Загрузка документа…
|
| |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 409 токтому менен бекитилген
| |
|
| |
Мамлекеттик эмес эксперттик уюмду кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө аттестациялоонун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
2. Негизги терминдер
3. Аттестациялоону жүргүзүү тартиби
4. Аттестацияланган мамлекеттик эмес эксперттик уюмдардын
милдеттери жана укуктары
5. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жана
жокко чыгаруу
6. Аттестациялоо боюнча иштин акысын төлөө
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик эмес эксперттик уюмду кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө аттестациялоонун ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизалоо институтун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы № 75 "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыккан.
2. Эрежелер кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерди экспертизалоону жүргүзүүдө компетенттүүлүгүн ырастоо жана ишенимди жогорулатуу максатында мамлекеттик эмес экспертизалоо уюмун аттестациялоодон өткөрүүнүн жол-жобосун белгилейт.
3. Мамлекеттик эмес эксперттик уюмдарды экспертизалоо бекитилген нормативдик укуктук актыларга жана курулуш үчүн долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизалоону аткаруу боюнча зарыл болгон методикалык документтерге ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
4. Эгерде уюмдун ишинин максаты пайда табуу болбосо жана анын штатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан сертификацияланган, долбоордук документтердин бардык бөлүмдөрү боюнча жоопкерчиликтин тиешелүү квалификациялык деңгээлиндеги эксперттер бар болсо, уюм тиешелүү категориядагы объекттердин куруу үчүн долбоордук документтерин мамлекеттик эмес экспертизалоону өткөрүүгө аттестацияланышы мүмкүн.
2. Негизги терминдер
5. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
аттестация - жол-жобо, бул жол-жобо аркылуу техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга, ал эми алар кабыл алынганга чейин курулуш нормаларынын, эрежелеринин жана кыймылсыз мүлктүн тиешелүү объекттерин долбоорлоонун башка нормативдик документтеринин талаптарына долбоордук документтердин шайкеш келүүсүн экспертизалоону аткаруудагы эксперттик уюмдун компетенттүүлүгү аттестациялоо боюнча орган тарабынан ырасталат;
аттестациялоо жөнүндө күбөлүк - жоопкерчиликтин белгилүү бир деңгээлиндеги объекттердин долбоордук документтерин экспертизалоону өткөрүүгө уюмдун компетенттүүлүгүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан таануу жөнүндө расмий документ.
3. Аттестациялоону жүргүзүү тартиби
6. Мамлекеттик эмес эксперттик уюмдарды аттестациялоо ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт жана талапкерлердин аттестациялоого берген арыздарынын негизинде өткөрүлөт.
7. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн аттестациялоону өткөрүүгө талапкер-уюм ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз же почталык заказ каты менен (кошо тиркелгендердин тизмеси менен) төмөнкүдөй документтерди берет:
а) аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү алууга арыз, анда объекттердин жоопкерчилик деңгээли жана уюм аттестациялоо жөнүндө күбөлүк алууга ниеттенген долбоордук документтердин бөлүмдөрү, ошондой эле ушул күбөлүк сурап алынып жаткан мезгилдин мөөнөтү көрсөтүлөт;
б) юридикалык жактын Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
в) уюмдун уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрү;
г) долбоордук документтердин бөлүмдөрү боюнча жоопкерчиликтин тиешелүү деңгээлиндеги эксперттердин квалификациялык сертификаттарынын көчүрмөлөрү;
д) долбоордун бөлүмдөрүнүн жоопкерчилик деңгээлдерине ылайык келген семинарларда же ушуга окшош квалификацияны жогорулатуу курстарында эксперттин кесиптик деңгээли эки жылда бир жолудан кем эмес жогорулатылгандыгы ырастаган сертификаттын же башка документтин көчүрмөлөрү.
8. Ыйгарым укуктуу орган ушул Эрежелердин 7-пунктунда каралган документтерди алган күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде алардын комплектүүлүгүн жана туура толтурулгандыгын текшерүүнү жүргүзөт. Бардык аталган документтер берилбесе жана (же) берилген документтер коюлган талаптарга жооп бербесе, ыйгарым укуктуу орган документтерди текшерүүнү аяктаган күндөн баштап 2 күндүн ичинде уюмга кайтарып берет, мында аларды кайтарып берүүнүн себептери көрсөтүлөт.
9. Ыйгарым укуктуу орган ушул Эрежелердин 7-пунктунда каралган документтерди алган күндөн баштап 13 жумушчу күндүн ичинде аларды карап чыгууну уюштурат жана аттестациялоо же аттестациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
10. Аттестациялоо жөнүндө чечим кабыл алынганда, ыйгарым укуктуу орган ушул чечим кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн ичинде уюмга аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү күбөлүк алууга берилген арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө берет, бирок бул мөөнөт 5 жылдан ашпоого тийиш. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан аттестацияланган уюмдардын реестринде катталган күндөн баштап колдонууда деп эсептелинет.
Аттестациялоо жөнүндө күбөлүктүн белгиленген үлгүдөгү формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
11. Аттестациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:
- берилген документтерде так эмес маалыматтар бар болсо;
- ушул Эрежелердин 7-пунктунда каралган талаптарга уюмдун шайкеш келбей калышы.
Аттестациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганда, ушул Эрежелердин 8 жана 9-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдө арыз ээсине аттестациялоодон баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо берилет (жиберилет). Анда мындай баш тартуу үчүн негиздер көрсөтүлөт.
12. Уюм аттестациялоодон баш тартуунун себептерин жойгондон кийин ыйгарым укуктуу органга документтерди кайрадан берүүгө укуктуу.
13. Аттестациялоодон баш таруу жөнүндө доо арызды берүүнүн жана кароонун жол-жоболору ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
14. Ыйгарым укуктуу орган аттестацияланган уюмдардын реестрин түзөт жана жүргүзөт, ошондой эле реестрде камтылган купуя мүнөзгө ээ эмес маалыматтарды Интернет тармагына жайгаштырууну камсыз кылат.
15. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүк жоголсо (бузулса), ыйгарым укуктуу орган уюмдун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде арызды алган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде анын жупнускасын берет.
4. Аттестацияланган мамлекеттик эмес эксперттик
уюмдардын милдеттери жана укуктары
16. Долбоордук документтердин шайкеш келүүсүн баалоо боюнча аттестацияланган органдар жана аттестациялоого талапкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) аттестациялоо боюнча талаптарды аткарууга, ага ылайык аттестациялоо жөнүндө күбөлүк берилет же аны колдонуу жааты белгиленет;
б) берилүүчү эксперттик корутундулардын сапатын контролдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана жазмаларды аттестацияланган уюмдун ишине контролдук (көзөмөлдүк) жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча ачыкка чыгарууга;
в) аттестациялоого тийиштүү болгон өзгөрүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу органды маалымдоого;
г) аттестациялоону жана инспектордук контролдоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
д) аттестациялоо жана инспектордук контролдоо үчүн тартылган эксперттердин ишин төлөп берүүгө (аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү алгандан кийин).
17. Аттестацияланган мамлекеттик эмес уюмдар аттестациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонуу жаатына ылайык тиешелүү жоопкерчиликтин деңгээлиндеги объекттер үчүн гана долбоордук жана башка документтердин экспертизасын жүргүзүүгө укуктуу.
5. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жана жокко чыгаруу
18. Уюмдун аттестациялоо жөнүндө күбөлүгүн колдонуу токтотулушу же ал жокко чыгарылышы мүмкүн.
19. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү колдонуу аттестациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
а) мамлекеттик эмес экспертизаны өткөрүүдөн негизсиз баш тартууда;
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин шаар куруу ишине контролдук (көзөмөлдүк) жүргүзүүчү органдарынан келип түшкөн ушул уюмдун алынган аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү колдонуу жаатындагы бузуулары жөнүндө маалымат бар болсо;
в) даттануулар бар болуп, алар ыйгарым укуктуу орган же анын тапшырмасы боюнча аттестацияланган уюмдардын ишине контролдук (көзөмөлдүк) жүргүзүүчү органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ырасталса;
г) аттестацияланган уюмдун ушул Эрежелердин 7-пунктунда каралган талаптарга жана шарттарга шайкеш келбөөсү табылса.
20. Бул Эрежелердин 19-пунктунда каралган бузуулар табылса, аттестациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жазма буйрук берет, анда бузууларды, ошондой эле аталган бузууларды пайда кылган себептерди жоюу үчүн мөөнөт белгиленет, аталган мөөнөттө аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү колдонуу токтотулат.
Аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү колдонууну токтотуу мөөнөтү 1 айдан ашпоого тийиш. Бул убакытта уюм тарабынан мамлекеттик эмес экспертизаны жүргүзүүгө жол берилбейт.
21. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүгүнүн колдонулушу токтотулган уюм ушул токтотууга алып келген бузуулардын жоюлгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө кабарлайт жана бузуулардын жоюлгандыгын ырастаган документтерди берет.
22. Ыйгарым укуктуу орган кабарлоону алган күндөн баштап 10 күндүн ичинде бузуулардын жоюлгандыгы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт, аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү колдонууну улантуу же күбөлүктү жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат жана чечим кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн ичинде уюмга кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.
Аттестациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү аны колдонуу токтотулган убакытта узартылбайт.
23. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарылат:
а) аттестацияланган уюм жоюлганда же ишин токтоткондо;
б) уюм жокко чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылганда;
в) күбөлүктү колдонууну токтотууга алып келген бузуулар ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жоюлбаса;
г) ушул уюмдун долбоордук документтер (анын бөлүмдөрү) боюнча ката эксперттик корутундуларды же эксперттердин квалификациялык сертификаттарында аталган жоопкерчиликтин деңгээлине шайкеш келбеген жана/же уюмдун аттестациялоо жөнүндө күбөлүгү колдонулбаган жааттагы объекттер боюнча эксперттик корутундуларды бир нече жолу (2ден көп) берүүсү;
д) мамлекеттик эмес экспертизанын оң корутундусу бар долбоордук документтерде кетирилген каталардын айынан жеке жактардын өмүрүнө жана ден соолугуна, жеке жактардын жана юридикалык жактардын мүлкүнө зыян келтирилсе.
24. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүк жокко чыгарылганда, жокко чыгарылган күндөн 1 жыл өткөндөн кийин аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга кайталап кайрылса болот.
25. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган бул жөнүндө жазуу жүзүндө уюмга кабарлайт, анда ушул Эрежелердин 23-пунктунда каралган негиздер көрсөтүлөт.
26. Уюмдун аттестациялоо жөнүндө күбөлүгүн колдонууну токтотуу же аны жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынса, уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде мындай чечимге каршы арыз берүүгө укуктуу.
6. Аттестациялоо боюнча иштин акысын төлөө
27. Аттестациялоо жана инспектордук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын иши акысыз жүргүзүлөт. Мында аттестацияланып жактан уюм тартылган эксперттердин ишине гана алардын ортосундагы келишимге ылайык акы төлөйт.