Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 17-июлу № 460
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамасалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна корутунду жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-июлундагы №460 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамасалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-майындагы №256 "Финансылык тартипти бекемдөө боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган чыгашаларды көбөйтүүгө же кирешелерди кыскартууга алып келген мыйзамдарды жана токтомдорду кабыл алып жатканда ошого удаа эле аларды тындыруунун булагын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен аныктоо сунуш кылынган.
Берилген мыйзам долбоору проблеманы жана сунуш кылынган нормалардын натыйжалуулугун финансылык-экономикалык жактан талдоо, пландалып жаткан кирешелер аркылуу материалдык-техникалык базаны жакшыртууга жана күтүүгө болгон муктаждыкты, бюджеттик каржылоо түзүмүнүн ушул мекемелерге тийгизген таасирин аныктоо менен коштолгон эмес.
Ошондой эле финансылык ресурстардын абдан чектелген шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги милдеттери болуп бюджеттик жана атайын каражаттарды үнөмдөө, учурдагы социалдык чыгымдарды жана артыкчылыктуу социалдык-экономикалык долбоорлорду каржылоо боюнча биринчи кезектеги милдеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттин чыгымдарын оптималдаштыруу эсептелет.
Демек, өзүнчө субъекттерге артыкчылыктарды берүү кирешелердин төмөндөшүнө алып келет, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн республикалык бюджеттен каржылануучу чыгаша милдеттенмелерин аткарууга таасирин тийгизет.
Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, каражаттарды которуунун жана иш-чараларды каржылоонун бирдей түргө келтирилген жол-жоболору бар бирдиктүү бюджеттик системага бириктирилген мамлекеттик кирешелердин агымын чагылдыруунун ачык-айкындыгын жана толук болушун камсыздоо максатында республикалык бюджеттен каржылоонун булагын тикелей аныктап, бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу тейлөө - мамлекеттик менчиктеги объекттерди күтүү жана аларды оңдоо менен байланышкан маселенин сарамжалдуу чечилиши болот деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка туура келбейт деп эсептейт.