Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №434, 2010-жылдын 7-октябрындагы №232, 2011-жылдын 23-сентябрыгдагы №577 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Мамавтоинспекциянын негизги милдеттери,
функциялары жана укуктары
III. Мамавтоинспекциянын ишинин уюштурулушу
IV. Мамавтоинспекцияны өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы (мындан ары - ЖККББ) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук подразделениеси болуп эсептелет жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагында адистешкен контролдоочу, көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү функцияларды аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №434 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамавтоинспекция менчигинин формасына карабастан юридикалык
жактардын жана башка уюмдардын, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары-
нын жана жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдар-
дын (мындан ары - жарандар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жол
кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча нормативдик укуктук
актыларын, техникалык регламенттерин (мындан ары - нормативдик укуктук
актылар) сакташын, жарандардын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоо,
алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле коомдун
жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо максатында жол-транспорт кыр-
сыктарын болтурбоо жана алардын кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чаралар-
дын жүргүзүлүшүн камсыздайт.
3. Мамавтоинспекция юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик
жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана
бланктары, казыналык системасында учурдагы, алыш-бериш жана башка эсеп-
тери болот. Мамавтоинспекциянын менчигинде, оперативдүү башкаруусунда
мамлекеттик мүлк болушу мүмкүн жана ал мүлк боюнча өзүнүн милдеттенме-
лери боюнча жооп бере алат, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды ала жа-
на ишке ашыра алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто
доочу жана жоопкер боло алат.
4. Мамавтоинспекциянын кызмат адамдарынын алардын компетенциясына
берилген маселелер боюнча чечимдери, талаптары жана көрсөтмөлөрү менчи-
гинин формасына карабастан юридикалык жактар жана башка уюмдар, Кыргыз
Республикасынын кызмат адамдары жана жарандары тарабынан аткарылууга
милдеттүү.
5. Мамавтоинспекциянын иши мыйзамдуулуктун, гуманизмдин, ачык-ай-
кындыктын, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоонун
принциптерине негизденет.
6. Мамавтоинспекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституция-
сына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин жарлыктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин нормативдик укуктук актылары-
на, ошондой эле ушул Жобого таянат.
7. Мамавтоинспекция өз ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер ор-
гандарынын башка подразделениелери, аскердик автомобилдик инспекция,
юридикалык жактар жана башка уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары ме-
нен байланышта жүргүзөт, ошондой эле чет өлкөлөрдүн укук коргоо орган-
дары менен аныкталган тартипте кызматташат.
8. ЖККББ транспорт каражаттарга жана алардын айдоочуларына жол кый- мылына катышууга уруксат берүүчү атайын продукцияны жасоо боюнча, ошондой эле ЖККББнын ишинде пайдаланылчу оперативдик-техникалык каражаттарды даяр- доо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине тапшырылчу мам- лекеттик заказчынын функцияларын белгиленген тартипте өз компетенциясынын чегинде аткарууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №232 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Мамавтоинспекциянын негизги милдеттери,
функциялары жана укуктары
9. Мамавтоинспекцияга төмөнкүдөй милдеттер тагылат:
а) Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
жагындагы мыйзамдарынын, техникалык регламенттеринин жана башка норма-
тивдик актыларынын сакталышына мамлекеттик контролду ишке ашыруу, алар
төмөнкүдөй талаптарды белгилешет:
- жол-транспорттук кырсыктардын кесепетинен бузулган авариялык
абалдагы автомобилдерди оњдоо-калыбына келтирүү жана сырдоо жумуштарын
жасоочу юридикалык жактардын жана жеке адамдардын иштерине Мамавтоинс-
пекция органдары тарабынан тийиштүү контроль жүргүзүлүшүнө;
- жолдорду, жол курулуштарын, темир жол өткөөлдөрүн, шаардык
электр транспорттун линияларын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоо-
го;
- автомобиль жолдорунун, жол курулуштарынын, темир жол өткөөлдөрү-
нүн эксплуатациялык абалына, ошондой эле жол кыймылын уюштуруунун тех-
никалык каражаттарынын орнотулушуна жана эксплуатацияланышына;
- эксплуатациядагы автомототранспорт каражаттардын, алардын чирке-
гичтеринин жана кошумча жабдуу предметтеринин конструкциясына жана тех-
никалык абалына;
- Мамавтоинспекцияда катталган автомототранспорт каражаттардын жа-
на алардын чиркегичтеринин конструкциясынын өзгөртүлүшүнө;
- Мамавтоинспекциянын компетенциясынын чегинде оор салмактуу,
опурталдуу жана чоњ габариттүү жүктөрдүн ташылышына;
б) (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №232 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
в)(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №232 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тартипте автомототранс-
порт каражаттарга жана алардын чиркегичтерине мамлекеттик техникалык
кароону уюштуруу жана жүргүзүү;
д) жол кыймылын жөнгө салуу, анын ичинде техникалык каражаттарды
жана автоматташтырылган системаларды пайдалануу менен жөнгө салуу, ава-
риялык-куткаруучу жумуштар жана жалпы иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан жер-
лерде транспорт каражаттардын жана жөөлөрдүн кыймылын уюштурууну кам-
сыздоо;
е) коомдук тартипти жана сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз-
доо боюнча иш-чараларга катышуу;
ж) айдап качылган жана уурдалган автомототранспорт каражаттарды,
ошондой эле жол жол-транспорт окуялары болгон жерден качып кеткен жол
кыймылына катышкандардын автомототранспорт каражаттарын издөө боюнча
иштерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныктоочу тартип-
те уюштуруу жана жүргүзүү;
з) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык
укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү ишке ашыруу;
и) жол-транспорт окуясы болгон жерде кечиктирилгис иштерди жүргү-
зүү, анын ичинде адамдарды эвакуациялоо жана аларга врачка чейинки ме-
дициналык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүү, ошондой эле бузулган
транспорт каражаттарды ташууга жана кароосуз калган мүлктү кайтарууга
жардам көрсөтүү;
к) транспорт каражаттарды эксплуатациялоого байланыштуу жол кыймы-
лынын коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө иштер боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына ылайык баштапкы тергөө жүргүзүү;
л) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте жол кыймылынын
коопсуздугунун абалынын көрсөткүчтөрүн мамлекеттик эсепке алуу;
м) (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №232 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
н) жол кыймылынын шарттарын изилдөө, транспорт каражаттардын жана
жөөлөрдүн жүрүшүн уюштурууну өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү, шаар-
ларда жана автомобиль жолдорунда жол кыймылын уюштуруунун долбоорлорун,
жол кыймылынын коопсуздугу боюнча адистерди даярдоонун жана кайра даяр-
доонун программаларын аныкталган тартипте макулдашуу;
о) аныкталган тартипте транспорт каражаттарды коштоо;
п) шаар куруу жана техникалык кењештердин, жолдорду, жол курулуш-
тарын, темир жол өткөөлдөрүн, шаардагы электр транспорттун линияларын
эксплуатацияга кабыл алуу боюнча комиссиялардын иштерине катышуу, коом-
дук транспорттун такай кыймылынын маршруттарын ачууга арыздарды кароо
жана тийиштүү корутундуларды берүү;
р) жалпыга маалымдоо каражаттарын, ошондой эле өздүк басылмаларды
пайдалануу менен жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды
Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымдоо;
с) жарандарды жолдордо коопсуз жүрүүнүн эрежелерине окутууну уюш-
турууга, жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоого көмөк көрсөтүү;
т) жол кыймылынын коопсуздугун арттыруу боюнча сунуштарды иштеп
чыгуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин кызыкдар
органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар
жана коомдук бирикмелер менен бирдикте иштеп чыгуу;
у) жол-транспорт кырсыктарынын болушуна, жол кыймылынын эрежелери
бузулушуна, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирген башка укук-
ка каршы аракеттердин болушуна шарт түзгөн себептерди жана шарттарды
аныктоо, аларды жоюу боюнча чараларды көрүү;
ф) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте автотранспорт
каражаттарды атайын жарык жана үн сигналдар, шарттуу таануу белгилери
менен жабдууга уруксаттарды берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №232 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Мамавтоинспекция ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөн-
күдөй укуктарга ээ:
а) менчигинин формасына карабастан уюмдардан жана кызмат адамдары-
нан аларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагындагы нормативдик
укуктук актылардын талаптары аткарылышы жөнүндө маалыматтарды, ошондой
эле аларды бузгандык фактылары боюнча түшүндүрмөлөрдү суроого жана
алууга;
б) кызмат адамдарына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагын-
дагы нормативдик укуктук актылардын талаптарынын бузулушун жоюу жөнүндө
аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө, ал эми андай көрсөтмөлөр бо-
юнча тийиштүү чара көрүлбөгөн учурда күнөөлүү адамдарды Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартууга. Көрсөтмөлөрдү
Мамавтоинспекциянын кызматкерлери өздөрүнүн компетенцияларына жараша
жазуу жүзүндө, көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүүнүн мөөнөттөрүн
көрсөтүү менен беришет;
в) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагындагы мыйзамдардын
жана башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун түзүүгө катышуу-
га, аларды өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды аныкталган тартипте киргизүү-
гө;
г) тийиштүү уюмдарга жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражат-
тарын орнотууга жана алууга көрсөтмө же уруксат берүүгө;
д) жол кыймылын убактылуу чектөөгө же токтотууга, жапырт иш-чара-
ларды уюштурууда жана башка учурларда транспорт каражаттарынын жана
жөөлөрдүн коопсуз жүрүшүнө зарыл шарт түзүү үчүн жолдун айрым участок-
торунда, же эгер транспорт каражаттарды пайдалануу жол кыймылынын кооп-
суздугуна коркунуч келтирсе, ошондой эле жол кыймылы үчүн коопсуз абал-
да кармоонун эрежелерине жооп бербеген темир жол өткөөлдөрүндө анын
уюштурулушун өзгөртүүгө, жолдордо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
жагындагы нормативдик укуктук актылардын талаптарын бузуу менен жүргү-
зүлүп жаткан оњдоо-куруу жумуштарыњ жүргүзүүнү чектөөгө же тыюу салуу-
га;
е) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагындагы нормативдик
укуктук актылардын талаптары аткарылбаган учурларда ири габариттүү, оор
салмактуу же опурталдуу жүктөрдү ташууга, ошондой эле белгиленген марш-
рутта коомдук транспорттун жүрүшүнө тыюу салууга;
ж) тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү бузуктар жана
шарттар болгон учурларда автомототранспорт каражаттарды жана алардын
чиркегичтерин, тракторлорду жана башка өзү жүрүүчү машиналарды эксплуа-
тациялоого тыюу салууга, ал эми техникалык эксплуатациянын тийиштүү
эрежелеринде каралган бузуктары болсо -троллейбустарды, ошондой эле
мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн, түйүндөрүндө жана агрегатта-
рында көмүскө, жасалма, өзгөртүлгөн номерлери же мамлекеттик каттоо но-
мерлери бар транспорт каражаттарды, ошондой эле транспорт каражаттардын
маркировкасы каттоо документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтарга туура
келбеген транспорт каражаттарды эксплуатациялоого тыюу салууга, анын
ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, -мамле-
кеттик каттоо белгилерин андай тыюу салууга негиз болгон себептерди
жойгонго чейин чыгарып алуу менен тыюу салууга;
з) (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №232 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
и) транспорт каражаттарды токтотууга жана аларды пайдалануу жана
башкаруу укугуна документтерди, ошондой эле транспорт каражатка жана
ташып бараткан жүккө документтерди текшерүүгө, мыйзамда каралган учур-
ларда ал документтерди алып коюуга;
к) мас абалда деп эсептөөгө жетиштүү негиздер бар адамдарды, ошон-
дой эле транспорт каражатты башкаруу же пайдалануу укугуна документтери
жок адамдарды транспорт каражатты башкаруудан четтетүүгө;
л) жол кыймылы жагында администрациялык укук бузуу жасаган деп шек
туулган жана мас абалда деп эсептөөгө жетиштүү негиздер бар адамдарды
өз компетенциясынын чегинде мас же мас эмес экендигин медициналык тек-
шерүүгө жиберүүгө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугуна жана транс-
портту эксплуатациялоого каршы кылмыш жасады деп шек туулган адамдарды
ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте калыс
кароо үчүн мас же мас эмес экендигин медициналык текшерүүгө жиберүүгө
же жеткирүүгө;
м) жол кыймылынын бузулушун аныктоо жана фиксациялоо, транспорт
каражаттардын жана жолдордун техникалык абалын контролдоо, транспорт
каражаттарды мажбурлап токтотуу үчүн атайын техникалык жана транспорт-
тук каражаттардын белгиленген тартипте пайдаланууга;
н) администрациялык укук бузуу жасаган жарандарды Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кармоого жана тинтип кароо-
го, транспорт каражаттарды жана жүктөрдү айдоочуларынын же жүктү коштоп
жүргөн адамдардын катышуусу менен кароого, алар мыйзамга каршы максатта
пайдаланылды деген шек туулганда транспорт каражаттарды текшерип кароо-
го;
о) өндүрүштө турган иштер жана материалдар боюнча жарандарды жана
кызмат адамдарын Мамавтоинспекцияга чакырууга, алардан керектүү түшүн-
дүрмөлөрдү, маалымкаттарды, документтерди (алардын копияларын) алууга;
п) администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө,
администрациялык укук бузган адамдарга жана жарандарга өз компетенция-
сынын чегинде администрациялык жаза колдонууга, Кыргыз Республикасынын
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган башка чара-
ларды колдонууга;
р) тез медициналык жардамга муктаж адамдарды дарылоо мекемелерине
жеткирүү үчүн, аварияларда бузулган транспорт каражаттарды жеткирүү
үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка
учурларда ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин
жана жарандардын транспорт каражаттарын, чет мамлекеттердин дипломатия-
лык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөрүнө, эл аралык уюмдарга таандык-
тан башкаларын, ошондой эле атайын арналыштагы транспорттон башкаларын
пайдаланууга;
с) юридикалык жактарга жана жарандарга таандык байланыш каражатта-
рын менчик ээсинин макулдугу менен кызматтык максатта пайдаланууга;
т) жол кыймылынын эрежелери сакталышын контролдоонун техникалык
каражаттарын, жол-транспорт кырсыгы болгон жерде анын кесепетин жењил-
детүү максатында колдонулчу авариялык-сактоочу жабдууларды, ошондой эле
жол кыймылынын коопсуздугун арттырууга көмөктөшүүчү башка техникалык
каражаттарды, автоматташтырылган системаларды жана приборлорду жасатуу
боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлүүчү мам-
лекеттик заказчынын функцияларын аныкталган тартипте аткарууга;
у) кызыкдар уюмдар жана мекемелер менен бирдикте жол кыймылынын
коопсуздугун камсыздоо тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн приоритеттүү
темаларын жана багыттарын аныктоого катышууга, аларды аныкталган тар-
типте ишке ашырууга, ошондой эле Мамавтоинспекциянын практикалык ишине
илимий иштеп чыгууларды киргизүүгө катышууга;
ф) жол кыймылынын коопсуздугу проблемасы боюнча эл аралык уюмдар-
дын иштерине аныкталган тартипте катышууга, кызыкдар уюмдар жана меке-
мелер менен бирдикте Кыргыз Республикасынын бул тармактагы эл аралык
милдеттенмелери аткарылышын камсыздоочу иш-чараларды даярдоого жана иш-
ке ашырууга;
х) Кыргыз Республикасынын администрациялык укук бузулар жөнүндө
мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарды кармоого жана кармоонун се-
бептери жоюлганга чейин аларды атайын бөлүнгөн жерлерге коюуга;
ч) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаардык жана айыл-
дык калктуу конуштардагы көчөлөрдө, ал эми алардын чегинен сыртта - ав-
томобиль жолдордун атайын бөлүнгөн тилкесинде жана жол боюндагы зона-
сында тышкы жарнакты жайгаштырууга уруксаттарын өз компетенциясынын че-
гинде макулдашууга;
ш) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык издөөдөгү транспорт
каражаттарды кармоого.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №232 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Мамавтоинспекциянын ишинин уюштурулушу 11. ЖККББны Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана бошотуучу начальник башкарат.(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №434 токтомунун редакциясына ылайык)
12. ЖККББнын начальнигинин орун басарлары, ЖККББнын башкармалык- тарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктери, борбордук аппаратынын кызматкерлери кызматка ЖККББнын начальнигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан дайындалышат жана бошотулушат.
Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалык- тарындагы, башкармалыктарындагы ЖККББ башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктери кызматка облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын начальниктеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан дайындалышат жана бошотулушат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №434 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарындагы, башкармалыктарындагы ЖККББ башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктеринин орун басарлары, облустардын, райондордун жана шаардагы райондордун бөлүмчөлөрүнүн, топторунун начальниктери кызматка облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын начальниктеринин сунуштарынын негизинде ЖККББнын начальнигине макулдашуу боюнча облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери тарабынан дайынталышат жана бошотулушат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №434
токтомунун редакциясына ылайык)
14. ЖККББнын борбордук аппаратынын, ошондой эле ЖККББнын ага баш ийген адистештирилген жана башка подразделениелеринин структурасын жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын ички иштер министри ЖККББнын начальнигинин сунушу боюнча, Ички иштер министрлигинин штаты боюнча жалпы сандын чегинде аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №434 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Башка бөлүктөрдөн жол кыймылынын коопсуздугу кызматына кабыл алуу, жылыштыруу же которуу "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ИИО катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобого ылайык, уруксат берилген "А", "А1" "В", "В1" "С", "С1" категориялардагы транспорт каражаттарды башкаруу укугуна күбөлүгү болсо ишке ашырылат, ал эми автотранспорттун техникалык жактан оң эместиги жана аны эксплуатациялоого уруксат берүү, автомобиль жолдорунун, көчөлөрдүн эксплуатациялоого жарактуулугу жөнүндө корутунду чыгаруу жана жол кыймылын уюштуруу боюнча чечим чыгаруу менен байланышкан кызмат орундарга дайындоодо Кыргыз Республикасынын тийиштүү жогорку техникалык билим бар жарандары дайындала алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №577 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Мамавтоинспекциянын кызматкерлерин ишке ашуу, которуу жана
дайындоо жана которуп дайындоо ушул Жобонун 15-пунктунун талаптарын ка-
туу сактоо менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нормативдик укук-
тук актыларына ылайык конкурстук тандоо принциптеринин негизинде ишке
ашырылат.
17. Мамавтоинспекциянын бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн, башкармалык-
тарынын Мамавтоинспекциянын тийиштүү кызматында 3 жыл жана андан ашык
иштеген инспекторлору, улук инспекторлору, мамавтоинспекторлору, улук
мамавтоинспекторлору, ошондой эле Мамавтоинспекциянын ээлеп турган кыз-
матында 5 жыл жана андан ашык иштеген бөлүм начальниктери, алардын орун
басарлары, бөлүмчөлөрүнүн начальниктери, Мамавтоинспекция кызматынын
жол-кайгуул кызматынын кызматкерлеринен башкалары Мамавтоинспекциянын
башка кызматтарына жана подразделениелерине бирдей маанидеги кызмат
орундарга ротациялык которуштурууга жатат.
Которуштурууда кызматкердин ишмердиги жөнүндө коомдук пикир жана
башка материалдар эске алынат.
18. Мамавтоинспекциянын аймактык подразделениелери облустардын,
Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкар-
малыктарынын структуралык подразделениеси болушат жана Мамавтоинспекци-
янын аларга баш ийген адистештирилген жана башка подразделениелерин же-
тектешет.
19. ЖККББнын аймактык подразделениелеринин, ошондой эле ЖККББнын ага баш ийген адистештирилген жана башка подразделениелеринин струк- турасын жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын ички иштер министри облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалык- тарынын, башкармалыктарынын жетекчилеринин сунуштары боюнча, ЖККББнын начальнигине макулдашуу менен аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №434 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Мамавтоинспекциянын райондордогу, шаарлардагы жана Бишкек шаа-
рынын райондорундагы подразделениелери өз иштерин тийиштүү ички иштер
органынын алдында жүргүзүшөт жана Мамавтоинспекцияга тапшырылган функ-
циялардын аткарылышын камсыздашат жана Мамавтоинспекциянын аларга баш
ийген адистештирилген жана башка подразделениелеринин иштерин жетекте-
шет.
21. Мамавтоинспекциянын жогору турган подразделениелеринин жол
кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча көрсөтмөлөрү жана
буйруктары Мамавтоинспекциянын төмөндө турган подразделениелери үчүн
аткарууга милдеттүү болот.
22. Мамавтоинспекциянын ишине көзөмөл жана контроль Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Мамавтоинспекциянын кызматкеринин аракети же аракетсиздиги анын
укуктары жана эркиндиктери кысымга учурашына алып келди деп эсептеген
жаран андай аракеттердин үстүнөн Мамавтоинспекциянын жогору турган кыз-
мат адамына, прокурорго жана (же) сотко даттана алат.
23. Мамавтоинспекция зарыл учурда өз компетенциясынын чегинде ас-
кердик автомобилдик инспекцияга методикалык жана практикалык жардам
керсөтет.
24. Мамавтоинспекцияны каржылоо жана материалдык-техникалык кам-
сыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
IV. Мамавтоинспекцияны өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
25. Мамавтоинспекцияны өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
менен ишке ашырылат.