Загрузка документа…
КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы УӨ №68 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-июлу №455
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы "89 миң 540 тонна" деген цифралар жана сөздөр "84 миң 500 тонна" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- көрсөтүлгөн токтомдун тиркемеси бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №455 токтомуна тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 токтомуна тиркеме |
Кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар жана кант өндүрүүдө ак кантты колдонгон ишканалар үчүн Кыргыз Республикасына ак кантты ташып кирүүгө КВОТА
№ | ТЭИ ТН 1701 99 100 коду менен квалификацияланган, ак кантты ташып кирүү укугуна ээ болгон ишканалардын аталышы | Көлөмү (тонна менен) |
|
1 | "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому | 40000 |
|
2 | "Кошой" ачык акционердик коому | 40000 |
|
3 | "Кока-Кола Бишкек Ботлерс" жабык акционердик коому | 4500(*) |
|
| Жыйынтыгы: | 84500 |
|
(*) Эскертүү: ташып келинген ак кант Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча Мамлекеттер аралык кеңеш тарабынан кабыл алынган (1994-жылдын 21-октябрындагы №4 протокол) "Кантрафинад" техникалык шарттар" мамлекеттер аралык стандарттын" 22-94 ГОСТунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш."
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |