Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-июлундагы № 465
«Кара-Балта кен комбинаты» ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5, 8, 25 жана 32-беренелерине, «Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 7-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 384 жана 610-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы №45 «Кыргыз Республикасында радиоактивдүү жана уулуу калдыктар бар калдык сактагычтардын жана кен калдыктарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» жана 2008-жылдын 16-октябрындагы № 579 «Карабалта кен комбинаты» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын аймагында жайгашкан аянты 531,5 га жер участогун жана аянты 220,9 га санитардык-коргоо зонасын «Кара-Балта кен комбинаты» ачык акционердик коомуна (мындан ары - «КБКК» ААК) «КБКК» ААКнын иштөө процессинде пайда болгон радиоактивдүү, уулуу жана башка калдыктарды сактоо жана көмүү үчүн 49 жылдык мөөнөткө (жаңы мөөнөткө мөөнөтүн узартуу укугу менен) акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө Жер бөлүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участоктору, ошондой эле ушул жер участокторунда жайгашкан объекттер жана мүлк тиркемеге ылайык «КБКК» ААКына акысыз негизде 49 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилсин.
3. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторунда жайгашкан калдык сактоочу жайлардагы (көмүлгөн) калдыктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экинчи жолу кайра иштетүүнү жүргүзүүгө «КБКК» ААКына уруксат берилсин.
4. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторунда жайгашкан калдык сактоочу жайларды пайдалануу, тейлөө, экологиялык коопсуздук, контролдоо жана реабилитациялоо үчүн жоопкерчилик «КБКК» ААКына жүктөлсүн.
5. «КБКК» ААКынын аймагына чектеш жайгашкан башка чарбакер субъекттер менен ушул ишканалардын иштөө процессинде пайда болгон радиоактивдүү, уулуу жана башка калдыктарды пайдалануу, сактоо жана көмүү үчүн тиешелүү келишимдерди белгиленген тартипте түзүү «КБКК» ААКына сунуш кылынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 2-пунктунда аталган жер участокторун, объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга тиешелүү келишимдерди «КБКК» ААКы менен түзүшсүн;
- жерди эсепке алуу жана шаар куруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |