Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы №39
"Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташууларжөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө
1-берене.
Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги БУУнун Башкы катчысы болуп саналган депозитарийге кошулуу жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |