Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 6-июлу №434
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-октябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы №224 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери" жөнүндө Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгына өзгөртүп кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-октябрындагы №523 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында, преамбуласында жана 1-пунктунда түрдүү жөндөмөдөгү "Мамлекеттик автомобиль инспекциясы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы жөнүндө жободо:
аталышындагы "Мамлекеттик автомобиль инспекциясы" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы (мындан ары - Мамавтоинспекция)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы (мындан ары - ЖККББ)" деген сөздөргө жана аббревиатурага алмаштырылсын;
бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Мамавтоинспекция" деген сөз "ЖККББ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
11, 12, 13, 14 жана 19-пункттарда түрдүү жөндөмөдөгү "директор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "начальник" деген сөзгө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкаруу схемасында:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын башкаруу схемасы";
Схеманын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Мамавтоинспекция" деген сөз "ЖККББ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы мурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын иштерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын укук улантуучусу болуп эсептелээри белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |