Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-июну №416
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы №454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы №454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешинин жумушчу органы болуп аныкталсын.".
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |