ТоктомКүчүн жоготту

«Республикалык бюджеттен каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди Кыргыз КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы №437»Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 237 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 6-июлу №437

"Республикалык бюджеттен каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 237 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Финансы каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, архив ишин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана архивдик мекемелердин материалдык-техникалык базаларын чындоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Республикалык бюджеттен каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 237 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 1-пункт "Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу" деген сөздөрдөн кийин ", Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик архивдерин кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом 2009-жылдын 24-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов