Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №432 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
2. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн
мамлекеттик болжолдорунун системасы
3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоонун түзүмү
4. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн
болжолдоонун мазмуну
5. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн
болжолдорун иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби
6. Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун
иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби
7. Стратегиялык ишканалардын/тармактардын өнүгүүсүнүн болжолдорун
иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби
8. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдорун иштеп чыгууну
уюштуруу, усулдук жана маалыматтык камсыздоо
9. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн
болжолдорунун ишке ашырылышына мониторинг
1. Бул Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун методологиялык негиздерин, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларды түзүү боюнча өз ара аракеттенүү механизмдерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо - бул уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 30 проценттен ашыгын түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-билим берүү уюмдары жана мекемелери, мамлекеттик ишканалар, чарбакер субъекттер тарабынан кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолдорун иштеп чыгуу процесси.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн натыйжалуу болжолдоо региондук өзгөчөлүктү милдеттүү эске алуу менен өлкөнүн болжолдорунун бирдиктүү системасынын алкагында жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу:
- дүйнөлүк жана ата мекендик экономиканын, тышкы, ички товардык жана финансылык рыноктордун өнүгүүсүн экономикалык талдоого жана болжолдоого негизделет;
- өлкөнүн жана анын региондорунун экономикасынын өнүгүүсүнүн динамикалуулугун күчөтүүнү болжолдойт;
- пландаштырылган мезгилде Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө комплекстүү мамиле кылууну камсыз кылат;
- регион аралык интеграцияны өнүктүрүүгө жана калктын кирешелерин жогорулатууга өбөлгө түзөт;
- рыноктук механизмдердин аракеттеринин негизинде экономиканын өзүн өзү жөнгө салуунун жогорку деңгээлин камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн стратегиялык пландарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын калкына жасаган кайрылуусуна ылайык алдыдагы мезгилге негизги болжолдонгон көрсөткүчтөр жана максаттуу багыттарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн багыттары, критерийлери, принциптери, максаттары жана артыкчылыктары жөнүндө илимий негизделген көз караштардын системасын билдирет жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн мамлекеттик жөнгө салуучуларынын, колдонулуп жаткан жана пландаштырылган мамлекеттик жана тармактык программалардын, инвестициялык долбоорлордун көрсөткүчтөрүнүн (индикаторлорунун), тизмесин камтыйт.
6. Чарбакер субъекттердин экономикалык иш-аракетин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги каражаты болуп укуктук регламенттин жана экономикалык рычагдардын системасы эсептелет.
Экономикалык жөнгө салуучу рычагдардын тизмеси жана аракеттеринин багыты, конкреттүү сандык маанилери социалдык-экономикалык болжолдоо процессинде аныкталат.
7. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдору жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорунун системасы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн он жана андан көп жылдарга узак мөөнөттүү болжолун;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн үч жылдан беш жылга чейин орто мөөнөттүү болжолун;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алдыдагы жылга кыска мөөнөттүү болжолун.
2. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу тиешелүү мезгилге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан концепцияларды, стратегияларды жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программаларын иштеп чыгууда жана кабыл алууда колдонулат.
3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдору демографиялык, экологиялык, илимий-техникалык, тышкы экономикалык, социалдык, ошондой эле тармактык, региондук жана башка болжолдордун системаларына негизделет жана аталган факторлорду комплекстүү талдоого жараша иштелип чыгат.
4. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдору бүтүндөй Кыргыз Республикасы боюнча, экономиканын тармактары жана секторлору боюнча, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча иштелип чыгат. Экономиканын стратегиялык маанилүү секторлорун өнүктүрүү болжолдору өзүнчө иштелип чыгышы мүмкүн.
5. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун негизи болуп төмөнкү принциптер саналат:
- методикалык ыкмалардын жана маалыматтык камсыздоонун бирдиктүүлүгү (ар башка убакыт мезгилиндеги божомол көрсөткүчтөрүн иштеп чыгууда бирдиктүү ыкмаларды аныктайт);
- божомол көрсөткүчтөрүнүн курамынын негиздүүлүгү;
- варианттуулук (белгилүү экономикалык жагдайдын негизинде республиканын өнүгүүсүнүн мүмкүн болуучу бир нече вариантын иштеп чыгуу);
- экономиканын келечек абалын баалоонун системалуулугу (комплекстүүлүгү);
- уланмалуулук жана үзгүлтүксүздүк (баардык түрдөгү божомолду иштеп чыгууда өз ара байланышын жана ар бир убакыт мезгилинде божомолдун жыйынтыктарынын колдонушун аныктайт).
6. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдорунун параметрлери катары экономиканын динамикасын, түзүмүн жана натыйжалуулугун мүнөздөгөн көрсөткүчтөр (индикаторлор) колдонулат.
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдору макроэкономикалык жагдайдын өнүгүүсүнүн, экономикалык түзүмдүн, илимий-техникалык өнүгүүнүн, тышкы экономикалык иш-аракеттин, ИДПны өндүрүү жана керектөө динамикасынын, жашоо деңгээлинин жана сапатынын, экологиялык жагдайдын, социалдык түзүмдүн, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана калкты социалдык камсыздандыруу системасынын сапаттык мүнөздөмөлөрүн жана сандык көрсөткүчтөрүн камтышат.
Милдеттүү түрдө төмөнкү параметрлерди болжолдоо каралышы керек:
- ИДПнын өсүшү (өндүрүү жана акыркы керектөө боюнча);
- инфляциянын деңгээли (мезгилдин аягына жана мезгил үчүн орточо);
- экономиканын энергия сарптоосу жана эмгек өндүрүмдүүлүгү (негизги тармактар боюнча);
- калктын реалдуу орто кирешесинин деңгээли (региондор боюнча);
- жашоо узактыгы.
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн (индикаторлорунун) конкреттүү тизмеси ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги тарабынан (мындан ары - Экономсоодамин) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча аныкталат.
7. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдонгон параметрлери Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик болжолдуу багыттары болуп эсептелет, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан болжолдонуучу мезгилдин алдындагы жылдын 15-мартына чейин бекитилет.
1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоо аналитикалык документ түрүндө Экономсоодамин тарабынан иштелип чыгат, ал милдеттүү түрдө төмөнкү бөлүмдөрдү камтышы керек:
1) Кыргыз Республикасындагы учурдагы социалдык-экономикалык жагдай;
2) болжолду түзүү учурундагы дүйнөлүк жана региондук экономикалык тенденциялар;
3) көйгөйлөрдү, коркунучтарды жана тобокелдерди (тышкы жана ички) талдоо;
4) болжолду иштеп чыгууда негиз катары алынган өбөлгөлөр жана шарттар;
5) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүн болжолдоо (тармактар жана региондор боюнча);
6) негизги секторлорго карата мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын болжолдоо;
7) колдонуудагы жана иштелип жаткан мамлекеттик жана тармактык (сектордук) программалардын тизмеги;
8) колдонуудагы жана иштелип жаткан мамлекеттик жана тармактык (сектордук) программалар боюнча инвестициялык долборлордун тизмеси;
9) ири стратегиялык ишканаларды өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүн болжолдоо;
10) социалдык-экономикалык өнүгүүнүн мамлекеттик жөнгө салуучулары - табигый монополиянын товарларына жана кызматтарына карата тарифтердин динамикасы; эң аз айлык акынын жана эсептик көрсөткүчтүн өлчөмдөрү, эмгектик пенсиялардын, мамлекеттик пособиелердин орто өлчөмү, жашоо минимуму, товарлардын жана кызматтардын импорттоого карата бажы тарифтерин өзгөртүү; жумушчу күчтү импорттоого карата квоталар; продукцияны (жумушту, кызматтарды) өндүрүүгө карата стандарттар.
2. Тармактарды (реалдуу жана социалдык секторлордун) социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор тарабынан аналитикалык документ түрүндө иштелип чыгат, ал милдеттүү түрдө төмөнкү бөлүмдөрдү камтышы керек:
1) тармактагы учурдагы жагдай;
2) көйгөйлөрдү, коркунучтарды жана тобокелдиктерди талдоо (ички жана тышкы);
3) болжолду иштеп чыгууда негиз катары алынган өбөлгөлөр жана шарттар;
4) маанилүү көрсөткүчтөрдү болжолдоо (тармакчалар жана региондор боюнча);
5) тиешелүү секторго карата мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгымдарын болжолдоо;
6) колдонуудагы жана иштелип жаткан мамлекеттик жана тармактык (сектордук) программалардын тизмеси;
7) колдонуудагы жана иштелип жаткан тармактык (сектордук) программалар боюнча инвестициялык долбоорлордун тизмеси;
8) ири стратегиялык ишканаларды өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүн болжолдоо;
9) ушул тармакта колдонулган мамлекеттик жөнгө салуучулар. Облустардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек менен Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл учурда региондук экономикасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоонун көрсөткүчтөрүнүн түзүмүн, түрүн жана тизмесин толукташы мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын, тармактардын жана региондордун (шаарлардын) социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоо жөнүндө документ зарыл учурда башка бөлүмдөр менен толукталышы керек.
4. Региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан иштелип чыгат жана милдеттүү түрдө төмөнкү бөлүмдөрдү камтышы керек:
1) облустун (шаардын) учурдагы социалдык-экономикалык абалын;
2) болжолду иштеп чыгууда негиз катары колдонулган өбөлгөлөрдү жана шарттарды;
3) облустун (шаардын) социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүн болжолдоону;
4) колдонуудагы жана иштелип жаткан региондук программалардын тизмесин;
5) тармактык жана региондук программалардын чегинде колдонуудагы жана иштелип жаткан жергиликтүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин.
5. Кыргыз Республикасынын, тармактардын, региондордун жана стратегиялык ишканалардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоонун көрсөткүчтөрүнүн түзүмү, түрү жана тизмеси Экономсоодаминдин буйругу менен бекитилет жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өтөт.
1. Узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү мезгилдерге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорунда төмөнкүлөр чагылдырылышы керек:
- алдыдагы мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн баалоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын учурдагы абалын мүнөздөө, анын ичинде экономиканын өнүгүүсүнө тоскоол болуучу мүмкүн болгон коркунучтарды жана тобокелдиктерди талдоо;
- макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын калкына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата жасаган кайрылуусунда аныкталган артыкчылыктар жана жалпысынан өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясына ылайык келген жана келечектеги мезгилге карата экономиканын өсүшүн жогорулатуу жана макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аракеттерин чагылдырган бюджеттик-салыктык, акча-кредиттик жана валюталык саясаттары;
- экономиканын стратегиялык тармактарында түзүмдүк реформалардын келечектери жана багыттары;
- тышкы экономикалык саясаттын негизги багыттары;
- инвестициялык саясатты өнүктүрүүнүн келечеги;
- экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүнүн тенденциялары жана келечеги, анын ичинде өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш жана кызмат чөйрөсү;
- алдыдагы мезгилге карата социалдык саясаттын негизги багыттары;
- инновациялык саясат;
- ишкердикти өнүктүрүү саясаты;
- экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрөнү коргоо;
- Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү саясаты.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдору негизги болжолдонгон социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана параметрлерди, максаттык багыттарды жана аларга жетишүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды камтышы керек.
1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
1) Экономсоодамин алдыдагы болжолдонуучу мезгил үчүн жылдын 10-январына чейин төмөнкүлөрдү иштеп чыгат:
- негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн алдын ала болжолдорун, максаттуу көрсөткүчтөрдү аныктайт, алар алдыдагы үч жылдык мезгилге Кыргыз Республикасынын жана региондордун болжолдорунун долбоорун түзүүнүн негизи болуп эсептелет;
- Кыргыз Республикасынын жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолунун түзүмүнүн жана көрсөткүчтөрүнүн түрүн, тизмесин жана аларды борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарына, башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле стратегиялык ишканалардын жана тармактардын жетекчилерине жөнөтөт.
2) Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, стратегиялык ишканалар/тармактар Кыргыз Республикасынын жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоонун түзүмүнүн жана көрсөткүчтөрүнүн бекитилген формаларынын жана тизмесинин негизинде тармактык, региондук жана башка болжолдорду иштеп чыгышат жана аларды Экономсоодаминге болжолдонуучу мезгилден мурунку жылдын 20-февралынан кечиктирбей беришет.
3) Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүк болжолун өз убагында даярдоо максатында ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алдын ала болжолун болжолдонуучу мезгилден мурунку жылдын 1-мартынан кечиктирбей берет.
4) Экономсоодамин башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, облустук мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен болжолдонуучу мезгилден мурунку жылдын 5-мартына чейин алдыдагы жылга жана үч жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолунун долбоорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Кеңеш) кароосуна киргизет.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик бийлик органдарынын, облустук мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштары менен пикир келишпестиктер пайда болсо, пикир келишпестиктердин протоколу тиркелет.
Кеңеш тарабынан жактырылган Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоонун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумуна белгиленген тартипте киргизилет.
5) Зарыл болгон учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Экономсоодаминге министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мурда бекитилген болжолдоруна тактоолорду даярдоого тапшырма бериши мүмкүн. Бул учурда болжолдун такталган долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан болжолдонуучу мезгилден мурунку жылдын 10-июнунан кечиктирбей бекитилет.
6) Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн кыска мөөнөттүү болжолу Экономсоодамин тарабынан оперативдүү түрдө белгиленген тартипте оңдолушу мүмкүн.
2. Узак мөөнөттүү болжолдорду иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык ишке ашырылат, анда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү болжолу жөнүндө документтин долбоорун сунуш кылуу тартиби жана мөөнөтү көрсөтүлөт.
Эреже катары, узак мөөнөттүү болжолдор Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн концепциясын иштеп чыгууда колдонулат.
Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуу төмөнкү тартипте ишке ашырылат.
1) облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаардык жана райондук экономика бөлүмдөрүнөн алынган материалдардын жана сунуштардын негизинде экономикалык иш-аракеттин түрлөрү боюнча региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоонун ирилештирилген параметрлерин иштеп чыгышат жана болжолдонуучу мезгилден мурунку жылдын 20-февралына чейин Экономсоодаминге Кеңешке берилүүчү Кыргыз Республикасынын жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолунун долбооруна кошуу үчүн беришет;
2) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолу жана пландаштырылган мезгилге карата региондордун негизги социалдык-экономикалык параметрлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилгенден кийин облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун толуктап иштеп чыгышат жана алар белгилеген тартипте бекитилет.
3) региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун бекитилгенден кийин облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды Экономсоодаминге жөнөтүшөт.
1. Стратегиялык ишканалар жана тармактар үчүн өнүгүүнүн болжолдору кезектеги жана андан кийинки эки жылга иштелип чыгат (мындан ары стратегиялык ишканалардын/тармактардын болжолдору).
2. Стратегиялык ишканалардын/тармактардын болжолдору төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:
1) стратегиялык ишкананын/тармактын өнүгүүсүнүн абалы жана келечеги жөнүндө докладды;
2) стратегиялык ишкананын/тармактын өнүгүүсүнүн инвестициялык планын;
3) өнүгүүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн болжолун.
3. Стратегиялык ишканалардын жана тармактардын болжолдорун иштеп чыгуу жана бекитүү төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
1) болжолдонуучу мезгилден мурунку жылдын январь-февраль айларында Экономсоодамин тарабынан бекитилген стратегиялык ишканалардын/тармактардын болжолдорунун түзүмүнүн жана көрсөткүчтөрүнүн түрлөрүнүн, тизмесинин негизинде мамлекеттик ишканалардын жетекчилери жана Акционердик коомдордун директорлор кеңеши стратегиялык ишкананын/тармактын болжолунун долбоорун иштеп чыгууну уюштурууну камсыз кылышат;
2) тармактык мамлекеттик органда каралгандан кийин стратегиялык ишкананын/тармактын болжолунун долбоору Экономсоодаминге болжолдонуучу мезгилден мурунку жылдын 20-февралынан кечиктирбей берилет.
3) Пландаштырылган мезгилге карата Кыргыз Республикасынын жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолу бекитилгенден кийин Акционердик коомдордун директорлор кеңеши (ыйгарым укуктуу органдар - республикалык мамлекеттик ишканалар үчүн) стратегиялык ишкананын/тармактын болжолун толуктап иштеп чыгышат жана аларды белгиленген тартипте бекитет.
1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгууда уюштуруу жана усулдук жетекчилик жана борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоо Экономсоодамин тарабынан ишке ашырылат.
2. Экономсоодамин товарларды жана кызматтарды өндүрүүнүн жана баалардын өсүү динамикасынын болжолдук көрсөткүчтөрүн аныктоону кошкондо, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн тиешелүү бөлүмдөрүн түзүү боюнча усулдук сунуштамаларды иштеп чыгат жана өзүнүн чечимдери менен бекитет.
3. Кыргыз Республикасынын жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун даярдоо Экономсоодамин тарабынан бекитилүүчү бирдиктүү ыкманын негизинде ишке ашырылат.
4. Экономсоодамин бардык кызыкдар тараптарга усулдук сунуштамалар, ыкмалар жөнүндө маалымдайт, ошондой эле ыкмаларды практикада колдонуу боюнча окууларды уюштурат.
5. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоонун көрсөткүчтөрүн оперативдүү талкуулоо жана макулдашуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономикалык блоктун негизги министрликтеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрүнөн туруктуу иштөөчү жумушчу топ түзүлөт.
6. Мамлекеттик болжолдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин, эл аралык финансылык институттардын маалыматтарына жана башка расмий маалыматтарга негизделет.
7. Экономсоодамин борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуу үчүн керектүү маалыматтык-статистикалык материалдарды жана ушул Тартипте белгиленген мөөнөттө аларды ишке ашырууга карата талдоону алууга укуктуу.
8. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуу үчүн керектүү маалыматты уюмдардан жана ишканалардан алардын менчигинин түрүнө карабастан алууга укуктуу.
Эгерде суралып жаткан маалымат уюмдун же ишкананын пикири боюнча коммерциялык сыр болуп эсептелсе жана таркатууга жатпаса, маалыматты сурап жаткан мамлекеттик орган бул тууралуу кабардар болот.
Коммерциялык сырдын бардыгы жөнүндө маалымат далилденгенден кийин маалыматты колдонуу жана берүү "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифи алдында ишке ашырылат, мында министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, маалыматты колдонууда белгиленген режимди сактоо үчүн жоопкерчилик тартышат.
1. Экономсоодамин Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорунун ишке ашырылышына оперативдүү мониторингди ишке ашырат.
2. Экономсоодамин ай сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана квартал сайын болжолдонгон жана максаттуу параметрлерге жетишүү жөнүндө маалымдап турат жана белгиленген тартипте айрым болжолдонгон экономикалык параметрлерди оңдоо боюнча сунуш киргизет.