Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-июлу №432
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартиби (мындан ары Тартип) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аткаруу бийлигинин башка органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиешелүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул Тартипти жетекчиликке алышсын.
3. Уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 30 проценттен ашыгын түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, илимий-билим берүү уюмдарына жана мекемелерине, мамлекеттик ишканаларга, чарбакер субъекттерге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун иштеп чыгууда ушул Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |