Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 6-июлундагы №436
2009-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагы 2009-жылдын 1-январына карата 19995,1 миң гектарды түзөт.
Отчеттук мөөнөттө жер фондун пайдаланууда категориялар, жердин түрлөрү жана менчиктин формалары боюнча пайдаланууда сандык өзгөрүүлөр болду.
2009-жылдын 1-январына карата республиканын жер фондундагы жерлерден 1247,7 миң га - жеке менчикте, 57,8 миң га - муниципалдык менчикте, 18689,4 миң га - мамлекеттик менчикте турат.
2008-жылы республиканын жарандарынын турак жай проблемаларын чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жеке турак жай курууга 3615,4 га жер берилген, анын ичинде 3022,7 га сугат айдоо, 126,0 га кайрак айдоо, 106,5 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жер жана 360,2 га жайыт.
2008-жылы «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан төмөнкүдөй категорияларга которулду:
- «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» 1239,37 га;
- «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» 113,45 га.
Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин эсепке алууну алардын иш жүзүндөгү пайдаланышына шайкеш келтирүү максатында «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылдык кеңешинин кайрак айдоосун жайытка которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 28 токтому менен 3,2 га кайрак жер жайытка которулган.
Азыркы учурда айыл чарба багытындагы жерлерди, өзгөчө айыл чарба жерлерин пайдалануу маселеси курч турууда. Сугат системаларын жана коллектор-дренаждык тармактарды оңдоого капиталдык салымдардын жетишсиздигинен мелиорациялык жагдайдагы ыңгайсыз жер аянттары кыскартылбай келет. 2008-жылы Кыргыз Республикасында ар түрдүү себептер (шор басуу, сазга айлануу, суунун жетишсиздиги, үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга каражаттардын жоктугу, алыс жайгашкандыгы, экономикалык жактан максатка ылайык эместиги) боюнча 108,2 миң га айдоо аянты же республикадагы бардык айдоо жерлеринин 8,4 пайызы пайдаланылбай калган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 106-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында 2009-жылдын 1-январына карата жерлерди категориялар жана жер пайдалануучулар боюнча мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары;
- 2009-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фондун жердин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жерлердин бардык түрлөрүнүн максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына контролду күчөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана токой фондунун жерлеринин аянттарын тактоо жана макулдашуу боюнча иштердин комплексин жүргүзүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы № 436 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында 2009-жылдын 1-январына карата жерлерди категориялар жана жер пайдалануучулар боюнча мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары
№ | Саптардын № | Жер пайдалануучулардын жана жер фондунун категорияларынын аталышы | Жалпы аянт (миң га) | Анын ичинде сугат айдоо (миң га) |
1 | 1 | Айыл чарба багытындагы жерлер, бардыгы: | 5709,9 | 855,1 |
2 | 1.1 | Жеке менчикте турган а/ч багытындагы жерлер: | 1059,8 | 670,2 |
3 | 1.1.1 | Дыйкан (ферм.) чарбалардын жерлери | 978,9 | 622,9 |
4 | 1.1.2 | Коллективдүү дыйкан чарбалардын жерлери | 27,6 | 14,6 |
5 | 1.1.3 | Акционердик коомдордун а/ч жерлери | 5,7 | 2,6 |
6 | 1.1.4 | Кооперативдердин а/ч жерлери | 47,6 | 30,1 |
7 | 1.2 | Мамлекеттик менчикте турган а/ч багытындагы жерлер | 4650,1 | 184,9 |
8 | 1.2 | Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду, бардыгы | 284,3 | 138,4 |
9 | 1.2.1 | Асыл тукум чарбалардын жерлери | 14,3 | 2,5 |
10 | 1.2.1.1 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан | 3,1 | 1,9 |
11 | 1.2.2 | Үрөнчүлүк чарбалардын жерлери | 41,0 | 12,5 |
12 | 1.2.2.1 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан | 16,0 | 12,2 |
13 | 1.2.3 | Окуу-тажрыйба, а/ч илимий-изилдөө мекемелеринин жерлери | 2,2 | 1,3 |
14 | 1.2.3.1 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан | 0,5 | 0,5 |
15 | 1.2.4 | Башка жер пайдалануучулардын жерлери | 115,7 | 7,3 |
16 | 1.2.4.1 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан | 1,9 | 1,6 |
17 | 1.2.5 | Айыл өкмөттөрүнүн карамагындагы жерлер | 4308,6 | 66,5 |
18 | 1.2.5.1 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан | 17,4 | 3,9 |
19 | 1.2.5.2 | Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун бөлүштүрүлбөгөн жерлери | 77,1 | 23,5 |
20 | 1.2.6 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан, ижарада | 168,3 | 94,8 |
21 | 2 | Калктуу конуштардын жерлери, бардыгы: | 259,0 | 132,1 |
22 | 2.1 | анын ичинде жеке менчикте: | 179,9 | 123,0 |
23 | 2.1.1 | Айылдык калктуу конуштардын жерлери | 158,2 | 111,1 |
24 | 2.1.2 | Шаарлардын жана шаарчалардын жерлери | 21,7 | 11,9 |
25 | 2.2 | мамлекеттик менчикте: | 29,3 | 2,5 |
26 | 2.2.1 | Айылдык калктуу конуштардын жерлери | 14,6 | 1,1 |
27 | 2.2.2 | Шаарлардын жана шаарчалардын жерлери | 14,7 | 1,4 |
28 | 2.3 | муниципалдык менчикте | 49,8 | 6,6 |
29 | 2.3.1 | Айылдык калктуу конуштардын жерлери | 27,1 | 0,8 |
30 | 2.3.2 | Шаарлардын жана шаарчалардын жерлери | 22,7 | 5,8 |
31 | 3 | Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер, бардыгы | 223,0 | 2,5 |
32 | 3.1 | анын ичинде жеке менчикте | 6,3 | 1,3 |
33 | 3.2 | мамлекеттик менчикте | 208,7 | 1,1 |
34 | 3.3 | муниципалдык менчикте | 8,0 | 0,1 |
35 | 4 | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери | 532,6 | 1,8 |
36 | 4.1 | анын ичинде жеке менчикте | 1,7 | 0,1 |
37 | 4.2 | мамлекеттик менчикте | 530,9 | 1,7 |
38 | 4.3 | муниципалдык менчикте | - | - |
39 | 5 | Токой фондунун жерлери (мам.) | 2672,0 | 13,4 |
40 | 5.1 | анын ичинде ижарада | 93,5 | 0,3 |
41 | 6 | Суу фондунун жерлери, бардыгы: | 767,4 | 0,5 |
42 | 6.1 | анын ичинде жеке менчикте | - | - |
43 | 6.2 | мамлекеттик менчикте | 767,4 | 0,5 |
44 | 7 | Запастагы жерлер (мам.) | 9831,0 | 14,3 |
45 | 8 | Бардык жерлер (1+2+3+4+5+6+7) | 19994,9 | 1019,7 |
46 | 8.1 | анын ичинде жеке менчикте | 1247,7 | 794,6 |
47 | 8.2 | мамлекеттик менчикте | 18689,4 | 218,4 |
48 | 8.3 | муниципалдык менчикте | 57,8 | 6,7 |
49 | 9 | Республиканын администрациялык чек арасынын чегинен сыртта пайдаланылуучу жерлер | 0 | 0 |
50 | 10 | Башка мамлекеттердин жер пайдалануучулары колдонгон жерлер | 0,2 | 0,1 |
51 | 11 | Республиканын администрациялык чек арасындагы бардык жерлер (8-9+10) | 19995,1 | 1019,8 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы № 435 токтому менен бекитилген |
2009-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фондун айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү
№ | Айыл чарбалык жана башка жерлердин түрлөрү | Жалпы аянт (миң га) | Анын ичинде сугат айдоо (миң га) |
1 | Айдоо | 1209,0 | 795,8 |
2 | Көп жылдык өсүмдүктөр, бардыгы, анын ичинде: | 35,9 | 35,5 |
2а | бактар | 27,3 | 27,1 |
26 | мөмө бактар | 0 | 0 |
2в | жүзүмзарлар | 5,2 | 5,0 |
2г | мөмө-жемиш питомниктери | 0,2 | 0,2 |
2д | тыт плантациялары | 3,0 | 3,0 |
2е | башка өсүмдүктөр | 0,2 | 0,2 |
3 | Кысыр аңыз | 35,9 | 4,3 |
4 | Чабындылар | 172,4 | 6,5 |
5 | Жайыттар, бардыгы | 9173,1 | 29,1 |
5а | анын ичинде: маданий өсүмдүктөр, түп-тамырынан жакшыртылчу аянттарды кошкондо | 5,2 | 2,6 |
6 | Бардык айыл чарба жерлери | 10626,3 | 871,2 |
7 | Короо жанындагы жерлер, бардыгы, анын ичинде: | 177,0 | 123,3 |
7а | айдоолор | 67,1 | 65,1 |
7б | бактар жана башка көп жылдык өсүмдүктөр | 34,0 | 33,8 |
7в | башка а/ч жерлери | 29,3 | 24,4 |
8 | Коллективдүү: бактар | 3,5 | 1,4 |
9 | огороддор | 3,0 | 2,4 |
10 | Бардык айыл чарба жерлери, анын ичинде: | 10763,2 | 998,3 |
10а | айдоолор | 1279,1 | 863,3 |
106 | көп жылдык өсүмдүктөр | 73,4 | 70,7 |
11 | Мелиорациялык даярдоо стадиясындагы жерлер | 14,3 | 0,8 |
12 | Токой аянттары | 1059,4 | 12,3 |
13 | Бак-бадал өсүмдүктөрү | 463,7 | 8,3 |
14 | Саз | 6,1 | - |
15 | Башка жерлер (жолдор, коомдук курулуштар астындагы, короо астындагы) | 7641,6 | - |