Загрузка документа…
КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы УӨ №68 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-июлу №447
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы "80 миң тонна" деген цифралар жана сөздөр "89 миң 540 тонна" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар жана кант өндүрүүдө ак кантты колдонгон ишканалар үчүн бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасына ак кантты ташып кирүүгө квота тиркемеге ылайык көлөмдө бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:
- бул токтомдо каралган иш-чаралардын Кыргыз Республикасындагы кант рыногу коньюнктурасына таасиринин мониторингин жүргүзсүн жана зарыл болгон учурда ички кант рыногундагы жагдайды оңдоп-түзөөгө багытталган чараларды көрүү жөнүндө сунуш киргизсин;
- бул токтомдо каралган тышкы соода ишинин чаралары жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин секретариатына маалымдасын.";
- көрсөтүлгөн токтомдун тиркемеси бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы № 447 токтомуна тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 токтомуна тиркеме |
Кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар жана кант өндүрүүдө ак кантты колдонгон ишканалар үчүн Кыргыз Республикасына ак кантты ташып кирүүгө КВОТА
№ | ТЭИ ТН 1701 99 100 коду менен квалификацияланган, ак кантты ташып кирүү укугуна ээ болгон ишканалардын аталышы | Көлөмү (тонна менен) |
|
|
1. | "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому | 40000 |
|
|
2. | "Кошой" ачык акционердик коому | 40000 |
|
|
3. | "Кока-Кола Бишкек Ботлерс" жабык акционердик коому | 6000 |
|
|
4. | "АТА ЛТД" ЖЧК кондитердик фабрикасы | 3000 |
|
|
5. | "Таттуу" акционердик коому | 420 |
|
|
6. | "Келечек" акционердик коому | 120 |
|
|
| Жыйынтыгы: | 89540 |
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |