Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы УӨ №68 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 10-июлу №447

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "80 миң тонна" деген цифралар жана сөздөр "89 миң 540 тонна" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар жана кант өндүрүүдө ак кантты колдонгон ишканалар үчүн бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасына ак кантты ташып кирүүгө квота тиркемеге ылайык көлөмдө бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:

- бул токтомдо каралган иш-чаралардын Кыргыз Республикасындагы кант рыногу коньюнктурасына таасиринин мониторингин жүргүзсүн жана зарыл болгон учурда ички кант рыногундагы жагдайды оңдоп-түзөөгө багытталган чараларды көрүү жөнүндө сунуш киргизсин;

- бул токтомдо каралган тышкы соода ишинин чаралары жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин секретариатына маалымдасын.";

- көрсөтүлгөн токтомдун тиркемеси бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

И.Чудинов

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы № 447 токтомуна тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 токтомуна тиркеме

 

Кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар жана кант өндүрүүдө ак кантты колдонгон ишканалар үчүн Кыргыз Республикасына ак кантты ташып кирүүгө КВОТА

 

№

ТЭИ ТН 1701 99 100 коду менен        квалификацияланган, ак кантты ташып кирүү укугуна ээ болгон ишканалардын аталышы

Көлөмү (тонна менен)

 

 

1. 

"Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому

40000

 

 

2. 

"Кошой" ачык акционердик коому

40000      

 

 

3. 

"Кока-Кола Бишкек Ботлерс" жабык         акционердик коому

6000

 

 

4. 

"АТА ЛТД" ЖЧК кондитердик фабрикасы

3000

 

 

5. 

"Таттуу" акционердик коому

420

 

 

6. 

"Келечек" акционердик коому

120

 

 

 

Жыйынтыгы:

89540

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

 

Н.Айтмурзаев