Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-июлу №448
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы №351 "2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы №351 "2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесине жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Саламаттык сактоо" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
Саламаттык сактоо | 530001 | Дарылоо иштери | 155 |
| 530002 | Педиатрия | 40 |
| 530003 | Медициналык алдын алуу иштери | 20 |
| 530006 | Сестралык иштер | 10 |
Бардыгы: |
|
| 225 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кадрларды даярдоочу Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна карата мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2009-2010-окуу жылына кабыл алуу планын бекитишсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |