ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы №448 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы №351 «2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция10.07.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 10-июлу №448

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы №351 "2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы №351 "2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесине жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Саламаттык сактоо" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

Саламаттык сактоо

530001

Дарылоо иштери

155

 

530002

Педиатрия

40

 

530003

Медициналык алдын алуу иштери

20

 

530006

Сестралык иштер

10

Бардыгы:

 

 

225

".

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кадрларды даярдоочу Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна карата мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2009-2010-окуу жылына кабыл алуу планын бекитишсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов