эмес эксперттик уюмду кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө аттестациялоонун эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жагындагы ишти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүүчү уюмдарды аттестациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик белгиленсин.
2. Мамлекеттик эмес эксперттик уюмду кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө аттестациялоонун тиркелген эрежеси бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |